Сүйүнбай Арабеков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу мамлекеттик изилдөө департаментинин директору: “Кыргызстанда долбоор менен иштеген уюмдар аябай алсыз”

Курулушка долбоор даярдап, анын баарын курулуш изилдөө департаментине өткөрүү чоң түйшүк. Себеби ал жерде өз ишин ийне жибине чейин билгендер олтурат. Анын үстүнө эгерде кичине эле ката кетирсе башы менен мыйзам алдында жооп беришет. Кардарларга жакшы шарт түзүп, коррупцияны жоюу үчүн департамент бирдиктүү терезе программасын иштеп чыкты. Программа кандай багытта иштейт, качан ишке ашып санариптешүүгө өтөт деп курулуш тармагындагылар тынчсызданып жатышкан кези. Департаменттин директору Сүйүнбай Арабеков баарын ишке ашырууга бизге үч жылдай убакыт керек дейт.

—Сүйүнбай Токтосунович, «Бирдиктүү терезе» проектиси качан ачылган? Өкмөт тараптан канча каражат бөлүндү, кайсы максатта каржыланат?

—Бирдиктүү терезени биринчи жолу 2008-жылы Архитектура кызматы ачкан. Бирок ал система өз кызматын толук аткарып бүттү деп ойлойм. Мурда мамлекеттик курулуш агенттигинен гана курулушка изилдөө жасап берчүбүз. Улам мыйзамдар өзгөрүп өрт өчүрүүгө, экологияга изилдөө жүргүзүүчү кызматтар пайда болду. Мыйзам боюнча экологиялык изилдөөнү чыгарыш үчүн чоң имараттарга 90 күн, биздики 20 күн, өнөр-жай коопсуздугу боюнча кызматтарын изилдөө болуп олтуруп 170 күндө бүтөт. Бул үчүн курулуш тармагында иштегендерге аябай кыйын болуп көрүнгөн жактарга чуркап документ топтошчу. Эсиңиздерде болсо керек, мамлекеттик курулуш агенттигинин биринчи кабаты ижарага берилип кеткен. Ижара алгандарды чыгарып, оңдоп-түздөп бирдиктүү терезеге ылайыктап, анан эксперттерге кабинеттерди жасадык. Биздин изилдөө жүргүзгөн кызматкерлерибиз башка имаратта олтурушчу. Аларды алып
келип жайгаштырып, бирдиктүү терезени ачтык. Бир сөз менен айтканда эксперттерди бир жерге жайгаштырып жатабыз. Учурда өрт өчүрүү менен экологиялык жактан изилдеген эксперттер да биздин эксперттер менен кошо олтурушат. Керектөөчүлөр бир гана жерден документтерин бүтүрүп кете беришет. Бул эл үчүн аябай ыңгайлуу.

—Өкмөт бирдиктүү терезе боюнча канча бөлүп бергенин айтпай жатасыз…

—Бирдиктүү терезенин биринчи этабына мамлекет бир сом берген жок. Баарын өзүбүз демөөрчү таап, жасадык. Бирок азырынча бир дагы документ электрондук системага өтө элек. Жаңыдан бирдиктүү терезени ишке киргизип жатканда 300 000 рублге Россиядан программаны сатып алганбыз, ал иштеп жатат. Азыр электрондук түрдө документтерди кабыл алганга даярбыз. Ошентсе да ортодо толгон токой маселелер чыгууда. Документтерди кабыл алуу үчүн электрондук санарип кол коюлушу керек. Буга долбоор жасаган компаниялар азырынча даяр болбой жатышат.

—Эксперттер баардык талаптагыдай системада иштешеби?

—Талаптагыдай болууга аракет жасайбыз. Мисалы электрондук системада иштеген кызматкердин маңдайында эки чоң монитор туруп, баардык документтер, актылар ачык турушу керек эле. Андан башка программа иштеп чыгып, сервер жана компьютерлерди сатып алыш керек. Ага акыбалыбыз жетпей өкмөткө 27 миллион сом сурап кайрылганбыз. Азыр өкмөт 18 миллион бөлүү боюнча токтом чыгарган, бирок каржы министирлиги акчаны бере элек. Мен иштейли деп баардык эксперттерди компьютер менен камсыз кыла албай жатам. Жана айтып кеткенимдей, ӨКМнин жана экологиялык изилдөө кызматын бизге өткөрүп бергиле, кызматкерлерин ишке алабыз деп мыйзам иштеп чыктык. Күзүндө өкмөткө берсек, алар Жогорку Кеңешке алып чыгышат. Депутаттар колдоп берсе бизге көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлөт. Ага даярбыз.

—Өлкөнүн баардык курулуш тармагына сметалык документтердин экспертизалык уруксат документтерин сиздерден алышат. Документтер бекер берилеби же акчагабы?

—Документтер бекер берилбейт. Биздин кызматты өкмөт бекер кылып койсо жеке менчиктер иштей албай калышпайбы. Өкмөт өзү бекитип берген суммага жасайбыз. Бирок так суммасын айта албайм. Себеби алардын функциялары өтө көп. Биз менен кошо эле жеке менчик изилдөө мекемелерин да иштөөсүнө шарт түзөлү деп жатабыз. Ал эми төлөнгөн баага келсек, ар бир кабат үйдүн же кафенин чоңдугуна жараша эсептелет. Анан баалары ар кандай болот. Экспертизага өткөрүү үчүн бир жылда жок эле дегенде эки миңден ашык документ түшөт. Анын баарын карап чыгып, оңдоп кайра артка кайтарып, алар катасын оңдоп келип, кайра уруксат бергенче көп убакыт өтөт. Кыргызстанда долбоор менен иштеген уюмдар аябай алсыз. Илгеркидей баардык тармактагы долбоордук уюмдар жок. Келген долбоорлорду көрсөң жаның кейийт. Баардык документтерге ачык, так келишим түзүлөт. Аны жашырбайбыз.

—Мисалы 5 жылдын аралыгында изилдөөлөрдөн жалпы канча каражат түштү?

—Туурасын айтсам, 5 жылда канча түштү билбейм. Чогулган акчалар эксперттердин айлыктарына, соц фондго, салыкка, анча-мынча иштегендерге шарт түзүп бергенге жумшалат. Мамлекеттен бир сом албайбыз.

—Айлык маяналар кандай өлчөмдө төлөнөт?

—Кичинекей айлык менен эксперттерди кармай албайм. Маяналары аз бирок, сый акчаларды берип турабыз. Жакында эле эки эксперт пенсияга кетти, ордуна таба албай жатам. Жалпылап айтканда бир айда 80 миңге жакын акчаны колуна алышат. Эгер аны бербесек 2 миң доллардан төлөгөн жеке менчик ишканаларга кетип калышат. Тажрыйбалуу, билимдүүлөрдү кармап туруш үчүн көбүрөөк акча беришибиз зарыл. Азыр долбоорлорго биздин эксперттер калтырап-титиреп кол коюшат. Анткени мыйзам боюнча шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деген эки берене коюлган. Былтыр аскердик прокуратура онго жакын өзгөчө кырдаалдарды изилдеген эксперттерди эки айга камап, үчөөнү соттоп жиберди. Алардын кебетесин кийүүнү бир да мекемеге каалабайм.

—Бирдиктүү терезени коррупцияны жоюу үчүн түзгөнсүздөр. Эксперттер иштеп жаткан бөлмөгө эч ким кирбейби?

—Эксперттердин өкүлдөрү олтурган бөлмөгө эч ким кирбейт. Буга чейин анча-мынча кирип кеткен окуялар болгон. Акча өкмөттөн бөлүнгөндө камера алып, баардык жактан карап тура турган кылабыз. Буюрса, чип системасынын магниттерин да алмаштырабыз. Кире бериштеги чоң залга келип, кардарлар биздин өкүлдөр олтуруп, долбоорду талкуулап коллегиялык түрдө карашат.

—Журналисттерге берилген маалыматтар боюнча экспертизага электрондук документтерди кабыл алуу максатында көптөгөн иш-чаралар өткөрүлгөн, көп акча жумшалган. Азыркы абал кандай, ушул киргизген системаңыз иштедиби?

—Биз даярбыз бирок, буюртма берүүчү тараптар буга даяр эмес болуп жатат. Айрымдары электрондук санарип кол коюу кандай экенин билбей жүрүшөт. Жакында эле «Инфоком» компаниясынан өкүлдөрдү келип санарип кол коюуну үйрөтүп кетишти. Бир долбоордо канча киши иштесе баары кол коюп, жетекчиси бекитет. Буюртма берген компаниянын өкүлү көтөрүп келип бизге тапшырат. Альбом түрүндө болсо бир эксперт аны текшергенде, башкалары күтүп калышууда. Электрондук вариантында бизге долбоорду тапшырып жатканда PDF вариантында беришсе аны эч ким өзгөртө албайт. Муну да даярдап бере алышпай, учурда алышып олтурабыз. Мындай нерсеге өтүүгө көп убакыт керек. Казакстан үч жылда өтүп бүткөн үнө эки жыл болду.

Россия дагы өткөрүп алышты. Азыр биз да өтүүгө аракет жасап жатабыз. Буюртма эки жылдан кийин бүтүп калса кыйналбай калабыз.

—Долбоорлор электрондук вариантта болсо бир эле флешка менен келет да…

—Ооба, ошондой болот. Түштүктө кытайлар Түркмөнстандан Кытайга Кыргызстан аркылуу газ куурун алып өтүп жатышат. Анын долбоорун экспертизадан өткөрүү үчүн кичинекей жүк жүктөөчү машина менен алып келишти. Эшикте 21-кылым, биз дале кагаз ташып жүрөбүз. Мындай нерседен кутулуш керекпиз. Азыр ошол бир машина долбоордогу кагаздарды эксперттерде таратып бердик. Эгерде мен жогоруда айтып кеткен система менен иштесе, жүк машинада ташыбай, флешка менен тапшырып коймок да.

—Сөздөрүңүзгө караганда бирдиктүү терезенин биринчи этабы иш баштай элек экен. Экинчисин эмнеге баштап атасыздар?

—Өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов долбоорлор имаратка кирген соң кайра чыкпасын деп айтты. Изилдөө керек болгондор мамлекеттик курулушка, ӨКМга, экологдорго бир жерге арыз таштап кете беришет. Аны эксперттер текшерип, кардарлар чыккан корутундуну алышат. Баарын бир жерге архив кылып сактап койсок кийин издегенге жакшы. Экинчи этаптагы программада өлкөнүн баардык аймактар менен байланышып долбоорлорду карап, эксперттердин кимиси бош болсо карай беришет. Өкмөт акчаны берсе тендер уюштурабыз, программаны ишке киргизип, элди үйрөтүп бүткөнчө бир жылдай убакыт кетет го.

—Өкмөт бөлүп жаткан 18 миллион сомдон ашык акча туура эмес иштетилип кетсе ким жооп берет, сизби?

—Ооба мен.

—Азыр чуулдап жаткан ЖЭБ, кылым курулушуна айланып бараткан Тамчы-Корумду жолуна изилдөөнү сиздер жүргүзгөнсүзбү?

—Туура, биз изилдегенбиз. Изилдегенде долбоорлордун гана сапатын текшеребиз. Башкасына кирише албайбыз. ЖЭБ боюнча айтсам, сметасын кийин чыгарып бергенбиз. Мага чейин текшерилип, жыйынтык берилиптир. Акыркысын тапшырышкан экен, азыр карап жатабыз, бүтө элекпиз.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *