Сооронбай Жээнбеков – эл издеген лидерби же Атамбаевдин ишин уланта турган көлөкөбү?

-КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин айласы жок колдодубу же “кезек түштүккө келди” деген критерийге таяндыбы?

Кабай Карабеков, экс-депутат:

“СООРОНБАЙ АЙТКАНДЫ УККАН, ОҢОЙ БАШКАРЫЛА ТУРГАН КИШИ”

– Бул эки себеп тең орундуу болушу мүмкүн. Бирок, эң негизгиси, Сооронбай айтканды уккан, оңой башкарыла турган киши. Атамбаевге ушундайлар керек болчу.

Жолдош Орозов, коомдук ишмер:

“АТАМБАЕВ КИМДИ ӨТКӨРӨМ ДЕСЕ ОШОЛ АДАМ ӨТӨТ”

– КСДП Сооронбай Жээнбековду аргасыз президенттик такка түрткөнү жок, бул Атамбаевдин эрки менен жасалып жаткан нерсе деп түшүнүшүбүз керек. Анткени, Атамбаевге Сооронбайга окшогон “ляппай, таксыр” деп каалаганын кылып турган адамдар керек. Менимче Конституция да бекеринен өзгөрүлгөн жок, анда премьер-министрдин укуктары өтө эле чоңойгон. Демек, Атамбаевдин эки тизгин бир чылбырды колуна алары байкаган адамга белгилүү болуп калды. Президенттик шайлоо деле таза өтөт деп так кесе айтуу кыйын. Менимче Атамбаев кимди өткөрөм десе ошол адам өтөт. Ал эми түндүк-түштүк деген түшүнүк эсепке алынбайт, себеби токмогу күчтүү болуп, кийиз казык жерге кирип жатпайбы?

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

“АЗЫРКЫ ПРЕЗИДЕНТ КЕМИНДЕ ДАГЫ 6 ЖЫЛ САЯСАТТА КАЛАТ”

– КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөнү бул эң ириде азыркы президент дагы кеминде 6 жыл саясатта калат дегенден кабар берет.

Замирбек Көчөрбаев, “Кырк чоро” коомдук уюмунун мүчөсү:

“АЛМАЗ АТАМБАЕВГЕ УШУНДАЙ ТАЛАПКЕР КЕРЕК БОЛГОН”

– КСДП С.Жээнбековду президенттин саналашы жана айтканынан чыкпаган жакын адамы болгон үчүн алып чыкты деген ойдомун. Алмаз Атамбаевге ушундай талапкер керек болгон. Анткени, кийин дагы КРны көмүскө башкарганга. Башка күчтүү саясатчыларды алып чыгуу Атамбаев үчүн коопту. Бул жерде түштүк маселеси жок.

Адил Турдукулов, журналист:

“ШАЙЛОО ЭРКИН БОЛСО ДЕГЕН ОЙГО КЫЗЫКДАРМЫН”

– Мен президенттик шайлоодо атаандаштык күчтүү болуп, шайлоо эркин болсо деген ойго кызыкдармын. Бабанов, Сариев жана Төрөбаевди кылмыш иш ачуу менен коркутуп алардын талапкерлигин алып койбосо болду.

Мавлян Аскарбеков, активист:

“МАСЕЛЕ ЭПТЕП ЭЛЕ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУУДА ЭМЕС, КЕЛЭЭРДЕН МУРДА КЕТЭЭРДИ ОЙЛОНУШ КЕРЕК”

– Башка татыктуу талапкердин жоктугунан эмес, башка факторлорду эске алуу менен алып чыгышты. КСДП талапкерди жөн жерден чыгарган жок, түштүк электоратын колго алуу, туугандары аркылуу акча жана дин чөйрөсүндөгүлөрдү тартуу аракетин көрүшмөкчү. Талапкердин буга чейин кылган ишин байкап, утуп чыкса бир нерсе өзгөрөбү деген суроо бар. Эгер өзгөрбөсө, эл, саясий күчтөр жаңы президент менен макул болбосо абал курчуп, дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Маселе эптеп эле президент болууда эмес. Келээрден мурда кетээрди ойлонуш керек. Акаевдин да, Бакиевдин да тагдыры сабак болбой жатат.

Ырысбек Өмурзаков, журналист:

“ЖЭЭНБЕКОВ БАШКА ПАРТИЯДАН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТТАНСА, КАЙРА ЭЛЕ ПАТРИОТ ЖАНА КЕСИПКӨЙ АДИС БОЛУП ЧЫГА КЕЛМЕК”

– Сооронбай Жээнбеков ар кайсы тармакта иштеп жүргөндө, аны “чоң адис, кесипкөй”,- деп даңазалаган гезиттер көп болгон эле. “Жылдын министри”, “Жылдын губернатору”, жылдын дагы бир немеси…, деп эле сүрөттөрү көп гезитке чыккан эле. Мисалы, Жээнбеков башка партиядан президенттикке аттанса, кайра эле патриот жана кесипкөй адис болуп чыга келмек. Муну менен Сооронбай Жээнбеков татыктуу же татыктуу эмес деп чекит коюдан алысмын. “Ким болсо да Атамбаевден жаман “албурт” президент болбойт”, – деген сөз да кенири тарап кеткен мезгилде. КСДП партиясынын аброю бийлик колунда болгону менен эле кармалып турарына, кимдер шек санай алат? Президенттикке талапкер кылып түштүктөн чыккан С.Жээнбековду “бу жолу кезек түштүккө келди” деген критерий менен алып чыгыштыбы (?) – деген суроо да орундуу. Бирок, Атамбаев кайсы жерлик. Мен түпкүлүгүн айтам. Ата-теги, айтиылуу Шамурад (Шама) Атамбайдын атасы, Кокондон 19 кылымдын экинчи жарымында келгенин ажобуз өзү жашырган жок. “Мен Баткендикмин” деп да жар салган күндөрү болгон эле. Ошонун баарын эске алсак, Атамбаев Кокондон эмес, Баткендик дегенди эске алсак, анда кезек түндүктөрдө болуп калып жатпайбы…. Анда, Жээнбековдой эле, азыркы Жогорку Кеңештин спикери да татыктуу деп айтса болот. Бирок, Атамбаевдин бийлиги менен Кыргызстанга башаламандык менен логикага жат нерселер келип орун алгандыгын эске алсак, анда, алдыда дагы убакыт бар, дагы эле өзгөрүүлөр болушу мүмкүн… Орусча айтканда “кандидатура Жээнбекова – это разведка боем”,-деп койсок да болот. Бул чалгындоонун: “Түштүктүн эли эмне дейт? Дагы кимди сунуштайт?”- деген суроолорго да жооп издөө болушу мүмкүн.

Зульфия Марат, коомдук ишмер:

“УШУЛ НЕРСЕНИН АЙЫНАН 25 ЖЫЛДАН БЕРИ МАМЛЕКЕТ ӨНҮГӨ АЛБАЙ ЖАТАТ”

– Бул кандидатуралардын кандай өңүттө коюлушуна карабай, саясатта түндүк-түштүк деген маселе баары бир жаралат. Ушул жерден коркунучтуу боёк канчага чейин таасир этет деген кооптуу суроо жаралат. Бирок, бул нерсе канчалык деңгээлде көзөмөлдө болоору белгисиз.

Бакиевди шайлагандай болуп, мамлекеттеги реалдуу перспективаларды талкуулоонун ордуна “президент түштүктөн болсо, премьер-министр түндүктөн болуш керек” деп жалган курсту талкуулоону таңуулап, акылга сыйбаган адат менен алек болуп жатышат. Чынында мындай нерсе менен алектенбей, сапаттуу лидерлерди тандасак мамлекет үчүн пайдалуу болмок. Өкүнүчтүүсү, ушул нерсенин айынан 25 жылдан бери мамлекет өнүгө албай жатат. Мына ушундай саясаттын кесепетинен бирдиктүү коррупционерлердин командасы бийликте кала берүүнү көздөп жатышат.

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр:

“ЭЛ ИЗДЕГЕН ЛИДЕР -ЖЭЭНБЕКОВ ЭМЕС”

– “Кезек түштүккө келди” деген фактор же критерий менен, премьерлик түшүнө кирбеген Жээнбековдун кандидатурасына токтоло турган болсок, бул былжырак кеп. Лидерлик сапаты жок, элдик киши болбогондон кийин аны эл да колдобойт. Түштүк элинин атын жаман атты кылам деген арзыматтар чыгышы мүмкүн. “Биздин бала, колдогула” деп. Эл деген эл, андай провокацияга жол бербейт деп ойлойм. Айрым саясый технологдор да ушул жолду колдонушу мүмкүн. Бирок, алардын бул арамза ойлору ишке ашпашы айдан ачык нерсе. Эл бүгүн лидер издеп турат, ал лидер Жээнбеков эмес, себеби, саясатта ал киши өзүн лидер катары көрсөтө алган жок да. Мамлекеттик кызматта иштеп, элди таң калтырган жаңы идеялар, жаны инвестициялык долбоорлор, өзгөчө саясый кадамдарга бара албаган инсандан лидер чыкпайт да. Бирок, бул бийлиги бар бүгүнкү партия административдик ресурска гана ишенип иш кылганы да чоң алешемдик болуп саналат. Мыйзам бузуу жолу менен болсо да мөөрөйгө жетебиз деген карасанатайлык ойлору болсо, абдан жаңылышат. Быйылкы шайлоо өзгөчө шайлоо болооруна ишенемин.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *