Соңку 25 жылда биринчи жолу Ташкент-Дүйшөмбү аба каттамы ишке ашты

«Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 10-февралда Эл аралык Дүйшөмбү аэропортунан Ташкентке учуп барды. Эки өлкө ортосундагы аба байланыш чейрек кылым мурун токтогон.

Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча жүргүнчүлөрдү каттоо жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.30да башталып, алгач андан Тажикстанда жашаган 57 жаштагы өзбек улуттуу Жамиля Назарова өттү. Ал акыркы 25 жылда биринчи жолу Ташкентке учак менен бара жатканын жана 45 мүнөттөн кийин эле алардын кучагында болорун билдирди.

“Сомон Эйр” авиакомпаниясынын башкы директоруТомас Халламдын маалымдашынча, бүгүнкү учуу – сыноо, туруктуу каттамдар 20-февралдан тарта башталат. Бул арада жүргүнчүлөр авиабилеттердин кымбат экенине нааразы. Башкы директор бул маселе бүгүн өзбек кесиптештери менен талкууга алынарын баса белгиледи.

Мындан тышкары Тажикстан менен Өзбекстандын башка шаарларында дагы аба каттамдарын жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Авиакомпания билеттер сатылып баштаганын 1-февралда жарыялаган. Кыш мезгилинде жумасын бир жолу –дүйшөмбүдө, жайында жумасына эки сапар – дүйшөмбү жана бейшембиде каттоо пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *