Сүйөркул Чокморов: “Сүймөнкул Чокморовдой адамдар аз болот, мындай атактуу инсандан эч нерсе аябашыбыз керек!” – деп Сооронбай Жээнбеков бир тууганындай күйүп бышканы эсимде”

— Сүйөркул байке, заманыбыздын залкар инсаны, белгилүү сүрөтчү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган иниси катарында сиз менен маектешүүнү туура көрдүк. Анткени, агаңыз Сүймөнкул Чокморовду жөнөкөй көрүүчүлөр, анын сүрөтчүлүк өнөрү туурасында билгендерге караганда бир тууганы болгондуктан, сиз көп нерселерди жакындан билген адам катары маектешели деп кепке чакырдык.

— Маекке чакырганыңарга ырахмат! Бир тууган агамды актёр же сүрөтчү катары тааныгандарга салыштырмалуу жакшы эле билем. Агам Сүймөнкул атактуу болгону менен өтө жөнөкөй адам болгон эле.

— “Кыргыз өңү, Чокморовдун өңүндөй” атактуу ыр саптарында жазылгандай Сүймөнкул Чокморов дүйнө элине, атактуу актёр катары кыргыз элин таанытты. Чыңгыз Айтматов жазуучу катары, ал эми Сүймөнкул Чокморов өзүнүн кино жаатындагы кайталангыс таланты менен ааламга атагы кетти. Баш калаабыздагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын капталына бир тууган агаңыз Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулду. Сүймөнкул Чокморовду көрөбүз деп келген көрүүчүлөр өз кумирин ал жерден таба алышкан жок деген сын пикирлер көп эле айтылды. Агаңызга тургузулган айкели жактыбы? Чындыгын айтсаңыз…

— Эми, ал эмгектин автору Алмаз Кожогулов деген скульптор жигит. Ал иш бүтүп калганда Маданият министрлигинен келген кызматкерлер, скульптор балдарды ээрчитип барышып, бир туугандары көрүп, ал жердегилер, “Жакшы экен, жакшы экен” деп мактап кетишти. Мен келгенде эле айттым, “Омей, бул кандай болуп калган, бети-башы, үстүндө кийген плашы бырышып-тырышып калган” — деп өз пикиримди айттым. Агамдын айкелин көрүп, ичим чыкпай койгон. Ичимден ”Бул Сүймөнкул Чокморов эмес эле, бомуж же алкаш кылып коюпсуңар!” — деп нааразы болдум. Ал жерде тургандар, “Азыр ылайда жасалганы ошондой көрүнүп жатат, кийин жакшы болот деп мени менен айтышып кеткендер да болду. Башкаларга караганда мен өз бир тууганымды жакшы билемин да. Туурабы? Мага жакпай калгандай, айкел жөнөкөй көрүүчүлөргө да жакпады. Басма сөз беттеринде, электрондук сайттарда канчалаган сын пикирлер айтылды.

— Сүйөркул байке, мен билгенден Сүймөнкул Чокморовдун эстелигине деп “Россия” кинотеатрынын жанынан орун берилгени боюнча маалымат бар болчу. Анткени, Сүймөнкул Чокморов окуган сүрөт окуу жайы бар болчу. И. С. Репин атындагы Ленинграддагы окуу жайын аяктап келгенден кийин бир кезде өзү окуган окуу жайында мугалим болуп иштеген. Андан башка дагы Сүймөнкул агайды атактуу кино режиссёр Болот Шамшиев кино өнөрүнө ушул жерден тапкан, символикалуу жагы да бар. Азыркы шаар башчысы Азиз Суракматов, ак үйдүн айланасына курулуш жүргүзүүгө болбойт деген парламенттин чечимин угуп да койбой, кызматка келээри менен көп кабаттуу имаратын бүтүрүп жаткан кези. Эмне үчүн “Россия“ кинотеатрынын жанына эстелик курулбай калган?

— Жакшы суроо болду. 2006-жылы Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги курулсун деп атайын жер бөлүнүп, уруксат берилген эле. Бирок, ал жерге эмес, эстелик Ала-Тоо кино театрынын жанына коюлсун деген атайын буйрук чыгарылды. Көрсө, “Россиянын” жанындагы жерлерди сатып жиберишиптир да. Жанагы, “Россия” кинотеатры менен Совпрофтун ашканасы бар го, ошол жерден берилген. Кийин Ала-Тоо кинотеатрынын жанынан эстеликтин ордуна жер берилип калды.

— Элибиздин көңүлүнө төп келбей калган бул эстеликтин тагдыры эмне болот? Ушинтип, тура береби…

— Сүймөнкул Чокморовдун бул эстелиги боюнча сындалып чыккан гезиттер эле бир баштык болуп калды окшойт. Ишке ашпай, Сүймөнкулга окшошпой калган айкел катары кайрадан Сүрөтчүлөр союзу менен бирдикте, эми эстелигин башкадан жасаганы жатабыз.

— Сүймөнкул Чокморовдун кийинки эстелиги боюнча конкурс болдубу же дагы деле чиновниктер өздөрүнө тааныш скульпторлорго бере салыштыбы?

— Атайын конкурс жарыяланып, биринчи турга он бештей айкелчилер катышты. Ал эми экинчи турга беш скульптор калды. Анын ичинен үчөө, акырында Азамат Абдырахманов деген скульптордун эмгеги, жалпыбыздын сыныбыздан өттү. Жаш жигит, ошол баардык сынактардан өттү. Азыркы күндө жаш скульптор, Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин ылайдан жасап жатат.

— Сүймөнкул агайдын эстелигинин бийиктиги канча метр боло турган болууда?

— Кудай буйруса, үч жарым метр бийиктеги эстелик болот. Эстелик иштери негизинен аяктап, аны жезден ичинен каптоо иштери гана калды. Мурунку эстеликти алып, жаш скульптор Азамат Абдырахманов жасаган эстелик ошол жерге коюлат.

— Ар бир эстелик, чоң каражат, түйшүк менен жасалат эмеспи. Каражат жагын ким көтөрүп жатат, эгер жашыруун сыр болбосо.

— Ошол Сагынбек Абдырахманов жетектеген фонддун жардамы менен болуп жатат. Ошондой эле жалпы Кыргызстандын элинин жардамы менен чогултулган каражаттын жардамы менен деп айтсам туура болот го. Ошол акчалардын жардамы менен эптеп куруп жатабыз.

— Менимче Ош жергесине да Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин куруу маселеси көтөрүлгөнүн уккан жайым бар эле. Ал жагы унутулуп калган жокпу?

— Жок. “Караш-Караш окуясы” киносундагы Сүймөнкул Чокморовдун атчан турган эстелиги даяр болуп калган. Ошол кездеги мэр Албек Ибраимов, “Мурдагы чечими бар экен. Эми, жөө турган эстелигин бул жерге койгула. Бул жакка атчан кереги жок, атыңарды каалаган, башка жакка алып кеткиле!” деп бизди шылдыңдап кууп жиберген. Ошко барып, Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги коюла турган жерин таап, таш белги коюп келгенбиз. Ал таш белгиге, “Бул жерге, Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулат” деген жазуу жазылды. Ошто марафон болуп, концерт берилип, ал жерде шаардын тургундары, кадырлуу аксакалдар, жаштар менин бир тууганым Сүймөнкул Чокморовду эскеришти.

— Сиз айтып жаткан эстелик кандай көлөмдө болот?

— Сүймөнкул Чокморовдун Ош шаарына коюлчу атчан турган эстелиги даяр турат. Эстеликтин бийиктиги беш метрге жакын болот. Ак-Буура дарыясынын жээгине коюла турган болду. Ал жерде ар кандай кабелдер, анын үстүнөн өтө жогорку чыңалуудагы электр энергиясы өтөт экен. Ошол жерге эстеликтин постаментин орнотууга шаар башчысынан жардам сурап жатабыз. Шаар башчысы өз макулдугун берип жатат. Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине карата коюлуп калат деген жакшы ойдомун.

— Өз сөзүңүздө, Ош шаарында марафон болду деп айтып кеттиңиз эле. Ага ким жетекчилик кылган болчу?

— Марафон жалпы Кыргызстан боюнча өтүп, акыркысы болуп Ош шаарында биз каалагандай көңүлдүү өттү. Ошол кезде Сооронбай Шарипович, Ош областынын губернатору кызматында болчу. Област боюнча марафонду, Ош шаарынын Кыргыз драма театрында көңүлдөгүдөй өткөрө алдык. Сооронбай Шариповичтин жөнөкөйлүгүнө мен таң калдым. Ал менин жанымда отуруп, кай жактан канча акча түшкөнүн баарын өзү көзөмөлдөп карап отурду. Менимче, Сооронбай Шарипович марафондон жакшы каражат чогултулуп, Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Ош шаарына тургузулуп калса деген жакшы ниетин, камкордугуна ыраазы болдум. Бул ошол кездеги губернатор Сооронбай Жээнбековдун, Сүймөнкул Чокморовго болгон мамилеси, анын талантына жасаган таазими деп түшүндүм. Кыргызстан боюнча өткөн марафондордун арасында эң көп акча каражатты Ош областы топтоду. Ошол жерде отурганда да “Сүймөнкул Чокморовдой, таланттуу адамдар аз болот, мындай атактуу инсандан эч нерсени аябашыбыз керек!” — деп Сооронбай Жээнбеков, бир тууганындай күйүп бышканы эсимде. Ошол иш үчүн Сооронбай Шариповичке, жалпы Ош областынын элине биздин Чокморовдун бир туугандарынын, айылдаштарынын, жалпы жердештеринин атынан өз ырахматымды айтып келем.

— Сооронбай Жээнбековдун, Сүймөнкул Чокморовго болгон мындай ызаатын, жакшы мамилесин, күйүп бышканын эмнеден деп түшүнсөк болот?

— Менимче, Сооронбай Шарипович да студент кезинде мыкты волейболчу болгонун көбү билбесе керек. Азыркы президентибиз, Айыл чарба окуу жайында окуп жүргөн кезинде волейболду мыкты ойноочу. Арык келген, бою, чачы узун зоофакта студент болчу. Мен ал жерде мугалим болчумун, кийин спорт комитетке которулуп кеттим. Анткени, алардын үй-бүлөөсүнүн баарысы, биздин үй-бүлөөбүз – менин агаларым, карындашым да баарысы волейболчулар. Биздин үйдөн эле төртөөбүз республиканын курама командасында, Чокморовдун бир туугандары ойноочу элек.

Маектешкен Б.Сапарбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *