Сокур кемпирди көрөгөч кылган Асанкожо Айтикеев

Кыргыз кино искусствосунда даректүү жана кыска метраждуу көркөм тасмаларды профессионалдык чебердикте жараткан таланттуу кино режиссер Асанкожо Айтикеевдин чыгармачылыгы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Анын каармандары ар түркүн кесиптин ээлери. Мугалим, жазуучу, окумуштуу, искусствонун бийик жылдыздары же болбосо кадыресе эле жөнөкөй, өз мээнети менен дөөлөт тапкан асыл адамдар. Эң негизги белгилеп кете турган нерсе Асанкожо Айтикеев кимдин бейнесин тарткысы келсе дагы адамзаттын турмушундагы ар кандай жагдайлар, мүнөздөр менен анын тагдырын, ишмердигин, жан дүйнөсүн өрүлүштүрүп ачып, ошол аркылуу терең философиялык ой жүгүртүүлөрдү көрөрмандын сезимине сүртүп өтүп, ойго салат. Мисалга “Бийик жээк”, “Сеп”, “Ак илбирстин тукумун кырбагыла”, “Сокур кемпир көрөгөч”, “Той” ж.б. тасмаларын айтууга болот.

А. Айтикеев 40 жылга жакын чыгармачылык жолунда 90дон ашык ар кандай жанрдагы даректүү тасмаларды, 2 кыска метраждуу көркөм тасманы жаратты. Анын ичинен 60тан ашык кинотасманын сценарийин өзү жазган. Мунун менен анын кинодраматургия жанрында да чебердикте узанып, автордук киного салым кошкон таланттуу режиссер экенин таанууга болот. Ал чыгармаларында айта турган оюн, кино өнөрүнүн турмуштагыдай кабыл алынчу жөнөкөй, жатык тили менен анын көркөм каражаттары аркылуу чечип, каарманынын ички дүйнөсүн, адамдык бийик касиеттерин чебердикте ачып берүү менен профессионалдык сапатын далилдеп келе жатат.

Учурда анын чыгармачылык портфелинде “Жалгыз медаль”, “Жаңы келин”, “Өксүк өмүр”, “Тоодо таңшыган соната” аттуу көркөм тасмалардын сценарийи, “Аза” аттуу повести, “Аалынын тунгуч махабаты”, “Олуянын көз жашы” пьесалары бар. Ал муну менен көп кырдуу өнөр ээси экендигин көрө алабыз.

Аны кино өнөрүнө жетелеп келген жол 1971-жылы “Кыргызтелефильм” студиясынан башталат. Ошондо ал Советтик армияда кызмат өтөп келген. Эмнегедир анын көңүлү кино өнөрүнө тартты. Адегенде оператордун жардамчысынан кадамы башталган. Андан соң режиссердун ассистенти, киногруппанын администратору сыяктуу бул өнөрдүн тепкичтерин басып өттү. Ошол жылдары ал кыргыз киносунун чеберлери Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев, Аман Альпиев, Эльдор Орозбаев, Геннадий Базаров, Мар Байжиев менен бирге иштешип, алардан сабак алып кино тартуунун технологиясын өздөштүрүп, даректүү тасмаларды тартууга катышты. Айрыкча ага көбүрөөк таасир берген Кубат Жусубалиев болгон. Устат катары ал көптү үйрөткөнүн азыркыга чейин унута албаганын өзү эскерип калат. Өзгөчө ал “Атадан калган туяк” кинотасмасына катышышы анын кинорежиссердук кесипке кызыгуусун арттырды, таасирлентти. Кино тартуу процессине катышып жүрүп ал мындай өнөрдүн сыйкырына мурдагыдан бетер азгырылды. Ошентип ал Ленинграддагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна өжөрлүк менен максатынан кайтпай үчүнчү жолу тапшырып гана өтүп, окуп калды. 1981-жылы окуусун аяктап, сүйгөн кесибин аркалап, кинорежиссердукка өз алдынча кадам таштады. Дипломдук иши болгон “Бешик” тасмасын айтпаганда, эң алгачкы кинотасмасы “Корбейники” деп аталат. Совет доорундагы автолавка айдаган адамдын күндөлүк түйшүгүн чагылдырган ал кинобаян ошондо эле көрүүчүлөрдө жылуу сөзгө алынган. Андан бери бир топ ийгиликтердин ээси катары кино тасмалары республикалык жана эл аралык сыйлыктарга ээ болуп келет. Атап айтканда “Талаа курулуп жатат” тасмасы Казакстан кинематографисттеринин алгачкы “Бастау” кинофестивалынын дипломуна татыган. “Жердин ээси ким?” тасмасы Бүткүл Союздук 2-телефестивалдын “Эң жакшы фильм” сыйлыгын жеңип алган. Ал эми “Бийик жээк” “Ачык Россия” кинофестивалынын, “Дүйнө элдеринин жылы” эл аралык кино фестивалынын 1-даражадагы дипломуна татыктуу болуп, Париждеги эл аралык кинофестивалга катышууга укук алган. “Колунан түшпөй калеми” тасмасы 1-улуттук телефестивалдын “Күмүш үзөңгү” сыйлыгын, “Ак илбирстин тукумун кырбагыла” Биринчи Орто Азиялык экологиялык фестивалдын 2-даражадагы дипломун, “Экологиялык Кыргызстан” фестивалынын 1-даражадагы дипломун алган. Ошондой эле “Сеп” тасмасы 4-Евразиялык теле-форум сыйлыгын, “Сокур кемпир көрөгөч” Эл аралык Азия мамлекеттеринин телефестивалынын “Хрусталь глобус” аттуу баш байгесин, “Мен шайлайм” телеролиги ПРООНдун 1-орундуу дипломун, “Той” көркөм тасмасы 4-эл аралык КМШ өлкөлөрүнүн кинофестивалынын дипломун алган жана эл аралык Шанхай кызматташтыгы өлкөлөрүнүн кинофестивалынын “Эң күлкүлүү тасмасы” үчүн дипломуна татыктуу болгон. Балдар үчүн “Чек ара” деп аталган жаңы фильм тарткан.“Чек ара” тасмасына жаш балдар тартылып, фильм чоңдорду биримдикке жана достукка үндөйт. Ысык-Көл боюнча тартылган фильм түндүк-түштүк деп бөлүнбөй, достукту, биримдикти, бири-бирине болгон сый-урматты сактап калууга чакырат.

Искусствонун башка тармагына караганда кино өнөрү жамааттык кызматташтык менен ишке ашуучу жумуш. Анын үстүнө режиссер өзү экранга чыкпаганы менен кино тасманын башынан аягына чейин бардык түйшүгүн көрүнбөстөн көмүскөдө жападан жалгыз далысына көтөргөн негизги күч. Салыштырмалуу айтканда чоң оркестрди башкарган дирижердон дагы анын мээнети ашып түшөт. Ар бир актёр, менен, жадагалса ар бир техникалык кызматкерден өйдө мамилесин таап, бир кеменин ичиндеги жашоону калыбында алдыга багыттап жүрүп олтурушу кылдат чебердикти талап кылат. Мына ушундай өнөр көрөңгөсүнөн ал кур эместиги үчүн ал көптөгөн ийгиликтердин ээси боло алды. Таланттуу режиссер катары анын чыгармачылыгы бааланып Кыргыз Республикасынын Ардак Баракчасы жана “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наам ыйгарылган.

Ал үй-бүлөдө да бактылуу тагдырдын ээси. Асанкохо Айтикеев “Кыргызстандын Улуттук кино академиясынын академиги” жана “Кыргыз кинематографиясынын отличниги” наамдарынын да ээси. Улуу устат катары шакирттерин тарбиялоодо. Кыргыз кино өнөрүндө баскан жолу байсалдуу инсан. Чыгармачылыкта отставка жок эмеспи, иши илгерилеп, ийгиликтери арта берсин.

Бактыгүл Чотурова

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *