Сулайман Кайыпов: “Буулуккан булбулум ай…”

Атаңдын көрү-ү-ү, дүйнө бок! Кайран булбул… кайда шашты, арман күн! Эмне болуп кетти… кандай болду… ушундай да болобу… Карбаласка салдың го, суруң гана курган суук кабар! Оо, эсил кайран, колпочтон чыккан кадимки кара сакал Эшмамбеттин майнабы, арышың кенен, басыгың бат, мараң жакын турбайбы, көрсө. Кантели… Ыйманың саламат болсун, буулуккан булбулум деп, акыретиңди тилеп, бата тарткандан башка бизде арга жок эми…

Атаңгөрү десең, ойло-о-п-ойлоп отурсаң Элмирбек кечээки эле бала эмеспи… Ооба. Элмирбек биринчи жолу республикалык айтышка 14 жашында келип катышкан. Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анда унутулуп бара жаткан айтыш өнөрүн жандандырабыз деп жан үрөп жүргөн жаш кезибиз эмес беле. Ошол Элмирбек катышкан айтыштын калыстар тобунда мен да бар элем. Жаңылбасам, Ашыраалы Айталиев төрагабыз болучу. Айтыш башталардан бир кун мурун бир кырктар чамасындагы безеленип сүйлөгөн бир аял сары чийкил, көздөрү күлүңдөгөн бир жаш баланы жетелеп келип: “Мына бул баланы Токтогулдан атайын алып келдим. Кадимки Эшмамбеттин кызынын небереси. Бул таланттуу бала, мен эжесимин. Айтышка катышып көрсүнчү, сынап көргүлөчү. Жараса, батаңарды бергилечи…” деп безилдеп жатып, маңдайынын тер чыгып, көзү нымдаша түштү. Иним деп, таланттуу деп, күйүп-жанып жатканына аябай ыраазы болдум. Ичимен “эже болсоң ушундай бол” дедим.

Элмирбек айтышка катышты, жөн бала эмес экендиги адегенде эле көрүндү. Элмирбек менен курбалдаш дагы бир бала келген эле, аты эсимден чыгып кетти. ”Элмирбек бала да болсо, сылык, токтоо, сөзгө эпчил экен. Тигил бала да дурус, бирок чогоолураак көрүнөт. Тарбияласа, экөөнөн эки башка, бири-бирине окшобогон ырчы чыгат” деп баалап, өзүбүзчө кудуңдаганыбыз эсимде. Бирок, кийин берки баладан дайын болбоду.

Айтыштын аягында Элмирбектин баягы эжеси келип: “Ашыке, Сулайман, экөөңөрдү бир үйгө чакырып, укөмө бата алып берейин деп жатам. Сөзсүз баргыла, айылдан келди деп тоготпой койбогула. Бул эскиден калган салт, улуусу бата бербесе, жолун ачпаса, кичүүсү өнүп-өспөйт” деп безеленди. Мен: “Ашыкем бата берсин. Ушу кишиники өтөт. Менин батам эч нерсеге жарабайт ко. Ашыкем барсын” дедим. “Жок…” деп, асылгандан асылды. Мен “отуздун тегерегиндеги неме болсом, тамак ичкени баргансыбай” деп тартынгам. Акыры Ашыкем адатынча мени сөгүп-сагып, капталыма түрткүлөп жатып алып барды. Ал киши ошондой, ыгы келген жерде зордукчул эле.

Бардык. Ош базарына жакын жердеги бир жапыс үйдүн верандасына дасторкон жайып коюптур. Элетте элдин колу жукарып, дасторконго коюлчу азык сейрээктеп калган учур болучу. Барып, конок каадасын кылып отурдук, ыкыласы үчүн ыракмат айттык. Анан акырында Ашыкем алакан жайып, баркылдап, кирген буурадай толкуп-ташып айтып келип, мага: “Сөз кош!” деди. Мен да даярдап алган каалоомду айттым, анан Ашыкем батаны соңуна чыгарды. Элмирбекти маңдайынан өптүк.

Элмирбектин эжесинин бактылуу болгонун айтпа. Аябай сүйүнүп калды. Бир кишини сүйүндүрүп койгонубузга ыраазы болуп, Ашыкем экөбүз ошол жерден Ленин проспектиси менен чыгышты көздөй жөө салдык. Ашыкемин жүзүн нур чалып, жайдарылана, өткөн-кеткенден кыйкыра кеп салып жүрүп отурду. Ленин проспектиси менен Правда көчөсүнүн кесилишине келгенде Ашыкем: “Мен үйүмө жеттим. Давай… эртең эртерээк кел” деп, үйүнүн короосуна кирип кетти, мен андан ары жолумду уладым. Ошентип, айтыштын эртеси да болду, Элмирбек касиеттүү Ашыкемдин батасын алып, бул өнөрдү таштабоого сөз берип, эжеси менен Кетмен-Төбөгө кайтты. Төкмөлүктү башка өнөр менен алмаштырбай турган болду.

Элмирбек тез жетилди. Тез эле башка өнөрлөрү да чыкты. Өзү шакирт күтө баштады, бараалына толуп, кемелине келип, бакубат төкмө болду. Анда-мында, кайсы бир жыйындарда кол алышып калбасак, байланышыбыз деле болгон жок. Бир ирет, интернеттен ал-акыбалын, баягы эрчитип келген эжесинин ден соолугун сурап кат жазсам, жооп берген жок. Иии, унутуп калган тура деп койдум.

Анан, өткөн жылдын күзүндө Олжобай Шакирдин Опера-балет театрында өткөрүлгөн чыгармачылык кечесинде Элмирбек экөөбүз капилет жолуктук. Үмүт Култаева карындашым экөөбүз бир катарда отуруп тиригликтин кайсы бир маселесин сүйлөшүп жаткан элек. Бир жайдаңдаган жигит салам айтып келип, так алдыбыздагы орундуктан жай алды. Карасам, баягы Элмирбек. Шакирттерин да артынан эрчитип алыптыр. Үмүт экөө да жакшы тааныш экен. Ал-абал сурашкан соң: “Элмирбек, баягы Ош базарынын жанындагы үйгө Ашыкем болуп барганыбыз эсиңдеби?” дедим. “Эсимде, ал күндү унутпайм” деп, күлүп калды. “Ошол сени алып келген эжең аманбы?” дедим. “Аман. Айылда, аман” деди. “Тууганга күйсө ошондой күйсүн. Тим эле безеленип турду эле. Мээнети бекер кеткен жок, сен мынтип мыкты акын болдуң. Сенде ошол кишинин акысы көп. Айылыңа барып калсаң, ошол эжеңе менден салам айт” дедим. Акыркы көрүшкөнүбүз ошол болду. Эжесине саламымды айттыбы-айтпадыбы, ал киши азыр барбы-жокпу, билбейм.

Элмирбек жанга жакын, бир көргөн кишинин эсинде унутулбай кала берчү жан эле. Көп кырдуу талант эле. Мен акмалап, жазгандарын көрө калсам калтырбай окуп коюп жүрдүм. Сөзсүз жаңы бир нерсе табасың. Анын көөдөнүндө кайталангыс чебер, көрөгөч, сезимтал аңгемечинин жетилип калганын да байкаган жайым бар. Балким, кара сөз түрүндө жазган чыгармаларынын кол жазмалары калгандыр…

Элмирбек, эжеси айткандай, чоң таятасы Эшмамбеттин жолун улады. Эшмамбет кошок айтуунун теңи жок устасы болгон. Бала болуш Байгазынын көзү өткөндө алты ай бою сакал мурутун, чачын албай аза күтүп, анан жайлоодон кыштоого келгенге чейин ат үстүндө кошок айтып келген. Ал кошок акындык өнөрдүн шедеври болгон. Элмирбек да кошок айтууга келгенде ойдо жок саптарды, муң толгон обонду шаңшытып турар эле. Бул жагынан эч кимди алдына салган жок.

Ооба, кыргыздын аттуу-баштуусунун баарынын кошогун Элмирбек кошту эле. Эми анын кошогун өзүнө тете кылып ким кошор экен, армануу дүйнө. Аалы кошобу… Жеңишбек кошобу… Азамат кошобу… Ким болсо да ичинде арманы бар бирөө кошот-ов. Шакирти Акматбек куп келтире кошуп салар бекен же… Ооба, ким болсо да, ичинен сызылып, сыздап жүргөн армандын кекире даамын татып көргөн бирөө кошот.

Эми, Элмирбек үкөм, түбөлүк жайга эртерээк жөнөп кеттиң. Теңирим жаткан жериңди нурга бөлөсүн. Сен элиңдин эсинде нур жүздүү, пендеге жугумдуу, орошон таланттуу уул катары кала бересиң. Аз убакытта көп кызмат өтөдүң. Кош бол, үкөм, кош бол булбулум.

Элмирбектин үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына, жакындарына, алардын кайгыларын тең бөлүшүү менен, сабыр тилейм. Айрыкча, баягы, Элмирбектин аны айтышка алып келген эжесине Жараткан күч-кубат, саламатчылык, кайрат берсин дейм. Аль-Фаатиха…

Сулайман Кайыпов, профессор

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *