Спикер Дастан Жумабеков “Азаттыкка” маек берип, бир топ суроолорго чекит койду

Жогорку Кеңешке карата коомчулук тарабынаң түрдүү сындар айтылып келе жатканы маалым. Албетте, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, парламентти жалпы журт камчылап турушу кажет. Акыркы учурда экс-президенттин «чимкирик» деген сөзү катуу болду окшойт, ЖоКенин ичи дүңгүрөй түштү. Өйдө-ылдый сөздөр айтылып кетти. Спикер да чарт жарылды.

Кырдаалды коомчулук талкуулап бүтө албай жаткан чакта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бир үзүм маек берип, салмактуу ойлорду айтып, оркойгон суроолорго чекит койду. Сөз башында 6-чакырылыштын депутаттары үзүрлүү иштегенин, бир жыл аралыгында 120 мыйзам долбоорун кабыл алганын, 650дөй токтомду карап, 30 миңге чукул элдин кайрылуусу менен алек болгонун айтып, салмактуулугун көрсөттү. Ага катар, өнүккөн өлкөлөрдө деле парламентке сын айтылып турарын эске салып, парламентти эл шайларын, кырдаалга жараша жооп бериши керектигин билдирди.

Журналисттин: «Алмазбек Атамбаевдин сыны абдан катуу тийип, кол тийбестик маселеси каралып баштадыбы, Текебаевдин импичменттин деңгээлин базардын деңгээлине түшүрдү дегенине кандай карайсыз» деген сындуу куйканы куруштура турган суроосуна да спикер кебелбестен салмагын салып, «Кыргызстандагы мыйзамдардын баары жарандарга тегиз иштеш керек. Экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча алпарылган иш мыйзамдуу жол. Бул маселе кечээ гана чыккан жок. 2018-жылдан бери ар кандай сөздөр айтылды» деди.

Төрага экс-президенттин командасындагы премьер-министрлер, Бишкек шаарынын жетекчилери бүгүн соттун алдында, коррупциялык элементтер менен сурак берип жатканын да баса белгилеп, ким элге каршы саясат жасаса качан болбосун жооп берерин айтыптыр. «Президент менен экс-президент боюнча мыйзамды кабыл алып, келечегин көрсөтүп койдук. 6 жыл тез эле өтөт, ошол учурда жасаган ишиң мамлекетке, элге каршы болсо оор тагдырды күтөсүң деген мыйзамды киргиздик» деди.

Ошону менен бирге спикер: «Мен жөнөкөй депутат катары мыйзамдарга ойлорду ар дайым билдирип келгем, ЖЭБ боюнча да ачык позициямды айткам. Бүгүн чыга калдың деген туура болбойт. Атамбаевдин кемчилигин көтөргөндөр болгон, Өмүрбек Чиркешович айткан. Учурунда бирөөгө көрүнүп, бирөөгө көрүнгөн эмес экен. Бийлик көрсөткөн эмес экен. Кыргызда кыңыр иш кырк жылда дейт, эми ачылды, алып чыктык, көрсөттүк. Сот органдары текшерсин, кылмыш иштери болсо жооп берсин» деди.

Дастан Жумабеков журналистке да татыктуу суроо коюп, «3-4-5 жыл мурун болгон коррупциялык элемеңттерди бүгүн айтсак эмне үчүн сиздин ичиңиз өрттөнүп, чычалашыңыз керек? Же биз көрсөк да көз жумду, бармак басты кылып отурушубуз керекпи? Анда сиз ыраазы болот белеңиз? Эртең айтмаксыз, көрүп туруп ошондо неге айткан жоксуңар, элдин талабын эмнеге талашкан жоксуңар деп чыкмаксыз» деди. Чындыгында калетсиз да, эртең кылмышы ачылган экс-президентти калкалагансыңар деп чекеден чыгып, бетин тытмак.

Ооба, президенттер 6 жыл тайраңдап, каалаганын жасап, коррупциялык жолдор менен мамлекеттин бюджетин жесе, кийинки келген депутаттар туура эмес ишин казып чыгып, ордун көрсөтө турган мыйзам токулду. Мында талаш жок. Төрага президент жана экс-президенттин кепилдиги боюнча мыйзамда баарын так көрсөтүп, эгер кыянатчылык кетсе жаман тагдыр күтөрүн көрсөткөн мыйзамга Сооронбай Жээнбеков кол коюп бергени эрдик экенин баса белгиледи.

Эң орчундуу пикир төрага болор алдында Д.Жумабеков ошол учурдагы президент Атамбаевге кирген кезинде коюлган суроодо айтылды. Төрага: «Алмазбек Шаршенович менен сүйлөшкөндө коррупциялык иштер болсо, мамлекетке кыянаттык кылынган иштер болсо мен жаап-жашырам деген сөздөр болгон эмес. Мен мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берем деп сөз бергем» деп так кесе айтыптыр. Ошол сөзүн бүгүн турмушта тастыктап отурат. Болбосо экс-президенттин кол тийбестигин алуу комиссиясы парламентте түзүлмөк эмес.

«Парламент трибунасынан Матраимовдорду мактап-жактап, элге кызмат кылган адамдар дегениңиз текшерүүчү органдарга жолтоо, басым болбойбу» деген суроого спикер: «Андай ойдон алысмын. Матраимовдун тарыхын баары билип калды, кылган ишине биз баа бере албайбыз, тергөө органдары аныктайт. Мен тойго төрага катары кесиптешим Искендер Матраимовдун чакыруусу менен бардым. Спорт оюндарына ар дайым барып турабыз. Ардагерлер менен жолугуштук, анын соңунда атасына арналган иш чара болду. Эл сыйлаган үй-бүлө экенин көрдүк, 20 миңден ашык эл келип, аксакалдар бата берди, жакшы каалоо сөздөр айтылды» деген жообун узаткан.

Ошого улай Д.Жумабеков сөз болуп жаткан Матраимовдун үй-бүлөсүнө түз көз карашта экенин, «Исмаил ата» фондуна достору акча которгонун айткан Искендер Матраимовдун сөзүнө ынанганын, жаман жол менен байыганы боюнча факты жок экенин билдирген. Сөз аягында, шайлоо алдында берилген убадалардын бири, сүйүнчү пул боюнча иш башталып, мыйзамды кабыл алынганын, Экономика көтөрүлгөндө 50 миң эмес, 100 миңге да чыгарын айтып жыйынтыктаптыр. Кыскасы, бул ирет такшалган саясатчынын оюн айтыптыр. Ийгилик каалайбыз.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *