Сот чечими тебеленген эски заман эске түшөт

Өткөн сандардын биринде биз окурман журтуна “Кыргыз соода биримдиги” коомунун соттогу талашы боюнча акыйкат чечим чыкканын кабарлаган элек. Кезинде коомго тийиштүү “Карасуу” базарындагы менчик угугун ара-чолодо пайда боло калган “Карасуу Эл Базары” мамлекеттик ишканасы негизсиз тартып алган. Башкача айтканда, биримдиктин Ош облустук керек-жарак коомунан “Карасуу” базарындагы менчик укугун сатып алган келишимин соттон өздөрүнүн пайдасына чечим чыгартып, алып коюшкан.

Жогорку сот бул жаңы жагдай боюнча ишти кайра карап, “Кыргыз соода биримдигинин” укугун калыбына келтирген болчу. Иштин акыйкат чечилүүсүнө “Кыргыз соода биримдигинин” президент Жээнбековго жолдогон кайрылуусу да түрткү болгондой пикир жаралган. Ажо Жээнбеков башынан бери сот адилеттүүлүгү үчүн катуу күрөшөрүн айтып келсе, бул сот процесси анын сөздөн ишке өтө баштаганына далил болгон. Бирок, көп мезгил акыйкаттуулукка жете албай, менчиги ар кимдин төө бастысына алынып келаткан биримдиктин акыйкаттуулукка жетишине жол ачкан президент Жээнбековду уят кылгысы келген бокмурундар пайда болгонун билип олтурабыз. Себеп дегенде, ушу күнгө чейин Жогорку соттун чечими аткарылбай, ортодон чыккан “ийри жыландар” аны буйтап өтүүнүн камын ойлоп жүрүшөт. Алар барган жеринде президент Жээнбековдун атын сатып жүргөнү айтылууда. Ошондо, кечээ эле араң кутулган эски заман кайра келгени калдыбы? Президенттердин уулу, бир туугандарынын ар кайсы менчикти баса жыгылып, соттор аркылуу каалаганын жасаган зулум замандан араң кутулбадык беле! Эми бийлик башчысына жакын экенин айтып кутурган арамсийдиктер Жээнбековду уят кылып, качкын президенттердин жолуна түрткүсү келип турабы? Мыйзамда Жогорку соттун чечими даттанууга жатпайт жана акыркы болуп эсептелет. Анда эмнеге “Кыргыз соода биримдигине” байланыштуу чечимди аткарбай, анын өкүлдөрүн кайра тентитип жатышат?

Булак: «Майдан»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *