Сурхандарыяда базардагы ажатканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Сурхандарыя облусунун Денау районундагы базардын ажатканасынан жаңы төрөлгөн бала табылды.

7-июлда социалдык түйүндөрдө тараган видеодон укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен дарыгерлер ажатканадан табылган ымыркайга алгачкы жардам берип жатканын көрүүгө болот.

Өзбекстан Саламаттыкты сактоо министрлиги наристенин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгонун, учурда ал Сурхандарыя облусунун № 2 перинаталдык борборунда экенин билдирди.

Министрлик тараткан маалыматта: “Ымыркай – кыз, салмагы – 3500, бою– 50 сантиметр. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги анын абалына көзөмөл жүргүзүүдө. Дарыгерлер кыздын өмүрү үчүн күрөшүүдө”, – деп айтылат.

Ымыркайдын апасы базардын аймагында орнотулган видеобайкоо камерасынын объективине түшүп калган. Ал издөөгө алынган жана ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан табылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *