Сузакта бычакталган өспүрүмдүн 13 жаштагы эжесин калыбына келтирүү борборуна жиберүү маселеси каралууда

Сузак районунун Каңды айылындагы өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн 11 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. 11 жаштагы бала 30 жолу бычакталганы айтылууда. Окуя болгон кезде үйдө 11 жаштагы өспүрүм жана анын 13 жаштагы эжеси эле болгон.  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин колдоосу менен эжесин психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүүчү калыбына келтирүү борборуна жөнөтүү маселеси каралууда. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары министрлик кыздын туугандары чакырылганын маалымдайт. Бирок, кыз тергөө жүрүп жаткан маалда туугандары менен жашагандан баш тарткан.

Азыркы учурда бул каргашалуу окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары териштирүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *