Сооронбай Жээнбеков отставкага кетер алдында жардамчыларына жана айдоочуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында өзүнүн жардамчыларына жана аппараттын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган. Тиешелүү жарлыкка ал 9-октябрда кол койгон.

Мамлекеттик сыйлыкка 25 адам ээ болгон. Сыйлангандардын арасында президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүл Курманбек Дыйканбаев, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева бар. Алар “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери” ардактуу наамын алышты. Ошондой эле, аталган наамга президенттик аппараттын канцеляриясынын башчысы Чолпон Абдрахманова, канцеляриянын актыларды чыгаруу секторунун башчысы Азат Абдысадыр уулу жана Мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы Акылбек Орозалиев ээ болушкан.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” наамы борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Дилбар Бекиевага,  “Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкери” наамы пенсионер Ыдырыс Молдалиевге берилди.

Дагы 16 чиновник Ардак грамоталарга ээ болушту, алардын арасында президенттин жардамчысы Эрнис Толтоев жана айдоочу Майрамкалы Алиев дагы бар.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *