Сурамжылоо: “Кыргызстанда сөз эркиндиги чындап эле коркунучтабы? Же биздегидей эркиндик кошуна мамлекетерде жокпу?”

Шайлообек Атазов, спортсмен: Демократияга шек келтирбесек жакшы болот эле”

-Канча жаап-жашырганыбыз менен байкаган кишиге сөз эркиндиги муунтула баштаганы байкалат. Сендеги эркиндик кошуналарда жок. Ушуга тобо кыл дебей, сөз эркиндигин сактап, демократияга шек келтирбесек жакшы болот эле.

Замира Сатыбалдиева, актриса: Элди бөлүп-жаргандан маселе деле чечилбейт го”

-Айрым чындыкка дал келбеген ушак маалыматтарды таратууга чек коюлганы менен баш­ка мамлекеттерге салыштырмалуу сөз эркиндигибиз бар. Кудай ошону кут кылсын дейли. Ар ким, эмне кааласа ошону айтат. Кээде айрым бейөкмөт уюмдар гана чет жактан грант алыш үчүн же алган акчасын акташ үчүн сөз эркиндигине байланыштуу акцияларды өткөрүп коюшат. Элдин тынчын албай, президент күздө кетем деп камынып жаткандан кийин кичине тынчтык кылышса жакшы болот эле. Ак­ция өткөрүп, элди бөлүп-жаргандан маселе деле чечилбейт го. Андан көрө президенттикке иштей турган жаш, илимдүү, билимдүү, эл-журтка күйгөн бирөөнү табышса жакшы болмок.

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат: Сөз зркиндиги коңшуларга караганда бир аз бар..”

-Авторитардык системада сөз эркиндиги болбойт… Бизде жумшак авторитардык система, ошон үчүн сөз эркиндиги коңшуларга караганда бир аз бар…

Эркинай Эшенгулова, журналист: Кошуна мамлекеттердин бири да биздикиндей ээн-ооз сөз эркиндигине жеткен эмес”

-Кошуна мамлекетгердин бири да биздикиндей ээн ооз сөз эр­киндигине жетишкен эмес. Биз чектен ашып баратабыз. Бир аз тыйбасак, колдо бар алтындын баркы жок болууда. Өлкөнүн башкаруу системасынын саясаты тил менен жасалгандыгы үчүн сасык саясатчылардын саясатка адашып келгенинин айынан тилибиз бир аз азап тартып жатат. Сөз эркиндигибиз эч кандай коркунучта эмес. Бүгүн ким эмнени кааласа ошону сүйлөп жатат. Менин жеке пикиримде кыргыз калкы бүгүн эркин жана ар тараптуу сүйлөөнүн туу чокусуна жетип турган убагы. Бул жетишүүнүн баркына жетпесек, өнүккөн мамлекеттердин катарынан азыраак жылдардын арасында орун алып жайрап калабыз.

Аликбек Жекшенкупов, экс-министр: Кыргызстан демократиялык жолдон тайбаш керек”

-Илгертен бери келген кыргызда макал бар го, баш алмай бар, тил кесмей жок деген. Тилекке каршы, бүгүнкү массалык маалымат каражаттарын талдап көрсөңөр, бийлик сөз эркинди­гине басмырлоо жасап жатканы көп байкала баштады. Ага журналисттерге, кээ бир ММКларга доомат коюп, сотко берип жаткандары далил. Кыргызстандыктар кошуналардын ички саясатын салыштырбай, аларга үлгү болуп, демократиялык жолдон тайбаш керек. Биз өзүбүздүн өнүгүү жолубузду дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринен үйрөнүп, сөз эркиндиги , адамдын укугу, өнүгүү боюнча тажрыйба алууга муктажбыз.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: Сөз зркиндиги коркунучта”

-Чын эле сөз эркиндиги коркунучта. Сөз эркиндиги эле эмес, Кыргызстанда саясий куугунтуктар да арбыды. Эгер бийлик ушуга окшогон нерселерди колдоно берсе, аягы жакшылык менен бүтпөй калышы мүмкүн.

Чолпон Осмонова, коомдук ишмер: Башка мамлекеттер окуса эмне дейт деген ой жок”

-Ал, бул дегенибиз менен биз­дикиндей сөз эркиндикти эч бир мамлекеттен көрө элекмин. Де­мократия деген түшүнүк бизде та­кыр башкача кабыл алышкандай сезилет. Өзгөчө сөз эркиндигин. Биздин айрым саясатчыларда жана жазмакерлерде жогорку жактагыларды кичине сыйлоо, башка мамлекет окуса эмне дейт деген ой жок. Башкача айтканда, намысы жоктой жазгандар көбөйдү. Алар жамандап жазып жиберип, падышаны уят кылып жатабыз деп ойлошу мүмкүн. Бирок тескерисинче иренжитип коюшту. Ошондуктан кичине болсо да чекти билгизгенге тартип керек. Ал тартипти сөз эркиндигин муунтуп жатат деп ка­был албашыбыз керек.

Искендер Шаршеев, экономист: “ж00пкерчилик болуп, эч бир тарап аша чаппашы керек”

-Сөз эркиндиги коркунучта деп “Баш кесмей бар, тил кесмек” жок дейбиз. Бирок ошол эле учурда ММКларда кичине болсо да жоопкерчилик болушу зарыл. Бийлик- тин айланасындагылар да бөрк ал десе баш албай, кичине этият бо­лушу керек. Кайсы маселеде болбосун жоопкерчилик болушу керек. Ошондой эле эч бир тарап аша чаппашы керек.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *