Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон сапары карапайым калк үчүн пайдалуу болду

Белгилүү болгондой ушул жылдын 13-14-декабрында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун руханий жана жалпы тарыхыбыз бар коңшулаш мамлекетке расмий сапары болуп өттү. Акыркы жылдары коңшу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле салкындап, карым-катнаш начарлап кеткени чындык. Ушундан улам он жылдардан бери жыйылып, чечилбей келген көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө, мамлекеттерибиздин кызматташуусунун өтө тездик менен өнүгүүсүнө ишенүү мүмкүн эмес эле.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун биринчи расмий сапары так ушул Өзбекстанга болгондугун баса белгилеп, ал сапардын негизги мазмуну жана жыйынтыгы тууралуу жетиштүү макалалар жазылып, көрсөтүүлөр тартууланды, ошон үчүн бул теманы талкуулоону улантпай эле, жөн гана көпчүлүк мекендештерибиз менен биргеликте бул жакшылыктын жышаанын кубануу менен кабыл алып эле кала берсем болмок. Себеби, эки өлкөнүн Президенттери жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана эки тараптуу кызматташтыктын перспективалары тууралуу ЖМКга берген биргелешкен билдирүүсүндө кеңири айтып беришти. Бул жерде алымча-кошумча эч нерсе айтуу мүмкүн эмес. Бирок Президентибиздин Ташкентке болгон сапары тууралуу “Бул сапардын мага кереги эмне, мага бул сапардан эмне пайда бар?” – деп суроо салган жөнөкөй карапайым жаран катары кээ бир ойлорумду билдиргим келип турат.

Бөлүнгөн эки бир тууган элдин биригүүсү

Кыргыздар менен өзбектер мурунтан бери бирге жашап, чогуу эмгектенип жана ийгиликтерине биргеликте кубанып келишкен. Бирок, акыркы жылдар аралыгында өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүн куруу жана ички  көйгөйлөрдү чечүү менен убара болуп келишкен. Бул жагдай эки өлкөнүн белгилүү чектөөлөргө жана мамилелердин өнүгүүсүнүн ордунда кармалуусуна алып келген. Өлкөлөр соода-экономикалык байланыштарды азайтып, кыргыз-өзбек чегарасында жайгашкан облустардын тургундары чегарадан эркин өтүү мүмкүнчүлүгүнөн такыр ажырап калышканын баарыбыз билебиз. Чындыкты жашырып эмне, тагдырдын буйругу менен, мамлекеттик чегаранын эки тарабына бөлүнүп калган элдер жакын туугандарын жерге берүүгө мүмкүнчүлүк таппай калышкан эле. Мындан сырткары биздин элдер үчүн өтө кайгылуу болгон, Кыргызстанда уюштурулган эки улут аралык чатакты башынан өткөрдү. Демек кайсы бир күчтөр үчүн эки бир тууган элди бири-биринен алыстатуу жана карама- каршы коюу максат болгон.

Кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына баа берип жатып, чегаранын ачылышы калктын калың катмарына чоң кубаныч болгондугун белгилеп, чегаралаш аймактын тургундары бул окуяларды кубанычтын көз жашы менен кабыл алгандыгын айткан Президент С.Жээнбеков миң жолу укуктуу. Чегаранын ачылышы эки эл үчүн майрам күнү болуп калды. элдик накыл кеп бекеринен айтпас чыгар: “атадан алтоо болсо да, катташпаса жат болот” – деп. Ошон үчүн эки өлкөнүн чегаралаш аймактагы жашоочуларды чегарадан эркин жүрүү боюнча келишимдин ишке киргизүүсү өтө маанилүү чечим болуп, бир тууган элдерибизге тынчтыкта жана ынтымакта тиричилик кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Эки элдин бири-бирине коноко баруу мүмкүнчүлүктөрүн, соода жана байланыш мамилелерин өнүктүрүүнү ачып жатканын айтпай эле коёюн.

Биргелешкен рынокту түзүү

Фергана өрөөнүндө мурунку кылымдардан бери, Кара-Суу базары, Андижан базары, Базар-Коргон базары, Кокон базары, Ош базары, Маргылан базары сыяктуу биргелешкен базарлары болуп келген. Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте азыркы убака чейин “Алай” базары иштеп келе жаткандыгы өзгөчө бир зор жана тарыхый белги эмеспи. Өзбекстандын мурдагы президенти И.Каримов өз убагында – “биздин тагдырыбыз да бир, мазарыбыз да бир, базарыбыз да бир” деп бекеринен айтпаган. Ошон үчүн биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди толук кандуу жандандыруу , биздин базарларды өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүп эле бербестен, Фергана өрөөнүн дүйнөдөгү эң ири соода аймагына айлантканга мүмкүнчүлүк жаралып жатат.

Транспорт туңгуюгунан чыгуу

Борбор Азия өлкөлөрү өнүгүүгө чоң потенциалы бар экендигине карабастан, дүйнөлүк транспорттук артерияларга чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондугуна байланыштуу азырынча регионду көз каранды кылып келет. Бул көйгөйдү бир гана региондун өлкөлөрү чече алат жана бул процессте Кыргызстан менен Өзбекстан негизги орунда болуусу толук мүмкүн, себеби дал ушул биздин мамлекеттердин аймагы аркылуу абдан ыңгайлуу жана оптималдуу транспорттук магистралдарды куруу шарттары бар. Акыркы мезгилдеги Кыргызстан менен Өзбекстан жолдорун бириктирүү иш- чараларын жүргүзүүсү, биргеликте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунда чогуу иш алып баруусу сүйүнүчтүү кабар. Автожүк ташууну, үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуу багыттарын өнүктүрүү боюнча максаттар бар. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттер дүйнөлүк деңизге жана транспорттук байланыштарга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, бирок биздин транспорттук артерияларды бириктирип жана жаңы жолдорду куруп Кыргызстан менен Өзбекстан Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктү бириктирүүдө маанилүү көпүрө болушуна керектүү шарттар түзүлүүдө.

Экономикалык интеграция

Эки өлкө ортосунда жарандарыбыздын, жумушчу күчтүн, капиталдын жана кызматтардын эркин жүрүүсү, биргелешкен регионалдык рынокторду түптөө, биргелешкен ишканаларды түзүү жана өндүрүш багытын иретке келтирүү өлкөлөрүбүздүн терең экономикалык интеграциясына түрткү берип, экономикалык жана социалдык жактан күчтүү кылып, элдерибиздин жашоо деңгээлинин өсүшүнө алып келет. Глобализация мезгилинде биздин экономикалар ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна жардам берет.

Стратегиялык өнөктөштүк

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бекемделиши, стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө жакшы негиздерди түзүп, ошол эле учурда региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактап, азыркы убактын чакырыктары жана коркунучтары менен күрөшкө жагымдуу шарттарды түзөт. Биздин ата-бабалар сырттан келген душмандар менен чогуу күрөшүп келишкен жана ошол сезимдер биздин көкүрөгүбүздө бекем сакталып келип, биздин биримдигибизди жана кызматташтыгыбызды бекемдейт.

Сөздү жыйынтыктап, Президент Шавкат Мирзиёевдин шайланган Президентибиз Сооронбай Жээнбеков тууралуу чын жүрөктөн айтылган сөздөрүн эскерип кетсем: “Кыргыз эли туура тандоо жасады. Сооронбай Шарипович элге жакын, жерге жакын. Дал ушундай киши элдин көйгөйлөрүн чече алат”. Кыргызда жакшы макал бар: “жакшы сөз жарым ырыскы”. Башталышы үмүттүү жана ийгиликтүү, Кудай буйруса.

Жээнбек Келдибаев

Булак: Жаны Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *