Абдувахаб Мониев: “Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?”

“Өксүк өзүнө алат”

Элибиз кулчулук аң-сезимден арыла элек десең, “оозуңа карап сүйлө” деп каяша айтчулар четтен чыгат. “Кыргыз деген эркиндикти ашкере сүйгөн, эч кимге баш ийгиси келбеген “гордый” эл” дейт. Ал тургай, кыргыздын ар бири президент, берирээги, Жогорку Кеңеш депутаты болгусу келип, мансапка жулуна бергендигин, дагы тактаганда, акыл, дээр, билимин таразалабай, жапырт бийлик көксөгөн амалпараздыгын дагы ошого жоруйт. (Кыргызстандагы шайлоодо президенттикке талапкерлер жүзгө чукулдап кетет эмеспи. Бийлик көздөп уюшуп, каттоодон өткөн партия болумуштардын саны боюнча дагы кыргыз мамлекети дүйнөдө биринчи орунда турса керек!) Эгемен аталганы жыйырма жылга аяк баса электе эки жолу элдик төңкөрүш болуп, бийлик алмашканын дагы ошол “эркиндик сүйүүчүлүккө” жармаштырат.

Баарыбыз угуп жүрөбүз, тушоо той, же сүннөт тойдобу, карыларыбыз балдарыбызга бата тилесе да:“Ылайым, келечекте эл керегине жараган улуу инсан: президент болсун, депутат, министр болсун!” дейт. Болочок муунга ушинтип ак тилек каалайт. “Чоңойгондо ким болосуң?” деген адаттагы суроону жолдосоң, тестиер балдар эч буйдалбастан: “Президент болом” дейт. Болбосо, депутат, же министр болгусу келгенин айтат.

…Айтса, кыргыздын ишениминде,  бери дегенде районду башкарып, бир чоң кызматка жеткен адам гана, “эл керегине жараган, улуу инсан” болуп эсептелет. Анын ууру болгону менен деле, тууру болгону менен деле чатагы жок, ар бир айыл, өрөөн, уруу “бизден ушундай кыйын чыккан” деп, ичинен суурулган “чоң” менен сыймыктанат.

Кызыгы мында: ушул көрүнүштүн өзү “гордыйлыктын” эмес, тескерисинче, кулчулук сезимдин туундусу;  улут канында кулчулук психологиянын терең тамырлаганынын белгиси.  Мунун өзү табигый көрүнүш: өз башынан бийликтин (“чоңдуктун”) кордук, зордугун көп өткөргөн, запкысын арбын тарткан өксүгү күч коомдун кишилери  бийлик, мансап, амал, чоңдукка ашкере куштар болуп, эңсейт, көксөйт. Кыргыз бекеринен “өксүк өзүнө алат” деп айтпайт да.

Совет мезгили – рухий кулчулук коому

Тарыхый өнүгүштүн дүйнөлүк агымынан артта калып кеткендиктен, падышалык Россия бийлигинин доорундагы Түркстандын – учурдагы Борбор Азия мамлекеттеринин эли (өзбек, казак, тажик, түркмөн, кыргыз – жамысы бирдей ) –  узак убакыт бөтөн империянын астындагы  күнкорлукта жашап, көзкарандылык, кулчулук ташпишти көп тарткан журт. Ошолордун  ичинен дагы биздин калк, кыргыздар колониялык зордук, басмырлоонун азабын аёсуз көргөнүн көп алыс эмес, мындан 103 жыл оболку, 1916-жылкы “үркүн” – геноцид эле кашкайта мисалдап турат.

Албетте, биз бүгүн өзүбүздү тээ илгери Улуу Кыргыз каганатын түзгөн, эчен калкты ыкрарына имерген улуу элдин урпактары деп билебиз. Арийне, ал дөөлөттүү тарых калкыбыздын эстутумунан эбак өчүп калган экен. Эстутумда болбогон соң, ал өтмүш улуттук менталитеттин, мүнөздүн калыптанышына эч кандай таасир тийгизе албаптыр…

Бүгүнкү күндө улуу муундагы интеллигенттер канчалык мактап, жактап, көксөгөнү менен, 70 жылдык совет учуру деле кулчулуктун мезгили болгон. Муну укканда далайлар секирип кетерин туюп турам. Ооба, социалисттик революция, лениндик улут саясаты кыргызды этнос катары сактап калып, улут катарына кошту. Советтик түзүлүш кыргызга социалдык да, улуттук да (мында орус шовинизминин үстөмдүгүнө деле көз жуумп койсо болот) теңдик берди. А ошого катар, бетке тутаар улуу жазуучубуз өз романында аяр чагылткан маңкурттукту – рухий кулчулукту орнотту!

Советтик бийлик нени нускады? Жарандын Жаратканга, Кудайга ишенгени, андан үмүт эткени – кылмыш, а Ленинге, коммунисттик идеяга ишенмеги – милдет!  Эгер компартия нускоосунун тууралыгы менен лениндик-сталиндик саясаттын адилеттүүлүгүнөн шек санай турган болсоң, түз эле – түрмө! Өз Ата-Мекениңди, улутунду, тарыхыңды, тилиңди сүйгөнүң дагы өлүмгө алып барат, бери дегенде, саясий куугунтукка кабыласың!

…Сталиндик репрессияга кабылып, башы кеткен 1930-50-жылдардагы кыргыздын жүздөгөн кыйындарынын таржымалы, кечээги эле  Т.Усубалиевдин учурундагы Кубанычбек Нурбеков сындуу аалымдардын тагдыры мындан башканы айттырбайт.  Азыр биз көкөлөткөн Исхак Раззаков бийлеген учурда деле Бегималы Жамгырчынов, Кусейин Карасаев сындуу аалымдар куугунтукка кабылып, а ата-бабасынын” кул” экендиги менен сыймыктанып, ошонусун колко кылган Асылбек Алтымышбаев (атактуу Чыныбай манаптын туугандарынан) өңдүү окумуштуу сөрөйлөрдүн (үстүртөн эмес, анын илимий эмгектерин барактагандан соңку сыпаттоо) ”ити чөп жеген” эмеспи!

Эркин ой жүгүртүүгө, эркин сүйлөөгө тыюу салып, адамдын акылын, оюн чектеп, чийинге түшүргөн саясий түзүлүштү кулчулуктун доору дебегенде нетмекпиз?! Бул – жалгыз эле кыргыз эмес, орус эли баш болгон бүткүл СССР элинин башына түшкөн мүшкүл болчу. Демекчи… кулчулук сезим канына жедеп сиңип, денине кенен тараган кыргыздай калктын улуттук интеллигенциясы  гана арадан 30 жыл убакыт өтсө да, артка кылчактап,  ошол совет заманын эңсейт.Россияга телинмейинче оокатыбыз өтпөйт деп эсептейт.

Неге бизде “гордый” деген төл сөз жок?

Байкагандырсыздар, мен сөз арасында “гордый” деген орус сөзүн которбой колдонуп атам. Чычалаганда эмне, бул сын атоочтун маанисин так берген төл сөз кыргыз лексиконунда жок. “Текебер”, “менменсинген”, “бой көтөргөн” дегенибиз ал сөздүн адамга тескери мүнөздөмө берген жагымсыз жагы. А урматтоого ылайык сапатты билдирген оң маанисинин котормосу  жок. “Өз баркын билген” дегенибиз, тек, сөздүк үчүн гана табылган, турмушта пайдаланылбаган жасалма сөз айкашы. …Чагымда, кулчулук аң-сезим калкыбыздын канынан накта “гордый” сыпат, мүнөздү сүрүп, жоюп,  “колдонуудан” чыгарып таштаган окшойт. Мүнөз болсо, сөз табылат эле?..

Мына ошентип, кыргыз коомунда  “гордыйды” “кулга” айлантып, өзү культка айланган бийлик, чоң кызмат, мансап деген эмне? – Кошомат, саткындык, эки жүздүүлүк! Тээ атамзамандан мына  ушундай “касиеттин” күчү менен жете турган, кармалып тура турган оокат. Учурдагы адамзат цивилизациясынын көч башындагы Батыш менен Чыгыштын алдыңкы коомунда эле анын табияты тазарып, өзгөрүп кетпесе, постсоветтик Кыргызстанда ошол уркунда эле. (Ага кошумча, азыркы кыргыз демократиясынын шартында уурулук шыгың болгону оң.  Шайлоодо жогору жакты да, ылдый жакты (элди) дагы сатып алар пул керек!)

Эл ичинде артыкча урмат-сыйга ээ болгон Төрөбай Кулатов аксакалдын Исках Раззаковду иштен алган жыйында сүйлөгөн сөзү сымал, мансап кайгайындагы саткындык, эки жүздүүлүк боюнча кыргыздын өтмүшүнөн дагы, учур чагынан дагы миңдеген мисал келтирсең болот. Айрыкча, демократиялык аталган акыркы заманда биздин ал “артыкчылык” сапатыбыз  абыдан керектелүүдө. Мисалы, акыркы 20-30 жылда “бир кызматты ээлеп, чоң болуп отурушум керек” деген кыргыз интеллигенттеринин кирбеген, мүчө болбогон саясий партиясы деле калбады көрүнөт. (Же партия болумуштарыбыздын бир “уй байлаар жиби” – туу туткан туруктуу идеологиясы болсо эмне!) Төлөгөн Келдибаев деген теңтушум айтмакчы, ушу бүгүн түнү “Хизбут-тахрир” партиясы бийликке келди” деп жарыяласаң, биздин интеллигенттер эч ойлонбостон саарлап башына селде оронуп, колуна теспе кармап көчөгө чыга турган кейипке жетти.

…Алайкууда шахмат боюнча чоң мелдеш өтүп атыптыр. Ат салышта биринчиликти мурда кандайдыр бир кылмышы үчүн түрмөгө түшүп, камалып чыккан (алайкуулуктар “зекбай” деп тергеп коюшат) бирөө утуп алат. Ага болбой эле, байгелүү экинчи орунду дагы бир “зекбай” ээлейт. Канчалык тырышканына карабай, алдыңкы орунга илешпей калган бир шахматчы аны көрүп: “Эми… шахмат үйрөнөт элем деп, түрмөгө түшсөң дагы болбосо…” деп, утулганына ичи ачышып, улутунуп жүрөт дейт… Анын сыңары, “эми, чоңоёт элем деп, биротоло жүзүңү жоготуп, кошоматчы болуп кетсең да болбойт” деген, арканды узун таштап, мансап, наам сындуу убактылуу азгырыктан жогорураак ой жүгүртүп, мүдөө көздөгөн интеллигенттер бизде өтө-өтө аз… Бата тууралуу айтпадыкпы, эмнени эксең, ошону оросуң!

Мамлекеттик сыйлык, наам жана сыймык, баатырдык тууралуу кеп козгогон темабыздан четтеп кеттикпи? Жок. Адеп бутага алган маселе менен жогоруда кеп болгон улуттук менталитет, коомдук психологиянын мандеми – баарынын зубаласы бир жерден үзүлгөн. Кыргыз адамы инсандын дээрин, жетишкендигин мансабы, кызматы менен баалайт. Эгер анысы жок болсо(пенсияга чыгып кетсе), мамлекеттен алган наам, сыйлыгын санайт. Ошон үчүн алдыңкы билим, өнөрдү көздөбөгөн кыргыз мамлекеттик сыйлык, наамга келгенде дагы жата калып, чоң кызматка умтулгандан кем калбай чуркайт.

Кайрадан “баатырлар баяны”

Дагы бир атактуу Кыргыз Республикасынын Баатыры – Мамбет Мамакеев. Асыресе, бул аксакал дүйнөлүк медицинадагы кандайдыр бир ачылышы, же болбосо, кыргыз мамлекети үчүн башын сайган атуулдук  эрдиги менен эмес, тек, чоңдорго  жагына билген кошоматчылык өнөрү менен коомчулукка көбүрөөк белгилүү. Президент Аскар Акаевди көкөлөтүп мактай бергенин дагы анча-мынча түшүнсө болот, кантсе да, ал илимпоз-академик эмес беле… Көп өтпөй Мамакеев аксакал аны кууп чыккан Курманбек Бакиевге да кошомат кылып тим болбой, “көзү башкача, акылы көзүнөн көрүнүп турат” деп, анын баласы Максим Бакиевге деле көшөкөрлүк кыла бергени бар.

Кексе киши, коомчулукта өзүнүн ошондой “эрдиги”  тууралуу көбүрөөк айтылып, кошоматчы (“дүжүр чал” дешчү беле?) сыңары мүнөздөлүп жүргөнүн сезсе керек. Былтыркы жылы, 90 жаштан ашкан курагында бир оорулууга оор операция жасап, өзүнүнүн чыныгы баатырлыгын далилдөөгө аракет кылды. Бир гана жери, мындай сейрек эрдик “баатырлар баянына” эмес, эгер ченине бап келсе, Гиннестин китебине катталышы керек эле…

“Бала баатыр”Алиясбек Алымкулов

Атайын чыгынган соң, 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдердин бийлигин кубалоодо ченемсиз эрдик жасаган “бала баатыр” Алиясбек Алымкуловду унутуп коюу кечиримсиз иш.

Сыягы, көпкөн бийликке кыжырданган Алиясбек мырза 7-апрелдеги массалык толкундоодо эч нерседен тайманбай, Акүйдү беттеп, алдыңкы сапта жүрсө керек. Акүйдөн атылган автоматтын огу бетинин чок ортосу – мурдуна тиет. О, бул адам ишенбей турган окуя: ок таноодон кирип, желкеден чыгып кетет, бирок, аман калат! (Бул да “Укмуштар китебине” каттала турган иш.) Алиясбек мырзанын бактысы тоодой экен, жарааттан куландан соо сакайып, ал тургай, кийин министр болуп иштейт.

Баш сөөктү ок аралап кетсе да, аман калат деген эмне шумдук? Ооба, бул Кудайдын кудурети! Жараткандын мээри! Бул укмушту андан башкача түшүндүрүү кыйын! (Эгер Алиясбек баатырдын кудурети болгондо, келаткан октон буйтап кетмек да, туурабы?) Ал кездеги Убактылуу бийлик бул укмушту атайын белгилеп коюуну эп көрдү. Арийне, Жараткан орден-медал, наамга муктаж эмес да, ошон үчүн аны Алиясбек Алымкуловдун өзүнө эле ыйгарууну туура табышты окшойт: ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарышты.

Ал эми Алиясбек баатыр: “Жараткан алтын башымды сактап калды. Адам үчүн өмүрдөн өткөн наам, сыйлык, белек барбы!? Кудайдын бул тартуусунун жанында пенденин көкүрөккө “алтын жылдыз”  кадаганы шоона эшеби? Мага өмүрдөн өткөн сыйлык жок!  Анан да, ошол күнү канча жигит набыт болуп, канча үй-бүлө кан жутуп, кайгыга батты…  Ошонун баарын көрүп туруп, көкүрөккө орден тагып, баатырмын деп шадыраңдоо не жорук? Койгула, уят. Андан көрө 7синде набыт болгон жарандарбыздын үй-бүлөсүнө кам көргөндү ойлойлу” деп, сыйлык-наамдан сылык-сыпаа баш тарта албады.

Антпей эле тим болбой, Алиясбек баатыр шардыгына салып, былтыркы жылы “экинчи эрдигин” жасап жиберди! Облустук бийликтин имаратынын астынабы, иши кылып, Талас шаарынын бир көрүнүктүү жерине өзүнүн айкелин тургузуптур. Айтуусуна караганда, айкелдин бүт чыгымын өзү көтөрүп, пулун жан чөнтөгүнөн төлөптүр… А бирок, өзгөчө белгинин расмий жобосу боюнча, Кыргыз Республикасынын Баатыры болгон адамдын айкели мамлекеттин эсебинен жасалып, орнотулушу керек эле. Баатырга андай сый-урмат көрсөтүү мамлекеттин (демек, элдин) парзы.  Бирок, бу жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө узагандан кийин… Арийне, Алиясбек баатыр аны күтүп отурган жок, дагы да жүрөктүүлүк, чечкиндүүлүк кылып, марттыгын көрсөтүп, баарын өз чөнтөгүнөн төлөп, өз эстелигин койкойтуп койду!  А бул эрдик эмей эмине!?

“Чала баатыр” Алмазбек Атамбаев

Эшегине жараша – тушагы, Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды дээрлик 7 жыл башкарды.

Аскар Акаевден баштап мамлекет башчыларыбызда оңдуу мамлекетчил көзкараш, акыл-ой болбогондугун, болсо да, өтө тайыздыгынан улам ал көрпенделик жеке кызыкчылык менен аралашып кетип, мамлекеттик саясаттын ашмалтайы чыкканын көрдүк. Алардын тайыздыгы өлкө башчысы катарында жарандарга мамлекеттик сыйлык, наам ыйгарган жосунунан дагы сезилип  турду. Мисалы, президент Аскар Акаев эң ириде өз режимин жактап, колдогон позициясын урматтап, анан да уруулук-тууганчылык ылымсаноо менен Турдакун Усубалиевди “баатыр” кылса, президент Курманбек Бакиев дал ошондой эле критерийдин негизинде Абсамат Масалиевге (көзү өткөндөн кийин)”баатыр” наамын ыйгарды.

Менимче, мамлекеттик саясаттагы тайкылык жагынан  Атамбаев Акаевди да, Бакиевди да жолго калтырды. А.Атамбаев илгерки европалык падыша Людовик ойлонгондой  эле, “мамлекет, бул –  мен” деп ойлоду. Ойлогонуна ишенди. Ошон үчүн өзүнүн шопуру (Илмиянов), жансакчысы (Сүйүмбаев), кол баласы(Исаков) сыяктуу жоон топ жанжөкөрлөрүнө (биз жакта кожоюндун көзүнүн агы менен айланып, айтканын илгиртпей аткарган андай кызматчыларды жетим жүгүрүк деп коёт) мамлекеттик чоң кызмат берип эле чектелбей, мамлекеттин орден-медалын дагы көкүрөктөрүнө каалашынча кадады.

Өзүнө сактап, өз доорунун ”жеке баатыры” болгусу келгендиктен, жалгыз гана Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын эч кимге ыраа көрбөдү. Ойлогонундай эле, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы ишин ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол коюу менен баштады көрүнөт.

Арийне, “Атамбаев – мамлекет эмес!” экендигин кеч түшүнүпкалышканбы, же дагы башка жөнү барбы, айтор, жаңы президент “Баатырдык” өзгөчө белгини алигече“салтанаттуу түрдө” тапшырган жок.  “Ак шумкар” алтын жылдызы экс-президенттин көөдөнүндө эмдигиче жаркырагай элек.

Жолдош Леонид Ильич сыяктуу эле, урматтуу Алмазбек Шаршенович дагы мамлекеттик сыйлык, наам алганды аябай сүйөрүн, төшүнө жылдыз кадалганда элжиреп, кадимкидей ээрип кетээрин 2007-жылы ага президент Курманбек Бакиев “Данакер” орденин бергенде бүт Кыргызстан теледен көргөн. (Түшүнгөн адамга ошондо эле Атамбаевдин дээри белгилүү болгон. Мыкты мамлекет башчысы, чыныгы улуттук лидерликке ылайык  адам арзыбаган орден-медаль, сыйлык, наамдан эле эмес,бүт көрдүйнө, акча, байлык дегендей көрпенделик азгырыктардан дагы азат, эркин болмогу кажет).   Мындан чыкты, Алмазбек Атамбаев  “чала баатыр” бойдон калгысы келбейт. Ошондуктан, ал эми өзүнүн “толук баатыр” экендигин далилдөөнүн камында.

“Айласы кеткен киши күлөт” дейт кыргызда. Кыргыз Республикасындагы эң жогорку сыйлык, өзгөчө белги – “Кыргыз Республикасынын Баатырына” жасалган мамлекеттик-коомдук  мамилеге серп салып, анын акылга сыйгыс алаңгазарлыгын көргөн адам аргасыз ”күлөт”: какшык менен кеп баштап, аны жогоркудай азил-куйкум менен улантканга аргасыз болот …

(Уландысы бар)

Абдувахаб Мониев

Булак: «Азия ньюс»

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *