“Miss Asia World – 2019” эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сусанна Егорян кыргыз өкмөтүнө нааразы

Модель Сусанна Егорян кыргыз өкмөтүнө нааразычылыгын билдирип чыкты. Себеби, өкмөт чыгармачыл адамдарга жана спортчуларга колдоо көрсөтпөөрүн айтат. Анын айтымында, ал  “Miss Asia World – 2019” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышып, жеңишке жеткен. Бирок ага ыраазычылык билдирип, эч нерсе белекке берилген эмес. Мындан улам модель кыз жарандыгын өзгөртүүнү ойлонууда.

«Мен кыргыз өкмөтүнөн жана бийликтен көңүлүм калды. Бул билдирүүмө ким кандай айтса айтсын, мен көнүп калдым, кандай болсо ошондой жазам. Өкмөттө өз элине эч кандай урмат-сый жок. Биринчи жолу Кыргызстан дүйнөлүк сулуулук сынагында жеңишке жетти. Бул жаңылыкты жадагалса чет өлкөдөн берип жатты. Жыйынтыгы эмне? Белек же расмий жолугушууну кой, мага керек болсо рахматын айтышкан жок» дейт Сусанна.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *