Суусамыр өрөөнүндө Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракеси белгиленет

2019-жылдын 29-30-июнь күндөрү Суусамыр өрөөнүндө «Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык” мааракеси белгиленет. Бүгүнкү күндө иш – чарага даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Салтанаттуу маараке ачык асман алдында өтүп, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын, Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театры жана Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн артисттери катышкан концерттик программа жана театралдык көрүнүш тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

29- июнь күнү эртен мененки саат 08:00-19:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кожомкул айылындагы ат майданда “Көк бөрү”, “Эр эңиш”, “Кыргыз күрөшү”, “Ат көтөрмөй” жана “Таш көтөрмөй” оюндары өтүп, байгелер 30- июнь күн жеңүүчүлөргө тапшырылат.

Кыргыз элинин атактуу балбаны, мамлекеттик ишмер Каба уулу Кожомкул 1888-жылы (документтеринде 1889-жыл деп көрсөтүлгөн). Суусамыр өрөөнү, Жоо-Жүрөк жайлоосунда балбандардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Каза болгон жылы: 1955-жыл.

Кожомкул балбандын эки жылдык гана билими болгон. Туугандарынын айтымында документтерге “Gabajev” деп кол койгон. 1931-жылы КПССтин мүчөсү болгон. Уул-кыздары: Алымбек, Тургунбек, Муктар, Амантай, Турду, Нуржамал.

Кожомкул Октябрь революциясынан кийин өзүнүн мамлекеттик ишин жигердүү баштаган. 1918-1955-жылдар аралыгында Суусамырда Кедейлер комитетинде төрага, Суусамыр жайлоо кеңешинин уюштуруп, аны жетектеген. Көкөмерен, Баш-Кууганды, Кайырма айыл кеңештеринин төрагасы, Кара-Балта районунун жер бөлүмүнүн башчысы (РайЗОО), “8-март” калхозунун ферма башчысы ж.б. жумуштарда эмгектенген.
Кожомкулдун атасы:

Кошуке уулу Каба 1827-1906-ж.ж. Кожомкул атасынын балбандыктарын кайталай алган эмес. Каба Кожомкулдан да карылуу болгону менен атак-даңк жагынан уулуна жеткен эмес. Кожомкул күч жагынан атасы Кабаны, бой жагынан апасы Алмадайды тарткан.
Кожомкулдун жети атасы:

Атасы: Каба, Чоң атасы: Кошуке, Бабасы: Эсиркеп, Бубасы: Сопол, Жотосу: Жаныш, Жетеси: Кадыржан Теги: Караболот болгон.

Кожомкул балбандын асыл сапаты:

Кожомкулдун баса белгилеп, айта кетчү сапаты – анын кайрымдуулугу. Балбандыктан уткан байгелеринин көбүн жетим-жесирлерге, бей-бечараларга, майыптарга таратып берген. Өмүрүндө көптөгөн байгелерди утса дагы байлык чогултпай, эл катары карапайым жашап өткөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *