Сооронбай Жээнбеков кызын узатып, кан-кудасын дароо кызматка көтөрдү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызын турмушка узатып, куда күттү. Дүңгүрөгөн шаң-салтанат 18-август күнү Ошто болуп, тойго кыз тараптан бүтүндөй жээнбековдор династиясы түгөлү менен чогулуп (алыстан ат арытып, Катардагы элчибиз Жусупбек Шарипов да келди), кыз узатуу расмисин бийик деңгээлде көркүнө чыгара кылышты. Башынан сыпаа, анан калса токпейил тарткан жээнбековдордун кызын алган тарап мурда укук коргоо органдарында иштеген экен, отставкадагы кан-кудасын Сооронбай Жээнбеков дароо өкмөт аппаратынын укук коргоо органдарын “тейлеткен” бөлүмгө койгондугу каңкууланууда (кезеги келгенде кан-кудасынын да таржы-макалын алдыңарга жайып беребиз). Эми азыр бийликтин убайын кадимки Азимбек Бекназаров айтмакчы, “шопур, жансакчы жана Шариптин балдары эле көрүп жатпайбы” дегендей, арааны жүрүп турганда кудасын эмес, бийликке бүтүндөй эзелки табакташтарын да тартса жарашпайбы, туурабы? Неси болсо да, Сокебиздин кан-кудасы кут болуп, кызына барган жеринен Жараткан бак айтышын каалайбыз!

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *