Сооронбай Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу чоң мааниге ээ

Кыргызстан деңизге чыга албаган мамлекет катары Чыгыш менен Батыштын соодасын байланыштырган транспорттук маршруттардын өнүгүшүн каалайт. Ошондуктан Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маани берет. Бул тууралуу өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкө башчыларынын саммити учурунда билдирди.

Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 20 жылдан бери көтөрүлүп келет. Бирок долбоор ишке аша элек.

2017-жылы сүйлөшүүлөр кайра жанданган. Өзбекстандын Ташкент шаарында 25-27-декабрь күндөрү темир жол долбоору боюнча үч тараптуу жолугушуу болуп өткөн. Ал кезде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеген Данияр Сыдыков долбоордун мөөнөттөрүн аныктоо, каржылоо маселесин чечүү жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынганын кабарлаган. Тараптар 2018-жылдын апрелинде жолдун багытын аныктоого ниеттенишкен.

2002-жылы Пекин жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген жана анда 95 көпүрө, жалпы узундугу 50 чакырымга чамалаган 48 туннел салынышы керек болчу.

2012-жылы Кыргызстан темир жол боюнча өз долбоорун даярдаган. Ага ылайык жол Торугарттан Ат-Башыга түшүп, андан Ак-Талааны аралап өтүп, Тогуз-Тородон Сузакка жетип, анан Өзбекстанга өтмөк. Кыргыз тараптын варианты боюнча жол узарып, 380 чакырым болмок. Бирок тоолорду тешүү, көпүрө салуу кыйла азайгандыктан курулуш баасы арзан болот деп айтылган.

Эки жыл мурун расмий Бишкек дагы башка вариантты сунуш кылган жана анда “чыгым кыйла азаят” деп ишендирген.

Буга чейин жолдун курулушун каржылоо маселеси чоң талкуу жараткан жана долбоордун болжолдуу баасы эки миллиард долларга бааланган. Кытай тарап жол үчүн кен байлыктарын сураганы тууралуу да маалыматтар чыккан.

Кыргыз бийлиги болсо буга чейин жол куруунун эки ыкмасын сунуш кылып келген. Анын бири концессия, экинчиси биргелешкен ишкана куруу болчу. Кыргызстан Кытай тарап концессияга көнгөнүн, тактап айтканда, жолду кайсы бир чет өлкөлүк жеке компаниянын каражатына куруп, ал өзүн актагандан кийин кыргыз тарапка өткөрүп берүү ыкмасына макул болгону маалымдалган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *