Султан Урманаев, экс-министр: Өлкөбүздө адилеттүү соттор калбай калды, а УКМК болсо “монстрга” айланды

Султан аксакал быйыл туура 70 жашты арытты. Чапчаң жүрүшү бар, акылы тунук бул инсан Балыкчы калаасында турат. Гезитти калтырбай окуп, жаштардан кем калышпай интернеттин ичегисин чубайт. Айрымдарчылап коңулга башын катпай, мезгил-мезгили менен биздин гезит аркылуу коомдогу тикен болуп сайылган көйгөйлөр тууралуу үн катканы кубандырат.

– Султан аба, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча маселелер көптөн бери жогорку бийлик тарабынан айтылып, иш-чаралар белгиленип да келе жатат. Андан тышкары, президент 2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялады. Сиз өндүрүш жаатында тажрыйбалуу адамсыз, өзүңүз жашаган Балыкчы шаарында, жалпы эле Көл кылаасында эмне жылыштар болуп жатат, айтып берсеңиз?

– Өлкөнүн экономикасы – бул баарыбыздын жашообуз, мамлекеттин коопсуздугу. Экономикасы күчтүү өлкө – көз карандысыз өлкө. Экономиканы өнүктүрүү үчүн бийлик адегенде элге багыт берип, элдин патриоттук сезимин ойготуп, андан соң бизнестин өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзүп берсе, экономика өнүгө баштайт го. Менимче, бизде андай болбой жатат. Сөздөр Акүйдө эле айтылып, гезиттерде жазылып, радио, телевидениеде чексиз кайталанганы менен жер-жерлерде уюштурулуп жаткан иштерди көргөн жокмун. Эл болсо мурдагыдай эле өз алдынча күнүмдүк жан багуунун аракетин көрүп жаткандай. Мамлекеттин жогорку бийлиги айтып жатпайбы: «Эй, жергиликтүү бийлик органдары, ишкерлерге шарт түзүп бергиле. Инвестиция тартып, эмгек орундарын ачкыла» деп. Андан жыйынтык чыгып атабы? Жок да. Мисалы, мен Балыкчы шаарынын мэрин 2017-жылдын күз айынан бери көрө элекмин. Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугууга чакырышканынан барып, аны ошол жерден көрдүм. Өндүрүш ишканалары биринин артынан бири токтоп, өлкөнүн экономикасы кургуйлап эле ылдыйлап кетип баратат. Мен мамлекеттик бийликтин өндүрүшкө кылган чыныгы жакшы мамилесин, өндүрүштүн иштеп жатканын жакында Белоруссия, Өзбекстан, Казакстандан көрдүм. Чымкенттин чекесинде эле жеке менчик уй ферманы, робот менен уйларды саадырып жаткандарын жана ал жердеги сүттү кайра иштетүүнүн алдыңкы тажрыйбасын көрүп оозум ачылды. Буга жеткендигинин себеби, казак бийлиги бизнес чөйрөсүнө көп жылдык жеңилдетилген насыя, субсидия берип, иштерин көзөмөлдөп, жардамын берип турат экен. Ал эми Белоруссия бийлигинин бул жаатта кылган ишин сөз менен жеткире албайсың. Өлкөдөгү тартип, элинин аң-сезими биздикинен таптакыр башкача. Бизде анын бирөө жок. Жергиликтүү бийлигибиз болсо жер сатуу менен эле алектенип, коррупцияга кирип кетти. Аларга өзүм күбөмүн. Алардын кылыгын айтып да, жазып да жатабыз. Уккан киши жок.

– Айтыңызчы, өлкө башчы, өкмөт жетекчилери жана депутаттар эл-жерди кыдырып, алардын көйгөйлөрү менен таанышып, аны чечүүнүн жолдорун издеп жаткансыйт. Сиз да көйгөйлөрдү козгоп, аларды чечүүнүн жолдорун сунуштап жатасызбы?

– Бизде көйгөйдү уга турган да бийлик жок экен. Президент, өкмөт башчы региондорду кыдыргандагы жолугушууга жергиликтүү бийликтин аткаминерлери куду Атамбаевдин учурундагыдай эле тандалма адамдарды, керектүү кошоматчыларды гана чакырып, документтери менен киргизип калышыптыр. Бул эмне дегендик? Кире албагандар жерге түкүрүп, аларга нааразы болуп жатканын билишпейби? Элден качып, жолугушуунун жаңы моделин ойлоп тапкандар деле жыргап кеткендери жок да. Өкмөттүн улам бир чет жерге барып тажрыйба алып, коррупцияга каршы күрөштү үйрөнүүсү жакшы, бирок, элдин үнүн угуп койсо жаман болбойт эле да.

– Коррупцияга каршы күрөш маселеси кандай?

– Биздеги эң чоң көйгөй – бул коррупция. Бүгүн адамдарда абийир, коркуу деген калбай калганбы, айтор, бийликке жутунгандардын баары эле чоң акча табуунун кыска жана жеңил жолун издеп калышканбы (?) деп ойлойм. Анткени, акыркы эле айлардагы Бишкектеги жылуулук борбору, мэриясы боюнча ачылган чуулгандуу иштерди кара. Эми мындай акмакчылыктар чоң-кичинеси менен жер-жерлердин баарында эле болуп жатат да. Аларга бийликтин колу жете элек. Кийинки учурда коррупция айрыкча сот системасында, укук коргоо жана фискалдык органдарында гүлдөдү бейм? Бийлик «сот системасын реформа кылам» деп аны таза өлтүрдү. Адилет, таза соттор өлкөдө дээрлик калбай калды окшойт. Соттордогу коррупциянын өсүшүнүн дагы бир себеби, өздөрү төрагаларын, алардын орун басарларын шайлап алуусунда болду окшойт. Анын кесепетинен соттор өз ара кеңешип, иштерди бөлүп алышып, бири-бирин колдоп, каалагандай мыйзамсыз чечимдерди кабыл алышып, Кудайын да унутушту. Биз алардын 2012-2014-жылдардагы жок мыйзамдардын негизинде кабыл алган чечимдерин буздура албай тажадык. Алардын кылыгы тууралуу жазбаган орган, барбаган жер калган жок. Биздеги мыйзамдар адилеттүү, ыймандуу, билимдүү гана судьяларга кабыл алыныптыр. Ошондуктан, аларды жазалоо маселеси мыйзамда жок экен. Соттор кылган ишине жооп бербегенден кийин каалаганын кылып атат да. Мындай акмакчылыкты кантип жоюу керек? Ал качанкыга чейин созулат? Мурда жок дегенде Жогорку соттун президиуму деген бар эле. Кээ бир иштерди ал карап, соттордун кетирген каталарын оңдошчу. Бүгүн аны да жоготушуптур. Коррупцияны жоюуда парламент да четте калбай, кош маанини туюнткан мыйзам эрежелерин ондошу керек. Кош маанини туюнткан мыйзамдар сотторго Кудай берди болгон менен аларга көптөгөн нааразычылыктарды жаратууда. Мыйзамдарды тактоо боюнча Жогорку Кеңешке берилген сунуштарды бүгүнкү депутаттар карашпайт экен. «Мыйзамсыз сот актыларын кабыл алган соттордун эсебин кеч болсо да таап, акыры алардын түбүнө жетем» деп президент коркутуп жатат. Бирок, андан корккон бир да сот жок. Президент качан, кантип эсебин табат? Билбейм. Мыйзамдарга тезинен өзгөртүү киргизишпесе, кийин ал кызматтан кеткенде «сен Конституцияны бузгансың» деп оппоненттери аны айыпка жыгышпаса болду. Бизде баарын күтсө болот да.

– Султан аба, азыр Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы бир топ чуулгандуу иштердин бетин ачып, коррупция иштери боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Буга көз карашыңыз кандай?

– Коррупцияга байланышкан иштерди жалгыз эле УКМКга берип коюш туура эмес го. Анткени, коррупцияга каршы күрөштү жалпы эл өзү түп көтөрүлө колдоп, колго албаса натыйжасы аз болот да. Өлкөдө болуп жаткан жаман-жакшынын баарын коомчулук көрүп-билип, байкап турат. Элдин көзү көрөгөч болсо да бийлик көпчүлүктүн үнүн укпай жатат. Жер-жерлерде коррупцияга каршы «дың» эткен бир жан жок. Россияда «Элдик фронт» деген кыймылды уюштурушту го. Ошондой болсо эффективдүү болмок. Коррупцияга байланышкан иштер боюнча тергөөнү жалгыз атайын кызмат жүргүзүшүн туура эмес деп эсептейм. Анткени, УКМК – жабык «монстр». Булардын ишине эч ким кийлигише албайт экен. Бүгүн «кой деген кожосу жок» алар жасап жаткан былыктарды ким текшерет? Бул кандайдыр бир үй-бүлөлүк подряд дегендей болуп жатпайбы. Муну деле Россиянын тажрыйбасын алып, тергөө иштери боюнча өз алдынча мамлекеттик орган түзүп койсо болбойт беле? Реформа ошондон башталат да. «Коррупция боюнча тергөөнү жалгыз коопсуздук кызматына берип коюш туура эмес» деп жадагалса укук коргоочу Рита Карасартова айым деле көптөн бери айтып келатат. Айтканы туура эле да. Же бир аны уккан киши жок. Пара менен кармалгандардын иши эмне мамлекеттик сырбы? Бир эле органдын кызматкерлери оперативдик кызматты да, тергөөнү да чогуу жүргүзүшкөндөрү туурабы? Ошондон пайдаланып, «карга карганын көзүн чокубайт» болуп, анын кызматкерлери өз ара сүйлөшүп алышып, көмүскө иштерди жасашпайт (!) деп ким айта алат? Алардын кыңыр иштерин ким ачыктайт жана иликтейт? Ушул суроого башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери Чалбаевдин иши мисал болчудай. «Кабинетинен ири суммада акча кармалды» деп аны камап коюшту. Макул, камашсын. Бирок, «ошончо акчаны алып кабинетине коюп койгон прокуратуранын жооптуу кызматкери соо адамбы же жаш балабы?» деген суроо жаралбайбы? Андан тышкары, Чалбаевдин кабинетине акчаны алып кирип таштап кеткен Полотов өзү коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери жана башкы прокурордун ага жардамчысы болсо, ишти кандай деп түшүнсө болот? Полотов болсо өзү 14-апрелде ички иштер кызматынын кызматкерлери тарабынан пара менен кармалып, анан бошотулган. Эртеси башкы прокурор шефи кызматтан кеткенден кийин коопсуздук кызматындагы достору менен өз ара сүйлөшүп алышып, Полотовду куткаруу үчүн уюштурулган жол  эмеспи? Милиция органдарынын журналдарында катталган чакырыктардын, видеоматериалдардын көчүрмөлөрүн Чалбаевдын  жакындары көтөрүп жүрүшпөйбү? Муну эмне десе болот? Тергөө ишинин атайылап созулушу жана анын баары кимдердин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканы кашкайып эле көрүнүп турбайбы? Муну билгендер аны аңыз кеп кылып айтып жүрүшөт го?..

Канжар Борпошов

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *