Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин Путин жактырдыбы?

Кыргыз саясатына тышкы күчтөр катуу киришери, өзгөчө Россиянын таасири чоң экени эч кимге жашыруун эмес. Бул жагынан эсептешпей коюуга болбойт. Себеби, экономикалык жактан жарды Кыргызстан үчүн Россияны стратегиялык өнөктөш катары кармоо өтө маанилүү. Анүстүнө Бажы союзуна дагы кирип алган соң, карым-катыш жагы ого бетер бекем болушу зарыл.

Андыктан, Алмазбек Атамбаев Кремль менен эсептешпей кое албайт. Өзгөчө кийинки жылкы президенттик шайлоодо кайсы адам КСДПдан чыкса, ага карата Россиянын симпатиясы болушу шарт. Бул жагдайды эртелеп эске алган А.Атамбаев соңку ирет В.Путин менен жолукканда Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырып турганын, аны колдоо үчүн сөз баштаганы бекер жерден эмес го? Кыргыз лидеринин сунушун В.Путин туура түшүнүп, каршы чыкпаганы эле өзүнчө жеңиш да. Анүстүнө Д.Медведев менен С.Жээнбековдун мамилеси да түзүк экен. Кийинки президентти тандоодо Россия лидери менен сөз башы ийгиликтүү башталган соң, мындан ары ишенимди бекемдетүү жагы калды.

Шайлоо старты башталганга чейин С.Жээнбеков ызы-чуудан алыс, таза иштесе рейтинги көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн колдоосуна татыктуу болот. Ал эми Кыргызстандын шайлоочулары негизинен стабилдүүлүк үчүн добуш беришет. Албетте, добуш алууга келгенде регионалдык жактан бөлүнүү ит оорубуз бар дечи. Антейин десең, С.Жээнбеков Оштон, А.Атамбаев Чүйдөн болот. Ушул жерден элдин келечектеги ынтымагы үчүн түндүк-түштүк ажырым биригип калгандай болду. Анан калса, административдик ресурс да чоң роль ойной турганы талашсыз.

Ошентип, Кремль менен А.Атамбаев КСДПнын болочоктогу талапкеринин тагдырын чечип алгандан кийин, ички саясатыбызды ирээнжитпей, эл астында упай алуу жагын ойлошу керек. Эң башкысы, адилеттүү башкаруу болсо, башка көйгөйлөр убагы менен ордуна келет.

Тайлак НАЗЫМОВ    

Булак: Азия Ньюс

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *