Сооронбай Жээнбеков: “Мен ким менен болорумду эчак аныктагам. Мен дайыма эл менен биргемин”

Басма сөз күнүнүн алдында президент С.Жээнбеков Кыргызстандагы негизги ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, алардын расмий түрдө 30га жакын, ал эми чай үстүндө андан көп суроолоруна жооп берип, өлкөдөгү саясый, социалдык жана экономикалык маселелер боюнча кеңири пикир алмашты. Ошол жерде президенттик кызматты аткарганга киришкендигине толук 2 жыл толгондо дагы маалымат жыйынын өткөргөнгө убада берди. Ага деле бир айдай эле убакыт калды.

Турукташкан коомдо сенсациялуу нерселер болбойт

Эгерде басма сөз күнүнүн алдындагы жолугушуусун мамлекет башчысынын бул жылдагы эң башкы маалымат жыйынын алдындагы репетиция катарында карасак, анда 2-ноябрдагы жолугушуу жөнүндө эмнелерди айтууга болот? Андан журналисттер, биринчи кезекте эл өздөрүн кызыктырган суроолордун бардыгына жоопторду ала алыштыбы? Ал деги күткөндөгүдөй болдубу?

Сооронбай Жээнбеков прагматик, эмоция менен эмес, дайыма акылга, тажрыйбага таянып сүйлөгөн, ашыкча бир да сөз айтпаган оор басырыктуу жетекчи, саясатчы. Бул жагынан анын ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушуусу – биз күткөндөй, алдын ала болжогондой эле болду. Сенсациялык же күтүлбөгөндөй эч нерселер айтылбады. Экинчи жагынан, бул өлкөбүздүн саясый, социалдык жактан биротоло турукташып, экономика да ишенимдүү жолго түшө баштагандыгын айгинелейт. Адатта алдын ала жакшылап ойлонулуп, пландаштырылган жолдо баратканда эч кандай адаттан тышкаркы нерселер болбой тургандыгы түшүнүктүү. Ошон үчүн суроолордун басымдуу көпчүлүгу алдыдагы парламенттик, андан кийинки президенттик шайлоолор, мамлекет башчысынын бир туугандары, жакындары менен болгон мамилелери жөнүндө болду окшойт.

Мамлекет башчысы жолугушуунун расмий бөлүгүндө ЖМКлардын жетекчилеринин 26 суроосуна жооп берсе, алардын жарымына жакыны анын өзүнө, жакындарына байланышкан суроолор болсо, калгандарында Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кезексиз референдум өткөрүү, аймактарды өнүктүрүү, сырткы карыздар тууралуу ж.б. д.у.с. болгондугун белгилей кетүү керек. Мындан ЖМКлардын өкүлдөрүн өлкөнүн келечегине, Кыргызстандын эртеңине салыштырганда да мамлекет башчысынын жеке турмушундагы, айланасындагы маселелер көбүрөөк кызыктыргандыгы көрүнүп турат. Бул бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, макулбузбу, жокпу, эмне дебейли – азыркы саясый маданиятыбыздын, деңгээлибиздин барометри. Эгерде жолугушууга катышкандар мамлекеттин таасиринен, көзөмөлүнөн чыгып кеткен жана чыгып бараткан билим берүү, архитектура жана курулуш, саламаттыкты сактоо, сот прокуратура органдарындагы коррупцияны жоюу, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынчалыктарын жана укуктарын кеңейтүү жөнүндө көбүрөөк суроо беришсе, эл үчүн кызыктуураак болмок.

АШАнын катачылыктары качан оңдолот?

Акыркы беш-алты жылдан бери күч органдарында иштегендер үчүн мамлекеттин эсебинен жүздөгөн батирлер курулду жана курулууда. Жолугушуунун алдында Таластагы прокуратура органдарында иштегендердин бир бөлүгүнө кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Эмне үчүн андай батирлер мугалимдер, маданият кызматкерлери, же журналисттер жана социалдык мекемелерде иштегендер үчүн курулбайт? Же укук коргоо органдарынын, УКМкнын кызматкерлеринин, судьялардын социалдык абалдары мугалимдердикинен, журналисттердикинен да начарбы? Антип айдан же Марстан келгендер гана болжошпосо, кыргызстандыктардын антип ойлобой тургандыгы бештен белгилүү эмеспи.

Атамбаевдин социалдык теңдик жөнүндөгү түшүнүгү таптакыр башкача болчу. Прокуратурада, УКМКда иштегендер үчүн акысыз батирлерди куруу анын тушунда башталган. Бирок, анын адекваттуу эмес чечимдерин, саясатын оңдоп, түздөп, реалдуулукка жакындаштырууга эбак мезгил жетти го!

Бизди жолугушууга катышкандарды өлкөбүз үчүн аба менен суудай болуп турган жогорку Нарын каскадындагы, Камбар-Атадагы ГЭСтердин тагдырлары таптакыр кызыктырбагандыгы өзгөчө таң калтырды. Биз бир убакта электр энергияларын экспорттоочу өлкө болсок, азыр акырындап импорттоочуга айланып бараткандыгыбыз. Эгерде кыш оор болсо, айыл-кыштактарды, көчөлөрдү, маалелерди кезектештирип өчүрүү башталары маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн таптакыр кызыктырбайбы? Же азыр эл үчүн электр жарыгы менен отун-көмүрдөн өткөн маанилүү эч нерсе жок экендигин билишпейби?

Эгерде ЖМКлардын жетекчилери ушул маселелерди көтөрүшсө, мамлекет башчысы жоопторун айтмак, алар Башмыйзамды реформалоого караганда элди көбүрөөк кызыктырмак.

Ынанымдуу жооптор

Жогорудагыларды биз ичибиз бышкандыгынан улам айтып жибердик, бирок жалпысынан мамлекет башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринин суроолоруна ынанымдуу жоопторду бергендигин белгилей кетүүбүз зарыл.

Биринчиден, коомдо бул пикир үстөмдүк кылып бараткандыгына карабастан Башмыйзамды өзгөртүү боюнча эч кандай референдум өткөрүлбөй тургандыгын, өзү ыйгарымдарын кеңейтүүгө аракеттенбесин, ошондой эле алдын ала мураскорду да даярдабасын ачык айтты. Албетте, ал элдин бир бөлүгүнө жаккан жок.

“Менин бир туугандарым боюнча маселе аябай талкууланууда. Негизи, эл дагы анын ичинде мен дагы үй-бүлөлук башкаруудан коркуп калгам, – деди С.Жээнбеков. – Бир туугандарга келсек, атам менен апама ырахмат, баарыбызды жогорку окуу жайларында окутту. Иним Асылбек тууралуу талкуулар көп болуп келе жатат. Ал мен президент болгонго чейин эле депутат, андан кийин спикер болду, аны менен сыймыктанам. Бирок, бизде ушунда йжазылбаган мыйзам бар, бири-бирибиздин иштерибизге кийлигишпейбиз. Туугандарым башкалардын иштерине аралашып жаткан фактылар болсо айткыла, иниме, туугандарыма чара көрөм. Кландык башкарууну болтурбайм, андай болбойт”.

Мында мамлекет башчысынын жообунан чоң шилтеме келтиргенибиз, мындай суроолор ага буга чейин да көп жерлерде берилген. Ал мындай мааниде жетишерлик жоопторду бергендигине карабастан, омоктуу негиздер болбосо да ал ар жолугушуу, маалымат жыйыны сайын кайталанып келатат.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолунун курулушунун зарылдыгы акыркы жыйырма жылдан бери айтылып келатат. Бул жолугушууда да козголду. Мамлекет башчысынан айтымында, ал маселе саясый жактан чечилип, техникалык маселелер эле калыптыр. Ылайым ошондой эле болуп, долбоор тездетилсе, миңдеген жумушчу орундар түзүлмөк.

Президент жолугушууда айткандай, бизде кол тийбестер, мыйзамдан жогору тургандар болбошу керек. Бирок, айрым оор кылмыш менен айыпталгандардын тоскоолдуксуз эле чет өлкөлөргө качып кетип жатышкандары гана өкүндүрөт. Алсак, мурда Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси бар фактыларды жок кылгандыгы үчүн айыпталса, кийин пара алгандыгы үчүн кармалып 12,5 жылга кесилген мамкаттоодо жооптуу кызматта иштеген Алмаматов дегендин да качып жок болуп кеткендиги өкундүрөт. Ушундан улам укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери кылмышкерлерди ар жол менен качырып жиберишип, анан “Карма ууруну карма деп ууру жүрөт” дегендей, жөн эле айгай салышканга көнүп калышканбы?-дегендей мыйзам ченемдүу суроолор да жаралат.

Бир сөз менен айтканда, жолугушуу көп иштер аткарылган менен коомубузда көйгөйлүү көп нерселер бар экендигин да көрсөттү десек болот. Мүмкүн, алардын баары мамлекет башчысынын эки жылдын жыйынтыгы менен өткөргөн маалымат жыйынында айтылар.

Афтандил Белеков

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *