Сургуттагы өрт кырсыгынан кыргызстандык жубайлар каза болду

Сургуттагы өрт кырсыгынан кыргызстандык жубайлар каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, кырсык 26-ноябрда Сургутта болгон. Анда Ош облусунун тургундары, 41 жаштагы Ш.У.К. жана 37 жаштагы К.А.Ж. өрттөн каза болгон. Ш.У.Кнын сөөгү бүгүн, 29-ноябрда Екатеринбург аркылуу кыргыз диаспорасынын көмөгү менен Ошко жөнөтүлөт. Анын жубайынын сөөгүн документтерди толтургандан кийин, 30-ноябрда жөнөтүлөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *