Сот бийликти соттогондо гана күчтүү боло алат

Жогорку Соттун Конституциялык Палатасы жогорку соттук органдан маалымат талап кылуусун Баш мыйзамга ылайык эмес деп чечти. Бул чечимге Жогорку Кеңештин бир депутаты реакция жасап, аны тиешелүү комитетте кароо зарыл экенин айтты. Калгандары нокаут “жеген” мушкердей үн каткан жок.

Аталган чечим чындыгында эле парламентти нокаут кылбаса дагы катуу хук кылды. Жалгыз гана мамлекет башчысына каяша айта албай, Өкмөт башчысын баш кылып, катардагы мекеменин эсепчи кызматкерин төш кылып, “тепкиге” алып көнгөн эл өкүлдөрү ушул күнгө чейин пайдаланып келген натыйжалуу рычагдарынын биринен — ​Жогорку Сотко таасиринен ажырады.

Парламенттин укуктук жагынан сабаттуу, юриспруденция тармагында тажрыйбалуу, беш тың депутаттын бири делген эл өкүлү кечээ жакында эле Жогорку Кеңеште мамлекеттик жогорку бийликтин үч бутагынын бири — ​Жогорку Соттун Төрагасын мектеп окуучусуна теңеп, отчет талап кылганы коомчулуктун эсинде. Адилетсиз асылып, өзүнүн билим деңгээлин эле эмес, этикалык жактан чарк-чамасын даана көрсөтүп алган ал депутат Төрагадан кечирим сураганга дагы жарабай көп жылдардан бери кашыктап жыйып келген кадыр-баркын чөмүчтөп чачып алды. Ырас, сот бийлигинин башчысы ага өз убагында татыктуу жообун берди, Конституциялык Палата дагы, орус ылакабында айтылгандай “акыркы мыкты” урду.

Бул чечим парламентти олуттуу таасирден эле ажыратпастан, коомчулукта рейтинги өтө төмөн мыйзам чыгаруучу бийликтин өз ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып келгенин айгинеледи.

Баш мыйзамыбыздын 94-беренесинде “судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет”, “сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат” деп жазылган. Ошондуктан Конституциялык Палатанын чечими Баш мыйзамга толук ылайык келет деп эсептейм. Сот бийликтин иш-аракети же аракетсиздиги мыйзамга каршы келсе, кылчактабастан, аны соттогондо гана күчтүү боло алат.

Ал эми бүгүнкүгө чейин соттордун ишине, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ар кандай деңгээлде кийлигишүүлөр болуп келгени жашыруун эмес. Бийликтин бул маанилүү бутагынын көз карандысыздыгын, күч-кубатын арттырууга ушул кезге чейин жетиштүү көңүл бурулбай келатат. Башкасын айтпаганда дагы “Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин” 66-параграфында бакыйып, “Жогорку Сот” деп, баш тамга менен жазылып турганына карабай, Конституция баш болгон бардык ченемдик укуктук актыларда “Жогорку сот” (анын жетекчисин “төрага”) деп, кичирейтип жазабыз (бул Конституциялык Палатага дагы тиешелүү). Ошол актыларды кабыл алган өкүлчүлүктүү жогорку орган “парламент, анын жетекчи эмне үчүн баш тамга менен жазылат, ал эми жогорку сот органы, анын жетекчиси кичине тамга менен жазылат?” деп өзүнө өзү суроо койгонго жараган жок.

Ошентип, Конституциялык Палатанын чечими укуктук мамлекетти курууда бийлик бутактарынын тең салмактуулугун, сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдеген маанилүү чечимдердин бири болуп калат деп ишенем.

Жыргалбек Турдукожоев, публицист

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *