Соцфонддон уурдалган 10 миллион сомдук жемкорлуктун учу Мухаммедкалый Абулгазиевге такалабы?

Бишкектин Биринчи май райондук Социалдык фонд башкармалыгынын адистери 10 миллион сомго жакын акчаны кымырып алган деп шектелүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аудит жыйынтыктары боюнча кылмыш иши ачылды. Маалыматка караганда, 2014-2015-жылдар аралыгьшда ишкерлердин 11 миң 722 камсыздандыруу полисинен түшкөн акчалар сол чөнтөккө кеткен. Мындан мамлекетке келтирилген зыян 9 миллион 980 миң 930 сомду түзгөн. Мындай маалымат чыгаары менен бул иш учурдагы 1-вице премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиевдин Соцфондцу жетектеп тургандагы түзүп кеткен коррупциялык иштеринин бир көрүнүшү катары сыпаттагандар болууда. Ал түгүл бул тармакты тыкыр иликтесе, төбө чачты тик тургузган жемкорлуктун бети ачылмак дегендер арбын. Азыркы Соцфонддун жетекчиси Теңизбек Абжапаровду Абулгазиев артын жаап туруш үчүн ордуна коюп кеткен деген кептер эчактан бери айтылып келет. Би­рок Абулгазиев үлкөн кызматтарды аркалап турганда мандемдүү иштеринин бети ачылышы күмөн. Бизде качан кызматтан кеткенде же бийликтин куйругун басканда кылмыштуу иштери калкып чыгат. Ага чейин козголбойт. Абулгазиев болсо учурда бийликке сүймөнчүк. Качанкыга дейре…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *