Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Сокулукта таксисттин кекиртегин кесип, таш менен уруп өлтүрүшкөн

Чүй облусунун Сокулук районунда таксисттин кекиртегин кесип, таш менен уруп өлтүрүшкөн. Шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 12-мартта Сокулук районундагы Белек айылынын тургундары адамдын сөөгүн табышкан. Маркумдун кекиртеги кесилип, белгисиз буюмдар менен денеге бир нече жолу чабылган жана аны таш менен өлүп калганча урушкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Чүй облусунун ИИБнын маалыматына караганда, каза болгон жаран Бишкектеги такси кызматтарынын биринде жеке унаа менен иштеп жүргөн. Ал Ысык-Көл облусунун 24 жаштагы тургуну А.Ж. экени белгилүү болгон.

Бир күн мурун өлтүрүлгөн адамдын унаасы Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде табылган. Унаанын ичинде адамдын канынын тактары болгон.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Алар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *