Социалдык тармактан көрүп же окуган маалыматтардын баарына ишенбеңиз! Күнүмдүк жаңылыктарды расмий катталган маалымат булактарынан: сайт, радио, теле же гезиттен алыңыз!

Азыр маалымат технологиясынын заманы. Ошого жараша Интернет мейкиндигинде жеке маалыматты коргоо олуттуу маселеге айланды.

Айрымдар Интернетти эпсиз колдонгону менен анын пайда-зыянын аңдабайт. Айрым учурда адепсиз, кимдир-бирөөнү кемсинткен, мазактаган маалыматты жарыялагандар да кездешет. Бирок, дүйнөлүк желени пайдаланып жатканда сиз чыгарган маалымат кайсы бир убактарда сизге каршы иштеп калышы мүмкүн. Андыктан, интернет өзүнө өтө кылдат мамилени талап кыларын унутпаңыз.

Интернетте эч нерсе жашыруун эмес…

Сиз компьютер же телефон кызматтарын колдонгон кезде санариптик изиңиз сөзсүз кала­рын унутпаңыз. Айрым шылуун­дар ошол «из» аркылуу жеке маалыматыңызды таап алып, сизге басым кылып же башка­ча пайдаланышы мүмкүн. Брау­зер же тиркеме аркылуу интер­нет колдонуучунун күнүнө кан­ча сайтка киргенин, эмне окуп же жазганын кууп отуруп, жеке маалыматты оңой эле билип ал­гандар бар. Алар жетиштүү маа­лымат топтогон соң өз мүдөөсүн ишке ашыра баштайт. Кокус каттоодон өтпөгөн тиркеме ар­кылуу паспорт, ID, айдоочулук күбөлүк, банктык карточка жа­на башка жеке маалыматтарды бөлүшсөңүз, анда ууруга эшик ачып берген болосуз.

Маалымат жана технология доорунда жеке коопсуздукту коргоо оңой эмес. Бирок, сиз тууралуу маалыматтарды кор­гоп, коркунучтун алдын алуу­га жардам берген программа­лар барын эске сала кетейин. Кандай болгон күндө да интер­нетти туура, ак ниеттик менен колдоно билиңиз. Анткени, ба­зада ар бир маалымат түбөлүк сакталып калат. Сиз социал­дык тармакта бөлүшкөн ар бир маалымат үчүн да жооптуусуз. интернет эч кимди, эч нерсени унутпаган касиетке ээ. Айталы, сиз бирөөнүн беделине шек кел­тирген макала же пикир жазып, аны кайра өчүрүп салдыңыз дейли. Бирок, маалымат ошол платформанын маалымат топ­томунда сакталып кала берет. Андыктан бир нерсе чыгарар­дан мурда жети өлчөп, бир ке­скен оң.

Учурда өнүккөн өлкөлөрдө ин­тернет укук коргоо бөлүмдөрү иш алып барат. Алар мыйзам бу­згандардын социалдык аккаунт­тарынан тартып ар бир жазган пикирине чейин текшерип чы­гат. Уруксат сурабай бирөөнүн сүрөтүн же видеосун жалпы эл­ге жарыя кылуунун арты сот менен бүтүшү мүмкүн. Интер­нетти виртуалдык жашоо эмес, чыныгы жашоонун бир бөлүгү катары канчалык тез кабыл ал­саңыз, ошончолук таза болосуз.

Чынчыл жана сак болууга жардам берчү кеңештер:

  1. Акыл калчап, ойлонуңуз. Өзгөчө сизге түшүнүксүз тилде­ги жазууларды бөлүшүүдөн сак болуңуз. Балким ал согуш жүрүп жаткан өлкөнүн урааны же эл­ге кайрылуусу болушу мүмкүн. Кыйбас досуңуздун «бөлүшүп кой» деген суранычын атка­рууга ашыкпаңыз. Өтүнүчтү ат­карам деп жатып бир уюмдун колдоочусу же мүчөсү катары көрүнүп калбаңыз. .
  2. Интернетте эч ким көр­бөйт-билбейт деп иш кылбаңыз.
  3. Убакытты туура пайдала­ныңыз. Жашооңуздун алтын мүнөттөрүн интернетке уур­датпаңыз.
  4. Социалдык тармактан көрүп же окуган маалыматтар­дын баарына ишенбеңиз. Алар­дын чын-бышыгын билбей ту­руп ой бөлүшпөңүз.
  5. Сиздин маалыматынызды сактап калбай турган Интер­нет браузерлерди колдонууга аракет кылыңыз. (Мисалы: Tor browser).
  6. Жеке коопсуздугуңуз үчүн телефонуңуздан GPS функция/сервисин өчүрүп коюңуз.
  7. Интернет булактары бол­гон телефон, социалдык тармак, тиркеме жана сайттардын же­ке коопсуздугуңузга коркунуч келтирбей турганын, купуялуу­лукту сактай турганын кылдат­тык менен текшерип чыгыңыз. Жеке маалыматыңызды сура­ган кызматтарды колдон келсе өчүрүп салган жакшы.
  8. Жаны аккаунт ачарда же жеке маалыматыңызды интер­неттен бөлүшөрдө терең ой­лонуп, IT-адистерден кеңеш сураңыз. (Мисалы, паспор­туңуздун сүрөтүн СМС аркылуу жөнөтпөй, көчүрмө кылып алып барып берсеңиз болот).
  9. Компьютериңизге же теле­фонуңузга жаңы тиркеме жүк­төп жатканда суроолорун кунт коюп окуп чыгып, анан жооп бериңиз.
  10. Ар бир тиркеменин күүлөмөсүнөн маалыматыңы­зды «ким көрө алат, ким көрө албайт» деп чыпкалап алыңыз.
  11. Социалдык платформа­ларда жеке пикир калтыруу­да ачууга алдырбаңыз. Сизди дүйнө карап турганын эстей жүрүү зарыл. Студент ке­зиңиздеги бөлүшкөн ой-пики­риңиз беш жылдан кийин жеке жашооңузга же жумушуңузга терс таасирин тийгизип кою­шу мүмкүн.
  12. Интернетте тааныбаган адамдан кат келсе ачпаңыз, шилтемелерди баспаңыз жана достук сунушун текшермейин­че кабыл албаңыз.
  13. Күнүмдүк жаңылыкты расмий катталган маалымат бу­лактарынан: сайт, радио, теле же гезиттен алыңыз.
  14. Интернеттен сатып алуу­га колдонгон банк карточкаңы­зда азыраак акча кармаңыз.
  15. Паспорт, ID, айдоочу күбөлүк, банк карталары, жа­шаган жериңиз тууралуу жана башка маалыматтарыңызды Интернеттен бөлүшпөңүз.
  16. Онлайн платформаларда окшош сыр сөздөрдү колдон­боңуз.
  17. Компьютер, ноутбук же телефон колдонбогон учурда камеранын бетин жаап коюңуз.
  18. Телефон, ноутбук, ком­пьютер, планшет, Wi-Fi Интер­нетке байланыштырчу жабдык­тарга сыр сөз коюп алыңыз.
  19. Интернеттен уяттуу сүрөт же видео тасмаларды көрүүдөн карманыңыз.
  20. Ээсинин уруксатын ал­бай туруп сүрөттү же видеону Интернетке жүктөбөңүз. Бул адепсиздикке жатат.

Интернеттин катардагы кол­донуучулары бекер эч нерсе жок экенин билгени жакшы. Айрым учурда «бекер» деген жарнамага алданып, жашаган жеринин дарегин, телефон но­мерин, аты-жөнүн ачык жаз­гандар кездешет. Онлайн акци­ялар, лотереялар ж. б. ушул сы­яктуу шеринелер ар бир колдо­нуучунун маалыматын чогултуу же коммерциялык кызыкчылык үчүн уюштурулуп келет. Кыр­гызстандык интернет колдо­нуучулар арасында «Бул СМ­Сти он адамга жөнөт», «Бекер белек утуп ал», «Бул шилтеме­ни басып, бактылуу бол» сыяк­туу азгырма маалыматтар жор­туп жүрөт. Колдонуучулар ага ишенип бири-бирине жөнөтө берет. Баарынан кызыгы, ма­алыматты бөлүшкөн адам аны өзү окубайт, «мага келди, анан жиберип койдум» деп ийинин куушурат.

Жеке пикиримде, кыргыз ко­ому интернетке мамилесин өз­гөртүүгө тийиш. Айрыкча жаш өспүрүмдөргө акча төлөп, пай­далуу маалымат алганды үй­рөтөлү. Болбосо интернет үй-бүлөнү бузган, арам иштерди «билбейт» деп жасаган, ушак, уят сөз менен маанисиз виде­олордун ордосу бойдон кала берет. Маалымат технология­ларын чынчыл, туура багытта колдонуу жана убактыңызды туура пайдалануу менен гад­жеттин кулу болбой, сизге кым­бат адамдарга көбүрөөк убакыт бөлө аласыз деп ишенем.

Калган суроолорунуз болсо kg_usa Инстаграм баракчасы­на жазыңыз.

Сиздерди урматтап Айдана Өмүрбаева, АКШ

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *