Сурамжылоо: Кыргыз паспортундагы “улут” деген графаны алып салууга сиздин пикириңиз кандай?

Эмилбек Каптагаев,  коомдук ишмер:

“Жөн жерден чуу кылбай, бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай иш жасабагылачы”

— Кыргыз-кыргыз болуп тарыхта жазылып калганы 2200 жыл болду деп айтып атабыз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын да БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими менен дүйнөлүк масштабда өткөрүп алдык. Мына ошол 2200 жылдын 2000 жылын кыргыз эли паспорту жок эле, паспортунда “кыргыз” деген жазуусу жок жашап, жоголуп кетпей эле акыры жүрүп эгемендүү мамлекетке ээ болду го. Ошондуктан бул маселеге тереңирээк кароо керек деп айтат элем. Ал эми бийлик өкүлдөрүнө болсо жөн жерден чуу кылбай, бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай иш жасабай, кийинки чыга турган жаңы паспортко деле “улут” графасын калтырып, кыргызды-кыргыз, өзбекти-өзбек, орусту-орус деп эле жазып койгула дейт элем. Азыркы кырдаалда паспортко улутун жазбай койгондон мамлекет эмне утуп жатканын түшүнгөн жокмун.

 

Шайырбек Ташиев, Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты:

«Ар бир кыргыз паспортунда, жүрөгүндө кыргыз экенине сыймыктанып жашашы керек»

— Паспорттогу «улут» деген графанын алынып салынышына каршымын. Мен кайда барбайын жана кайсы улуттун адамы менен жолукпайын кыргыз деген улуу элдин уулу экеними сыймыктанып айтам. Паспортумдагы улуту деген графаны алдырып салып «Кыргызстандык» деген документти көтөрүп жүрө албайм, көтөрбөйм дагы. Демек менин паспортумда «кыргыз» деген жазуу сөзсүз түрдө жазылып туруусун каалайм. Ушунча кылым карыткан ата-бабам кыргызмын деп жашап келсе анан мен «кыргызстандык» деген документ көтөрүп жүргөнүмдү элестете да албайм. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы же саясый иштин аркасы менен улут деген графаны алдырып салуу туура эмес. Ар бир кыргыз паспортунда, жүрөгүндө кыргыз экенине сыймыктанып жашашы керек. Себеби ал улуу элдин урпагы, кыргыз деген кылым карыткан элдин уулу, кызы. Кудай мени кыргыз кылып жараткан, демек мен кыргыз бойдон өлүшүм керек. Паспорттогу улуттун жазылуусу сөзсүз зарыл нерсе. Алакандай кыргыз элинин улуту кыргыз экенин тастыктабаган документтин кыргызга кереги жок.

 

Бекташ Шамшиев, журналист:

«Улутубуз жазылып калса эле телегейибиз тегиз, маданиятыбыз илгерилеп кетпейт»

— Паспортто улуту жазылышы керек. Анан биздин жарма патриотторду ыраазы кылып уругун, жети атасына чейин кимисинин ата-бабасы манап, бий, баатыр болгонун жазып койсо да ашыктык кылбас эле. Бул албетте, тамаша. Бизде бул маселе чоң талашка түшүп калды. Антип саясий өң-түс алып кеткен маселени көпчүлүктүн пикирине ылайык чечип коюш керек. Анан да биздин паспортто улутубуз жазылып калса эле телегейибиз тегиз, байпагыбыз манат болуп, баарыбыз жабыла кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, ушу тапта кыйналып аткан маданиятыбыз илгерилеп кетпейт. Мен деле башында улуттун ордуна «кыргызстандык» деп жазылышын кааладым эле, бирок кийин бул маселе жарма патриоттордун катуу каршылыгына кабылгандан кийин жок жерден коомдо аяк-башы көрүнбөгөн ойдо жок талаштын чогун үйлөп, дагы бир баш ооруну пайда кылып алгандан көрө улутту жазса жазып деле койсо андан эч нерсе өзгөрбөсүн ойлоп, жазса жазып деле койсун деп калдым.

 

Жениш Молдокматов, “Замандаш” саясый партиясынын теңтөрагасы:

«Бизде мамлекеттик жана улуттук идеология жетишпей жатат»

— “Улутчул дейт билбеген,

улутун кимдер сүйбөгөн.

Кыргыз деп келгем  дүйнөгө,

кыргыз деп өтөм  дүйнөдөн”

Улуттун сакталышы, эне тилибиздин өнүгүшү, дилибиздин жана динибиздин бекемделиши ар бирибиздин абийирибизде жана колубузда. Айтор, калпак кийип кыргызча сүйлөсөң сени сөөмөйү менен көргөзүп улутчул дегендер да жок эмес.

“Ал мени итсиң деди.

— ​Итмин — ​дедим…

Тек гана терикпестен күлүп туруп.

Не кылам жаман айтып жаакташып,

Мен анын ит экенин билип туруп” дегендей, көпчүлүктү ириткендер жана ирээнжиткендердин болушу өкүндүрөт. Демек, бүгүн коомубуз ооруп жаткандай. Аттиң, эне тилибиз менен улутубузга күйгөндөр азайып бараткандай. Ал эми, кыргыз паспортундагы “Улут” деген графанын алып салынуусун туура эмес кабылдайм. Бүгүн байкасаңар көптөгөн ири мамлекеттерде, анын ичинде өнүккөн Европа биримдигинде улутчулдук күч алууда. Анын бир себеби, элдердин улуттук баалуулуктарынын жоголуп баратышында, мамлекеттин коопсуздугунда. Баам салсаңыздар, эл өкүлчүлүгүндө улутчулдук көз караштагы депутаттар көптүк кыла башташты. Демек, алар улуттук идентификация, мамлекеттин улуттук багыттарын издене башташында. Ал эми бизде жетишпей жаткан нерсе–бул мамлекеттик жана улуттук идеологиянын жоктугунда. 2015-жылы өлкө үчүн жашкы жөрөлгө болуп өттү. Маданият, улуттук баалуулуктар кадыресе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, көптөгөн иш-чаралар өткөзүлүп, элдин үмүтү жандана түштү. Так ушундай багытта иштер улантылып, улуттук касиеттер, дөөлөттөр, баалулуктар, дин жана дил даңазаланышы абзел.

 

Инаш Азим, Түркиядагы Стамбул Жогорку окуу жайынын окутуучусу:

«Кыргыз деген улутту биз паспортко жазуу менен эле сактап кала албайбыз»

— Мен негизинен бул нерсенин жакшы жана жаман жактарын да карап көрүп калыс пикирими айткым келди. Эгер улуту кыргыз же башка улут деп жазылса албетте биз буга сүйүнүп калмакпыз. Ар ким паспортундагы улуттук графасы менен сыймыктанып жүрмөк. Кыргыз деп жазылган адам кыргыз экендиги менен сыймыктанмак. Бирок башка мамлекеттердин тажрыйбасын алып көрсөк, кээ бир мамлекеттерде улут графасы жазылбайт экен. Мисалы, Түркиянын паспортунда түрк, күрт, лаз, черкес сыяктуу түрдүү улуттар жөн гана Түркия атуулу деп жазылат экен. Бирок Түркиянын мамлекеттик идеологиясы күчтүү да, а биздин кичинекей мамлекетибизде идеологиябыз жок болуп жатпайбы. Ошондуктан келечекте ар бир улут “баарыбыз Кыргызстандын атуулубуз”- деп айта ала турган идеология жүргүзүлө турган болсо улут деген графа паспортто жок болсо деле болор го деген ойдомун. Демократиялык өлкөлөрдө көпчүлүк эл не десе ошол кабыл алынгандай эле мен да көпчүлүк эл эмне десе ошого кошуламын. Менимче кыргыз деген улутту биз паспортко жазуу менен эле сактап кала албайбыз да. Биз качан гана саясий-экономикалык жактан өнүгүп, көз карандысыздыкка толук жетишсек, анда паспорттогу улут сөзүнөн көз каранды болбой эле кыргыз болуп, Кыргызстан болуп сакталып калмакпыз деп ойлойм.

 

Акылбек Жапаров,  ЖКнын депутаты:

«Мен гана эмес, неберемдин паспортунда «кыргыз» деген жазуу болушун каалайт элем»

— Өткөн жума күнү бул маселени фракцияда талкуулаганыбызда, Конституцияга карап ар бир адам өзүнүн улутун тастыктайт деген беренеге такап жыйынтык чыгардык. Паспорттордун баардыгы мурдагы эле паспорттордо жазылгандай улуту жазылсын деген чечимге келдик. Бирок ар бир адамдын каалоосу менен болсун. Эгерде мен «кыргызмын» деп жазгым келсе жазып беришсин. Демократия деген ушул. Тандоону адам баласы өзүнүн эркине коюшу керек. Жаңы Конституциянын редакциясы боюнча дагы ар бир адам баласы өзүнүн этносу ким экенин тактоо өзүнүн укугу. Ошондуктан мурдагы паспорттогудай улут деген жазылсын деп чечимди өкмөткө жибердик. Өзүм деле паспортумда «кыргыз» деген жазуу болуусун каалайм. Мен гана эмес, неберемдин паспортунда кыргыз деген жазуу болушун каалайт элем. Кыргыз Республикасынын жараны кыргыз экендигин тастыктап турса жаман болбойт эле.

 

Эрнис Кыязов журналист:

«Чоочуп аткан кыргыздардын “улут” графасын калтырыш керек дегенинин жөнү бар»

— Мен бул маселени эки өңүттө карайт элем. Биринчиси, дүйнөдөгү улуттардын баары АДАМ атанын тукумдары экенин эске алсак, кайсы улут болбойлу, түбү келип тууган экенбиз. Жер планетасында нравалык баалуулуктар, адамдык жогорку касиеттер өтө өнүгүп кеткенде чек аралар деле жоюлуп, паспорттордогу улут графасы деле жоюлуп кадимки бейиштегидей болуп үйүбүзгө киришип-чыгышып, бир-бирибизди коноктошуп жыргап коюп АДАМ атаны даңктап, Жаратканды даңктап жашай бермекпиз. Бул эми идеалдуу вариант. Экинчиси, улут дегенди паспорттон алып койсок, кыргыз эмес башка улуттун деле өкүлдөрү биздин мамлекетке кирип-чыгып, экономикалык, демографиялык кыянатчылык жасап, бизге зыян келтирет деп чоочуган тарапты деле туура түшүнсөк болот. Карманган нравалык табити башка, демократия демиш болуп, умтулган кызыкчылыктары — ​калктын генефондун бузган, уят-сыйытты уруп ойнобогон, арам-адал деген түшүнүктөн кабары жок өлкөлөрдүн жарандары кыргызга аргындашып акыры бизди биз кылып турган салттарыбызды жок кылып тынат го деп чоочуп аткан кыргыздардын “улут” графасын калтырыш керек дегенинин жөнү бар.

 

Бердибек Жамгырчиев, акын:

«бүгүн улут деген графасын паспорттон алып салса, бара-бара жүрөгүңдөн алышы мүмкүн»

— Улут деген графаны алып салуу Эсенгул Ибраев акын агабыз айткандай ары жагы келесоолук, бери жагы текеберлик. Кандай болгон күндө да көөдөндө намысы, көкүрөктө кайраты бар кыргызбыз. Биз ар кошкон улуттар менен көбөйүп келечекте эч качан Америка боло албайбыз. Бул кыргыздын өзөгүн талкалачу бирден бир программа. Мен жүрөгүм менен каршымын ушу мыйзамга, бүгүн улут деген графасын паспорттон алып салса бара- бара жүрөгүңдөн алышы мүмкүн. Анткени, глобалдашып турган заманда мойнуңдан жетелеп кетиши мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Мен сыймыктанып паспортумда улуту “кыргыз” деген жазууну алып жургум келет. Ким уялса жаздырбай эле койсун.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *