Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусуна барат

Сооронбай Жээнбеков аймактарга болгон жумуш сапарын улантууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бүгүн, 5-августта, Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусунун Чоң-Алай районуна барып, 2017-жылдын 3-5-майында болгон жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча министрликтер менен ведомстволорго берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышып чыгат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Шибээ жана Кулчу айылдарындагы социалдык объектилерди көрөт.

Белгилей кетсек, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча буга чейинки берилген тапшырмалар, райондун климаттык шартын эске алуу менен оперативдүү түрдө ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтүшү керек болчу.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *