Сыргак Кенжебаев 20-февралга чейин камакта калмай болду

Бүгүн, 13-январь күнү Бишкек шаардык сотунда Сыргак Кенжебаевдин бөгөт чарасы каралып, ал кайра эле 20-февралга чейин камакта калмай болду. Мындай чечимди Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 20-декабрь күнү УКМК тарабынан Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев кармалган. Ал кытай бизнесменинин арызы боюнча шылуундукка шектелип колго түшүрүлгөн. Ошол эле күнү УКМК Кенжебаевди убактылуу кармоочу жайына камаган.

Ал эми 21-декабрь күнү С.Кенжебаевге аталган кылмышты жасагандыгы тууралуу билдирме берилип, ошол күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны  №1 тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Ал эми 23-декабрь күнү УКМК Сыргак Кенжебаевге карата козголгон кылмыш ишин ИИМге өткөрүп берген.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *