Суукта ымыркайын көчөгө таштаган аялга кылмыш иши козголду

Өзбекстанда он айлык баласын аязда көчөгө таштап салган аял кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн.

Санкт-Петербург полициясынын маалыматы боюнча 22 жаштагы аял мас абалында кичинекей наристесин Пулковский паркына таштап кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери бүткүчөктү бала ооруканада болот.

Пулковский паркына ташталган колясканы жергиликтүү тургун байкап калып, полицияга кайрылган. Окуя 29-январда болгон. Полиция кызматкерлери он айлык баланы дароо ооруканага алып барышкан.

Ымыркайдын энеси өзбекстандын жараны экени аныкталып, ал шалаакылык боюнча айыпталып, полиция бөлүмүндө сурак берип жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *