Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Сооронбай Жээнбеков: Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык
Расмий кабарлар Саясат

Сооронбай Жээнбеков: Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык

«Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялап жатып.

Сооронбай  Жээнбеков өз сөзүндө «Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок» деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетин жумшаганын билдирди.

«Мен үчүн — өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында Президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда. Бул туура чечимби же жокпу — тарых жана убакыт таразалайт», — деп өзгөчө белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япония Кыргызстанга акысыз түрдө коронавирусту табуу боюнча 2000 тест берди