Соль-Илецктеги 519 кыргызстандык 9 автобуста мекенге кайтып келе жатышат, бирок унааларын таштап кетүүдөн баш тарткан 70 жаран калып калышты

Бүгүн, 5-майда Россиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарында (орус-казак чек арасы) дагы 70 кыргызстандык калды. Алар унааларын таштоодон баш тартып, Казакстан менен чек аранын ачылышын күтө тургандыктарын билдиришти. Бул тууралуу бүгүн Россиядагы Кыргызстандын элчилигиндеги коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү штабы кабарлады.

Алардын айтымы боюнча, Оренбург облусунан медициналык кызматкерлердин коштоосунда 9 автобус менен 519 кыргызстандык чыгарылган, автобустардын жетөөсүнө кыргыз өкмөтү төлөп берген, калган экөө коммерциялык негизде берилген. Ал эми Соль-Илецкиде калган айдоочулардын унаалары үчүн Оренбург облусунун бийлиги аскердик бөлүктөн атайын унаа токточуу жай бөлүп берген.

“Тилекке каршы, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу жана кыргыз диаспорасынын активисттеринин түшүндүрмөлөрүнө карабастан, унаалары бар 70 жаран Казакстанда чек арасынын ачылышын күтүп калды” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Оренбург облусунун Бузулук шаарынын кире беришинде калып калган 300 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу маселеси дагы чечилүүдө. Алардын ичинен 155 адам, биринчи кезекте, кош бойлуу аялдар, жашы жете элек балдар, карылар мекенине ошол автобустар менен жөнөтүлгөн. Ошентип, Соль-Илецк жана Бузулуктагы кырдаал жөнгө салынды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *