Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкердигин Путин жактырдыбы?

Кыргыз саясатына тышкы күчтөр катуу киришээри, өзгөчө Россиянын таасири чоң экени эч кимге жашыруун эмес. Бул жагынан эсептешпей коюуга болбойт. Себеби, экономикалык жактан жарды Кыргызстан үчүн Россияны стратегиялык өнөктөш катары кармоо өтө маанилүү. Анүстүнө Бажы союзуна дагы кирип алган соң, карым-катыш жагы ого бетер бекем болушу зарыл.

Андыктан, Алмазбек Атамбаев Кремль менен эсептешпей коё албайт. Өзгөчө кийинки жылкы президенттик шайлоодо кайсы адам КСДПдан чыкса, ага карата Россиянын симпатиясы болушу шарт. Бул жагдайды эртелеп эске алган А.Атамбаев соңку ирет В.Путин менен жолукканда Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырып турганын, аны колдоо үчүн сөз баштаганы бекер жерден эмес го? Кыргыз лидеринин сунушун В.Путин туура түшүнүп, каршы чыкпаганы эле өзүнчө жеңиш да. Анүстүнө Д.Медве­дев менен С.Жээнбековдун мамилеси да түзүк экен. Кийинки президентти тандоодо Россия лидери ме­нен сөз башы ийгиликтүү башталган соң, мындан ары ишенимди бекемдетүү жагы калды.

Шайлоо старты башталганга чейин С.Жээнбеков ызы-чуудан алыс, таза иштесе рейтинги көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн колдоосуна татыктуу болот. Ал эми Кыргызстандын шайлоочулары негизинен стабилдүүлүк үчүн добуш беришет. Албетте, добуш алууга келгенде регионалдык жактан бөлүнүү ит оорубуз бар дечи. Антейин десең, С.Жээнбеков Оштон, А.Атамбаев Чүйдөн болот. Ушул жерден элдин келечектеги ынтымагы үчүн түндүк-түштүк ажырым биригип калгандай болду. Анан калса, админисгративдик ресурс да чоң роль ойной турганы талашсыз.

Ошентип, Кремль менен А.Атамбаев КСДПнын болочоктогу талапкеринин тагдырын чечип алгандан кийин, ички саясатыбызды ирээнжитпей, эл астында упай алуу жагын ойлошу керек. Эң башкысы, адилеттүү башкаруу болсо, башка көйгөйлөр убагы менен ордуна келет.

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: “Азия ньюс”

 

5 comments

  • Темир says:

    Биз Кырзыз Республикабыз – коз карандыы эмес мамлекет президентибизди шайлоо учун Росиияга жагабы же жакпайбы деген принцип менен шайлашыбыз керекби? Шайлоой турган талапкер мамлекетибизди алдыга, онугууго алып кете алабы деген критерий болуш керекта биринчиден???

  • ROS says:

    Биринчиден, мен Сооронбай Жээнбековду келечектеги президент катары такыр коро албайм. Окмотту кыйратпаган, эмне олкону кыйратмак беле. Деги азыркы окмот эмне иш кылып жатканы корунбойт, каатчылыктан чыгара турган бир дагы антикризистик программасы жок. Экинчиден, айыл-чарбасы баягы эле кейпин кийип шордонуп жатат. Дыйкандар дагы эле ондургон продукциясын сата албай убара. Маалымат боюнча комитет ачып койду эле, интернеттин баасы которулду. Анан кайдагы келечектеги президент.

  • странно says:

    Обратите на фото. Что за качество ?)) Умора . Два высокопоставленных и такая лажа )) да не фейк

  • Чолпон says:

    “Оозу кыйшык болсо дагы, байдын уулу сүйлөсүн” болуп калбадыкпа. Деги биз кыргыздар шордуу Эл болуп жаралып калганбызбы. Бийлик башына тыңгылыктуу адам келбей, өз жолубузду таба албадык. Эми минтип, эч бир ишке шыгы жок мажирөө анан калса өз позициясы жок, бирөөнүн оозун караган куураган эле Сооронбай деген жандан кутулгус кылып маңдайыбызга жазып койбосо экен.
    Кырса түгөнгүс кыргызда ушу жээнбековдордон башкалары деле бар го. Жакшылап карап көрүп тыңырагын, иш билгендерин тандаса болбойт беле…

  • кубан says:

    АКШ президентин кандайча табигый жол менен тандап алып жаткандыгы үлгү болсо,татыктуу деген экөөсү үч ирет жарыш сөзгө чыгышып,кимиси ким экендигин билдирип,элдин сынына коюп жатышат,орусия кудум өзүнүн губерниясына өкүл даярдап аткандай макала жазыпсыздарда,далили барбы же элдин кулагын бышырып-кулчулук психологияны өркүндөтүүбү?Же бир маданият,технология тартуулай турган өлкө болсо бир жөн эле,качан болсо атомдук союлу менен коркутат да турат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *