Султан Жумагулов, Маданият, маалымат жана туризм министри: Эски жайытымды эстеп, ушунчалык бир нерсе жазгым келет…

– Султан мырза, бута дейре өп-чап айлыкта жашаган маданият кызматкерлеринин турак жай көйгөйүн чечүү боюнча саамалыктар башталгансыды эле. Демилге качан ишке ашчудан? Бөлүштүрүүгө келгенде кыйла эле ызы-чуу менен коштолот го ээ?

– Ооба, биринчи жолу маданият кызматкерлери үчүн 198 батирлүү төрт үйдүн курулушуна негиз салынды. Бул үчүн жерлер казылып, аныкталган. Быйыл бул турак жайлар үчүн өкмөт бюджеттеги таңкыстыктын айынан каражат бөлө албай жатат. Бирок, бул үйлөр эртели-кеч сөзсүз курулат. Албетте, төрт үй тең быйыл бүтүп калса жакшы болмок. Азырынча «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңүүдө». Анан калса биздин кызматкерлер үчүн курула турган үйлөр баш калаанын Кара-Жыгач конушунда. Бул жакка биринчи жолу көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткандыктан, техникалык шартына ылайык батирлерге жылуулук алуу жагы кыйынчылык жаратууда. Эгерде ал жерде буга чейин көп кабаттуу үйлөр курулса, анда өзүнчө жылуулук трасса салуу оңой болмок. Ал эми бүткөн батирлерди ар бир маданият мекемелери өздөрү чечкендей квота менен бөлүштүрөбүз. Анан да үй ала турган ар бир кызматкерибиздин үйү бар-жогун атайын кызматтар аркылуу да тактап чын -бышыгын билген соң гана беребиз. Себеби буга, чейин берилген ведомстволук үйлөрдөн айрымдары экинчи экинчи, үчүнчү үйлөрүн алып ийишип, азыр жакалашып жатканынан да кабардарбыз. Маданият кызматкерлери үчүн ыйгарыла турган үйлөрдү кадыр-барк, атагына карабай туруп бөлүштүрөбүз. Аныгында, аттуу-баштуу маданият кызматкерлеринин көпчүлүгү үй албай жүрө беришип, алышса да учурда шарты өтө начар үйлөрдө жашап жатышат. Алтургай маданиятка эмгек сиңирген айрым өнөр адамдарынын чакан үйдө тыгылып жашап жаткандары да бар. Андай катмардагы кесиптештерибизге эки бөлмөлүү үй берип, бирок, анын жашап жаткан бир бөлмөлүү үйүн алып, алгоолоштуруп иш кылмакчыбыз. Үй берүүдө сөзсүз нааразылык болот. 198 батир менен ушунча маданият кызматкеринин турак жай көйгөйүн чечүү абдан кыйын. Ошого карабай, мындай саамалыктын башталганынын өзү жакшы болду. Муну менен токтобой, кызматкерлерибиз үчүн ипотекалык негизде үй берүү жагын карап көрүүнү да ойлонуштуруп жатабыз.

– Маданият жаатындагы өнөр адамдарына сыйлык, наамдарды ыроолоодо адилетсиз саясат жүрүп, бирин-экин жеңил-желпи чыгармалары аркылуу өң-тааныштык менен сыйлык алышкан «чырпык ырчы-чоорчулар» бар экени маалым. Маселен, өткөн жылы 70 жылдыгы белгнленген белгилүү өнөр жылдызы Марат Алышпаевге эмнеге ушул кезге чейин мамлекеттик деңгээлдеги татыктуу сыйлыктарды берүүдө сараңдык кылып жатасыңар?

– Албетте, Марат Алышпаев кыргыз театр өнөрүнүн кышын кынаптап, чоң салым кошкон инсандардын бири. Биз Марат Алышпаевдин потенциалын дагы да колдонушубуз керек. Мындан аркы сыйлык берүүдө Алышпаевдей кыргыздын өнөр инсанын сөзсүз түрдө эске алабыз. Ал эми сыйлык, наам берүүдө калыссыздык болбой, калпыстык болуп келгени жашыруун деле эмес. Төбөдөн түшө калып, капталдан качырып келип сыйлыктарды алып кеткендер болгон. Муну танбайбыз. Сыйлык берүү жагын  реформа кылыш керек. Албетте, азыркыдай жарыбаган айлыкка иштеген өнөр адамдары сыйлыкка муктаж болушат «мен дагы бармын» деген мааниде. Бир кездери Салижан Жигитов айтмакчы, «орден-медалга умтулган өксүгүбүз бар элбиз» да.

Иш күнүм таң эрте саат 7ден 40 мүнөт өткөндө башталып, кечки 8ге чейин уланат. Саат таңкы 8 жарымдан баштап ырчы-чоорчу, жаш-карысы дебей, кабылдамама келишет. Ошолордун бири да «системанын бул жерин оңдосоң, тигил жерине мындай сунушубуз бар» деп идея берип, көмөк көрсөткөндүн ордуна «таптакыр сыйлык албай калгам, мага наам бер» деп келишет. 30 жаштын тегерегиндеги сен айткандай «чырпык» кыздар «Эмгек сиңирген артист наамын бериңиз» дешип, бири-бирине атаандашып келишкендеричи? Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө мыйзамдар, ага удаа наамдарды ыроолонун иерархиясы бар. Азыр ага карабай баарысын кээринен кетирип калдык.

– Сөзүңүзгө аралжы, сиз журналистикадан чыккан инсан катары дал ушул чыйырда эмгектенип жүргөн кесиптештерибизди да сыйлыкка көрсөтүүнү демилгелегенге жарадыңызбы?

– Мен бул маселени көз жаздымда калтырган жокмун. Тээ райондук, облусгук гезиттерде 20-30 жылдан бери иштеп келе жатышкан кабарчы, редакторлорду сунуш кылдым эле, бирок, комиссия мүчөлөрү бир дагы журналистти өткөрбөй коюшту. Жазуучулар союзунун төрагасы акын-жазуучуларды, композиторлор союзу композиторлорду суранышты. Бирок, алардын сунушу да меники сыяктуу өтпөй калды. Мындай шарттан соң «кайрадан чогулуп карай калалы» дешти эле, мен эч кандай кайрадан кароо болбой тургандыгын, жаманбы-жакшыбы чечим кабыл алынгандыгын айтып, каршы болдум. Мени сүйүнткөн бир жагдай, бул жолу Акүй менен Көкүйдөн “ушул ырчыга же баланчага сыйлык ыроолоп кой” деген телефон чалуулар болгон жок. Биз бул жагынан бир кадам болсо да алдыга карай жылыш жасаптырбыз.

– Биз эмес, интернет, маалыматтык технологиясы өтө өнүккөн АКШда деле басма сөз каражаттары, айрыкча гезиттер жашап келатат. Интернеттин өнүгүшүн бетке кармап, райондук, жергиликтүү деңгээлдеги басылмаларды жаап салуу канчалык деңгэлде орундуу деп ойлойсуз?

– Биринчиден, райондук жана облустук гезиттерди жаап салуу боюнча азырынча сөз жок. Эмнегедир маселенин чын-бышыгын билбей эле чурулдап жатышат. Экинчиден, АКШда гезиттердин баары жеке менчикте. Эгер ал жактагы гезиттер атаандаштыкка туруштук беришсе, анда жашап кете алышат. Болбосо сатылат же жабылат дегендей. А негизи кагаз продукциясына дүйнө жүзүндө муктаждык азайып баратат. Маселен, райондук гезитте 8 киши отурат да айына эки сан чыгарышат. Болгондо да эң аз нуска менен. Аптанын башында ошол регионду сел каптаса, аны жергиликтүү эл жуманын аягында чыккан гезиттен окушат. Биз болгону райондук, облустук гезиттердин форматын өзгөртүп, мультимедиалык негизде чыгарып, нускаларын көбөйтүү боюнча ойлорубузду айтканбыз. Сегиз кишини бир редакцияда кармоонун кажети деле жок. Анткени, күнүмдүк окуяны Лейлектин, Ат-Башынын эли ошол күнү билиши керек. Облустук гезиттердин сайттарын жаңылап, күнүмдүк окуяларды күнүнкүсүн күнү берип туруу зарыл. Биздин сунуштар ишке ашса, райондук гезиттер облустук басылманын тиркемеси катары чыга беришет.

– Казакстанда «41 олуя ата» деген аталыш менен касиеттүү жайлары, мазарлары, атактуу инсандарынын күмбөздөрү жаңыртылып, атайын мамлекет тарабынан коргоого алынып, натыйжада сырттан зыярат кылып келгендерге жакшы шарттарды түзүү менен туристтерди тартуу жагын жолго салып алышыптыр. Силер деле өлкөбүздөгү ыйык жайлар менен касиеттүү бабаларыбыздын күмбөздөрүнө камкордукту күчөтүп, туристтерди тартканга шарт түзсөңөр болот беле?

– Туристтерди тартуунун миңдеген жолдору бар. Маданият министрлигинин карамагында 1500дон ашык тарыхый, маданий, археологиялык жайларыбыз, атактуу адамдарыбыздын күмбөздөрү, атайын эл сыйынган мазарларыбыз бар. Кочкордо археологиялык эстеликтер кадам сайын кездешерин өзүң жакшы билесиң. Анын баары биздин атайын тизмеде турат. Мындай жайларды коргоого баарыбыз милдеттүүбүз. Бирок, биздин элибиз ошондой касиеттүү ыйык жерлерибизди, тарыхый эстеликтерибизди коргоону билбей жатышпайбы. Сонун күмбөздөрүбүздүн баарысы корголбой, тепселенип, жепирейип калды. Күзүндө парламентке жогорудагыдай тарыхый ыйык жайларыбызды коргоого алыш үчүн жылына 25 миллион сом каражат бөлдүрүп берүүнү демилгелеп турабыз. Эл өкүлдөрү биздин сунушту колдошсо, күмбөздөрүбүздү, тарыхый жайларыбызды жеткиликтүү деңгээлде сактаганга, керек болсо өнүктүрүүтө көңүл бурулат эле. Сен айткандай, казактардын кең талаасы да көптөгөн кыргын-сүргүн, тарыхый окуяларды башынан кечиришкен. Алар тарыхый объектилерине көңүл буруп, эл сыйынган жерлерге айландырып алышты.

– Эркин журналистиканын шинелинде жүргөндө «Султан Акторпок» деген каймана ат менен калемгерлик вазыйпаңызды аткарар элеңиз. Азыр ара-чолодо бир нерсе чүргөй калып жүрөсүзбү?

– Ишенесиңби, азыр ушунчалык жазгым келет. Өткөн жылдын ноябрынан тарта министр болуп иштеп жатам. Убакыт тар, бирдеме жазганга шай калбай калат. Өкмөттүн жумушу энергияны, убактыңды, болгон мүмкүнчүлүгүңдү алат. Кезегинде Би-Би-Си,  «Азаттык» сыяктуу эл аралык маалымат каражаттарында иштеп калдым. Өкмөттү, бийликти учурунда билип-билбей сындаганбыз. Туруп-туруп калемди жорголотуп баланча министрди же тиги чиновникги сындап, талкалай жазган күндөр болчу. А бирок, маселени ичтен билип, мамлекеттик жетекчилик кызматка аралашкан соң, баарысы оңой эмес экенин баамдайт экенсиң. Жазып, сындап коюу башка, а маселени чечүү же иштөө такыр башка болот экен. Биз эми азыр ошол жолойдон кетип, кайсы бир чиновниктин мыйзамсыз иши болсо аны факты менен жазганга өтсөк дурус болмок. Адамдардын убалы деген бар, аларга зыян кылып, кызыл-жаян кылып сойо берген болбойт.

– Кыргыз журналистикасынын корифейи маркум Мелис Эшимкановдун бир кездери күркүрөп чыгып турган «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштегендерден өзүңүз баш болгон министрлер, катар-катар депутаттар, көрүнүктүү саясый ишмерлер чыкты. Азыр бир кездеги анын окуучулары, учурдагы журналистиканын өкүлдөрү деле маркумдун элесин эскерип, арбагын ыраазы кылгыдай бир нерсе кыла алдыкпы?

– Меке өзү энергиясы тынч жаткырбаган, жаны тынбаган, жүрөгүндө жалыны бар кыргыздын чыгаан уулу болгону чын. Анын ошол революциясында Бакай атасы  Кубатбек Жусубалиев болгону да чын. Чындыгында Мелис өтө татаал инсан. Ал кээде жок жерден сындап, чымчылап коррупционерлердин жүзүн ачкан эң сонун багытты баштады. Ошого катар кээде адамдарды өтө келекелеп, мазактап иймейи да бар эле. Мелистин дал ушундай сапатын илип кеткен журналисттер болду. Жалаң ошого машташып, ошондой стилге ыктап кеткендер болду. Кээде досторуна да чыккынчылык кылып койчу.

– Анда ошол себептен сиз ал кишиге «түшкө чейин киши, түштөн кийин ит» деген сыпаттамаңызды бердиңиз беле?

– Ошентип качан айтканым деле эсимде жок. Минтип айтканым Шайлообек Дүйшеевдин «Агындыларында» да жүрөт. Чынында Мекем экөөбүз абдан көп талашып-тартышчубуз. Кээде «Меке, өтө эле ашыкча кетип жаткан жоксуңбу, дээрлик бүт баарысынын ташталканын чыгарып, гезитиң менен талкалап жатасың, андан көрө жаратмандык ишке өтпөйлүбү?» деп көп айтчумун. «Жаратмандык ишке өтүш үчүн сырттагы системаны талкалаш керек» деп калчу. Саясатчы катары да өзү чыркыраган чындыкты айтып турду. Кийин саясатта кичине туура эмес кадамга барганын билди дагы, өзүн люстрациядан өткөргөн тейде кайран Мелис күйүп кетти. Үйүндө жаткан убагында достору, кесиптештери барып турдук да. Ошондогу көзүндөгү, жүрөгүндөгү жалыны өчүп баратканын байкап жүрдүм. Акыры кайран өмүр «жалп» эте өчүп калды. Ошол кезде мамлекеттин атынан Мелиске көңүл айтууну (некрологду) мен жазгам. Буга чейин Мелистин жаркын элеси үчүн футбол турнири уюштурулуп, жубайы журналисттер арасында Мелис Эшимканов атындагы сыйлык уюштурду эле, азыр ал дагы токтоп калды окшойт. Эми жаштар Мекемдин жаркын элеси үчүн жакшы иштерди демилгелесеңер, биз колдоп берели.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *