Суу куйду…

КСДПнын депутаты Осмонбек Артыкбаев анык суу куйду экен. Саясий саткындыктын үлгүсүн мыкты көргөздү. ТЭЦтеги окуяда түздөн-түз күнөөкөр катары төбөсү көрүнүп турса да жоопкерчиликтен качып, баарын мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковго төңкөрүү аракетин көрдү. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратууга каршы деп добуш берип алыптырмын, мен макулмун деп кыйкырып чыкты. Атамбаевдин аркасы, колдоосу менен эки жолу Жогорку Кеңешке КСДПдан депутат, энергетика министри болду, Экотехинспекцияны жетектеди, «Кыргызалтындын» башчысы болду. Жалаң майлуу кызматтарда жүрдү. Бүгүн эч нерсе боло электе сатты. Бирок Атамбаевди сатсам эле жоопкерчиликтен кутулам деп куйтуланганы суу кечпейт. ТЭЦ бонча жооп берип, абакта отуруш керек…

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

  • Кыргыз Жигит says:

    Осмонду Балашкасы менен аташкасы илинчек кылды. Осмонбек Мамбетжанович ТЭЦтен бир тыйын алганга зар эмес, озунуку жетиштуу. Осмонбек келгиче эле баардыгын даярдап алышса, Президент озу туз корсотмо берип жатса балашкасы менен кайра-кайра, анан кантмек.?!. Токтогулдун тын чыкмалары,: Тайыр, Осмонбек, Дуйшенбек, Тынычбек, Нурханбек ушунча жыл май талкандын устундо журушуп кадр остуруп, жаштарды колдогон эмес, омур бою кызматта журчудой болушуп манчыркашып элди эбак унутуп коюшкан…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *