Сом солкулдаган жок рубль менен теңгечи?

Акча саясаты ар бир коңшу мамлекеттер менен болгон соода алакага көз каранды. Ушу тапта рубль менен теңгенин куну түшүүдө. Бул көрүнүш кыргыз сомуна да таасирин берээри туурулуу иш. Казак теңгеси үч күн мурун көңүл чөгөргөн чекке жеткен. Фондулук биржада бир доллар 385,1 теңгеге бааланган курс катталып, бир аздан кийин абал жакшырган.

Негизи эле июлдун акыркы күндөрү казак валютасы долларга карата алты теңгеге көтөрүлгөнү казак биржасынын сайтында айтылат. Эксперттер буга дүйнөлүк нефть менен девальвацияга болгон дүйнөлүк баа себеп экенин божомолдошууда.

Ал эми Россиянын валютасы 32 тыйынга кымбаттап, бир доллар 63,38 рублга бааланууда. Бул олку-солкулар сомго кандай таасир этерин айрым учурда ачык айтышпай, өзүбүздүн ички маселелер менен гана байланыштыра беришет. Айта кетчү жагдай, Улуттук банк курс эркин экенин, ал суроо менен сунуштун негизинде түзүлөрүн айтып, божомол берүүдөн баш тартып келет.

Ушул тапта Улуттук банктын расмий маалыматы боюнча, доллар 26 тыйынга кымбаттап, 69,75 сомдон сатылууда. Демек, Казакстан менен Россиядага акчага болгон саясат биздин өлкөнүн сомуна карата деле таасирин тийгизип жатканын байкоого болот. Айрым серепчилер мындай керүнүштөр баалардын жогорулашына алып келиши ыктымалдыгын айтышат.

Кыргызстанда сом көбөйгөндөн көбөйүп барат. Буга Улуттук банк жарыялаган үч маанилүү көрсөткүч далил. Үч ай катары менен улуттук валюта улам рекорд коюуда.

Капчыкта акча көбейгөнү, албетте, бизге жакшы, бирок өлкө өлчөмүндө бул принцип иштейби? Бул соболдорго серепчилер жана Улуттук банк өкүлдөрү жооп берди.

Улуттук банктын көрсөткүчү деген эмне? Накталай акча алардын кайсынысына кирет?

-Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдарды кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты

-акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви;

-кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, аны менен бирге каржылык уюмдардын Улуттук банкта сакталган бардык резервдери (чет элдик валюта, сом) жана аманаттары.

Инфляция күтүлбөйт

Экономист Нургүл Акимованын пикиринде, акча базасынын көбөйүшү ИДПнын (6,1 пайыз) өсүшүнө төп келет.

“Эгер база менен ИДП бирдей ыргакта өсүп жатса, инфляция башталат деп чочулоонун кажети жок. Негизинен тейлөө рыногунун — кафе, мейманкана, товар ташуу жана ушул өндүү багыттардын азыркы таптагы таасири бул эки көрсөткүчтүн өсүш булагы болуп  саналат”, — деп белгиледи ал.

Баалар көтөрүлүшү мүмкүн

Ал эми чет элдик инвесторлор биримдигинин директору Искендер Шаршеев башкача пикирде. Ал акча базасынын мындай өсүшү инфляция коркунучун жаратат деп эсептейт.

“Балким акча басуу станогу ишке киргендир. Андай кадамга акча массасынын жетишсиздиги жана сомдун таңкыстыгы жаралса гана барышат. Же бюджет таңкыстыгы маселесин өкмөт банктар жана Улуттук банктын алдындагы насыялык милдеттенмелер аркылуу чечет. Бул доллар менен болгон учурдай эле карыздык тил кат алынып, алардын негизинде акча басылат”, — деп түшүндүрүп берди Шаршеев.

Анын айтымында, экинчи жагдай жаралган учурда инфляцияга кабылабыз.

“Инфляция орточо 7 пайызды түзөт, бирок акыркы жылдары ал 4-5 пайызга төмөндөгөн. Башкача айтканда, ал кадимки деңгээлине — 7 пайызга кайтышы ыктымал. Айрым баалар азыртаң эле жогорулоодо, анын ичинде транспорттук тейлөө акысы өсүп жатканын белгилейин”, — деди аталган ассоциация башчысы.

Акча айлантуу цикли бир нече айды түзөрүн, ушул мөөнөттүн өтүшүнөн кийин гана өлкөдө кайсы учур байкалып жатканын так айтууга болот. Бирок мында көп нерсе Улуттук банктын айлантуудагы ашыкча акчаны алып коер-койбосунан көз каранды.

Бакы Жамансартов

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *