Сооронбай Жээнбековду президент кылып, бийлик кийин бармагын тиштеп калбаса болду

Эт менен челдин ортосундагы Сооронбай Жээнбеков жөн жерден премьер-министр болуп келбегенин саясаттын айланасында ой жүгүртүп жүргөндөр дароо баамдашкан. Кийин коопсуздукка кепилдик болуп бере турчу, ошондой эле азыркы ажонун тилин алган, анын гана эмес, бармагын майга малып турган “санаалаштардын” да пикирин эске алган, айдама, чөнтөк президент болуп бере турган бир гана адам – ал Сооронбай Жээнбеков деген бүтүмгө келишти. Иниси Асылбек Жээнбеков дагы аракет кылды, бирок анын ашкере динчил көз караштары жана исламчылар менен тыгыз байланышы саясий өнөктөштөргө жакпады көрүнөт.

Эми “оозу кыйшык болсо да – байдын уулу сүйлөсүн” дегендей, Сокемдин пиары күндөн-күнгө күчөп, КТРдин дүжүрлөрү күн-түн кылган да, кылбаган да иштерин көккө жеткире мактап, карапайым калктын кулагына сиңирүү операциясы “уже” башталды. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары, бул аймактын өзбек электораты Сокемдин колунда деп эсептей берсек болот. Түштүктөн күчтүү атаандаш учурда Жээнбековго Бакыт Төрөбаев, ал эми түндүктөн Өмүрбек Бабанов болуп турат. Бул экөө Сооронбайдын биртоп добушун бөлүп кетиши мүмкүн. Бирок
саясий соодалашуу, аке-үкө, аксакалдарды ортого салуу ж.б.у.с. ыкмалар колдонулуп, Төрөбаевге спикерликти убада кылышса, ал шайлоодо Жээнбековду колдошу мүмкүн. Мадумаров, Келдибеков, Ташиевдер ансыз деле азыркы бийликтин колунда деп буга чейин эле айтылып келген. Демек, булардын да анча-мынча добушу чөнтөктө.

Өмүрбек Бабановго каршы ар кандай саясий ыкмалар колдонулат. Анын ичинде кара пиар, кылмыш ишин козгоо, бизнесине бөгөт коюу сыяктуу коркутуулар болушу мүмкүн. Бабанов премьерликке алданбай турганын
азыркы бийлик беш колундай билет, анткени бул кызматтан бир жылга жетпей кайра эле томолотуп салаарын да билет. Бир гана кысым – бул анын бизнестери. Накта бизнесмен катары бийлик менен акчанын ортосундагы тандоодо Бабанов артка чегиниши мүмкүн, анткени ал жаш, кийин реванш алууга убактысы жетишинче. Бирок Кыргызстандагы (анын ичинде түштүктө да) жогору рейтингин эске алып, коркпостон аягына чейин күрөшсө, Бабановдо бул бийликтин шаштысын кетирип коюуга мүмкүнчүлүгү жогору.

Дагы бир вариант – Сооронбай Жээнбеков учурда белгисиз, шайлоого жакын пайда боло турчу талапкерге орун тазалап, түштүктүн добушун бөлүү үчүн чыгып жатышы мүмкүн. Атамбаевдин кеңешчилери Кремлде отургандарын эске алганда, мындай да мүмкүнчүлүктү четке кагып болбойт.

Кандай болгон күндө да, Сооронбай Жээнбековго ставка жасаган бийлик кийин бармагын тиштеп калбаса
болду. Анткени Курманбек Бакиев дагы бийликке жеткенден кийин кимдин жардамы менен президенттик такка конгонун унутуп, бир туугандары менен балдарын айланасына толтуруп, эч кимди көзгө илбей, Кыргызстанды
канга боёп акыры качып кутулду. Атамбаев дагы жакшылап ойлонуп, кеңешчүлөрү менен кеңешип, миң өлчөп бир кессин деп айтаар элек…

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *