Жарандар судья Сабыр Соодонбековдун 13 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жаткан эки адамды актаган окуяны текшерүүсүн талап кылышууда

Кыргыз сегментинин социалдык тармактарында колдонуучулар Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун 13 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жаткан эки адамды актаган окуяны расмий текшерүүсүн талап кылышууда.

Эске салсак, Тоң райондук соту 11-декабрда 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актады. Бир гана айыпталуучуга мөөнөт берилди, бирок далилдер болгондугуна карабастан, сот ага жеңил беренени колдонду. Кыздын туугандары анын эки жылдан кийин эркиндикке чыгып кетет деп айтышууда.

Окуянын өзү кыргызстандыктардын көпчүлүгүн таң калтырды. Аны менен катар судьянын иш-аракеттери дагы көпчүлүктүн көңүлүн бурдурбай койгон жок.

Ошондой эле, вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бул ишти өкмөт карай тургандыгын билдирди.

https://twitter.com/BlackPatriotKGZ/status/1337990584255062019?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1337994897513705472%7Ctwgr%5E%7Ctwcon%5Es2_&ref_url=https%3A%2F%2Fkaktus.media%2Fdoc%2F427878_iznasilovanie_13_letney_devochki._kyrgyzstancy_trebyut_provesti_proverky_v_otnoshenii_sydi.html

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *