Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнирде ЭлТР баш байгени жеңип алды

Белгилүү журналист, коомдук ишмер  Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турниринин жеңүүчүсү аныкталды. Мелдеште ЭлТР телеканалынын журналисттери жеңишке ээ болуп, кубок алышты.

ЭлТР финалда “Кабар” агенттиги менен ойноп, аларды 4:2 эсебинде жеңип алды. 3-орунду “Жалбырак ТВ” ээледи. Бул турнирге Жогорку Кеңештин аппаратынын жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аппаратынын командалары да катышып, алар эч бир орунга илинбей калды.

Эске сала кетсек, Султан Жумагулов Маданият, маалымат жана туризм министри болуп турганда, 2018-жылы, 8-октябрда узакка созулган оорудан каза болгон. Ал «Ленинчил жаш», «Эркин-Тоо», «Асаба» гезиттеринде, ВВС, «Азаттык», ЭлТР, КТРК телеканалдарында эмгектенген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *