Түгөлбай Казаков, коомдук ишмер: «Биз эмне Юлий Цезардын тукуму белек?»

Кийинки кездерде жалпы окурмандардын талкуусуна алып чыгайын деген ойлорум бар эле. Алардын бири — биз колдонуп жүргөн ай аттары. Кыргыздын өз табийатына жуурулушкан ай аттары бар. Орустар келгенге чейин колдонулган. Совет доорунда бала бакчадан баштап окуу жайларда, ишкана-мекемелерде, айтор эл чарбасынын бардык тармактарында январдан декабрга чейин кулака куйулуп турду. Эми эгемен кыргыздар ошол 75 жыл бойу колдонуп келген ай аттарынын маанисин билебизби? Биз кимдердин этегине тооп кылып, кимдердин аттарын ыйыктап оозубуздан түшүрбөй жүргөнүбүздү карап көрөлү. Мен Москвадан чыккан орус тилинин этимологиялык сөздүктөрүнө тайанып айтайын.

Январь — бул сөз 11-кылымда орустарга гректерден, аларга латындан келген. Латынча күндүн кудайы — Янус дегенден алынган . Кыргыздар ай-күнгө, сууга-сүйүүгө дегендей өз-өзүнчө кудайларды шайлаган эмес. Жараткан бирөө деп жашаган. Азыр бүт дүйнөдөгү  диндер ушул түшүнүккө келген жокпу? Келди. Алладан башка Алла жок, (нет Бога кроме Бога) Кудайдан башка Кудай жок деп отурушат. А биз календарь чыгарсак эле кайдагы бир Янустан баштайбыз.

Февраль — орустарга 12- кылымда латынчадан келген. Тазалануу айы дегенди түшүндүрөт. Февралда тазаланып жүргөн орусту же кыргызды көргөн киши барбы?

Март — орустарга 13-кылымда гректердин мартиос деген сөзүнөн, аларга латынчамартиус дегенден келген. Сөздүктө сөз мааниси берилген эмес. Бул сөздүн маанисин түшүнбөй эле жазып да, айтып да келдик.

Апрель — 11-кылымда келген. Латынча априлус. Ал — күн жылыды дегенди билдирет.

Май — 18-кылымда келген. Латынча жаз кудайын майя дейт. Бул ошондон.

Июнь — 9-10-кылымда келген. Латынчасы Юниус. Ал Юния деген колбашчынын атынан койулган. Анын кыргыздарга кандай тиешеси бар?

Июль — 9-10- кылымда келген. Латынчасы Юлиус. Бул ай Юлий Цезардын айы деп эсептелген. Бул ай Цезардын менчик айы экенин ар бирибиз какшап кайталап келатабыз.

Август — гректерден, аларга латындан келген. Рим императору Августтун атынан койулган. Качанкы бир кайнаса каны кошулбаган императордун атын айтып да жазып да келатабыз.

Сентябрь — 11-кылымда келген. Латынча септембер. Септем -жети дегенди билдирет. Байыркы Рим календарында бул ай жылдын жетинчи айы болуп эсептелген. Бул өтө кызык маалымат.

Байыркы кыргыздар жылсанакты март айынан баштаганын азыр баары эле билсе керек. Ошондо биздин жылсанак бойунча да сентябрь жетинчи ай болуп атпайбы! Бул антикыргыздар айткандай жөн эле дал келүүбү?

Октябрь — латынча сегизинчи дегенди билдирет.

Ноябрь — 11-13-кылымда келген. Латынча тогузунчу дегенди билдирет.

Декабрь — латынча он дегенди билдирет.

Христиан динин туткан өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында ай аттары ушундай. Алардын го дини менен континенти бир экен. Ал эми Азияда жаткан бизге эмне жок?!

Европалыктар жалаң эле ай аттары эмес, башка да көп жагдайларда орток дөөлөттөрдү түзүп алган эл. Ал эми түрк дүйнөсүндөгү ай аттарын айдасаң да жакындабайт.

Март айын алып көрөлү: Кыргызча — Жалган куран Түркчө — Март Казакча — Науруз өзбекче — Хамал Сахача — Кулун тутар ай Төбөче (Тува) — үч ай Крым татарча — Сабан (соко) айы

Эркиндик алгандан кийин кошуналар ай аттарын мурдагы калыбына келтиришти. Биз — кыргыздар Юлий Цезарь менен Юниянын тукумунан бетер алардын аттарына намаз окуп отурабыз.

Айлардын кыргызча аталыштары сунуш кылынганда көпчүлүк көнүп калгандан чыккысы келбей, адатынча ар бир өзгөрүшкө билип-билбей каршы чыкмайы кармап (бекер менен оңойго ыктаган эл ушундай болот тура), экинчиден аталыштардын маанисин түшүнбөй  (тагыраагы түшүнгүсү келбей), андан улам кулагына кирбей жерип туруп алды.

Кошуналарда улуттук ан-сезим мурдараак ойгонгон экен, бизге окшоп кыжыңдап отурбай эле өз тилине которуп алышты. Кошуна демекчи, өзбектерде айлардын өзбекче аталышы жок. Алардыкы январь, февраль деп жөнөйт, же фарс-араб тилинде хамал, жавз, саратон деп кетет.

Фарс-арабчасында жыл март айынан башталат. Башкача айтканда байыркы көчмөндөрдүн айсанагына өтүшкөн. Анда айлар 1инен башталбай, 21инен башталат. Мисалы, азыркыча айтканда 21-марттан 21-апрелге чейин биринчи ай — хамал.

Эгемендик «эски досторго» жөн келген жок. Куудулдар чыкты. Мисалы, Туркменстандын  мурдагы президенти Ниязов өзүнө Туркменбашы деген титул таап эле тим калбай, атын көзү көргөн жердин баарына койдуруп, ага да ыраазы болбой январга өзүнүн, апрелге энесинин, сентябрга китебинин атын койдуруп салган.

Төбөлөр (тува) айларга ат койгон эмес. Алар бир ай, эки ай, уч ай деп эле катарынан санап койушкан. Эми биз эмне кылышыбыз керек? Ай аттарына келгенде христиан дининде кала беребизби? Же христиандан качабыз деп арабчага кирип кетебизби ( ошондой да куудулдугубуз бар эмеспи)?

Кыргызча ай аттары кыжыйып эле эсибизге кирбей жатса, алардын себептери анча ынандырбай турса, анда башка жолун издеп көрбөйлүбү. Бул айдын аты сөзсүз эле текенин же кулжанын күүлөгөнүнө байланыш керек деген темирдей бекем эреже болбосо керек. Төбөлөр (тува) ат койуп отурбай эле катарынан санап жүрөт го. Бул бойунча окурмандардын ойу өтө маанилүү.

Ай аттары бойунча өз сунуштарым бар. Бирок аны окурмандарга тануулагансыбай, ойлорун уккандан кийин айтсам дейм.

Жети күндүн аттары. Биз колдонуп жүргөнү фарсча экен. Бу аталыштар эмнени түшүндүрөт? Кызыккан киши барбы?

Дүйшөмбү — фарсча ду шамба (ду — эки) Эки ишемби болот.

Шейшемби — үч ишемби.

Шаршемби — төрт ишемби.

Бейшемби — беш ишемби.

Жума — жыйын күнү. Ошондуктан намаз ушу күнгө койулган.

Ишемби — шамба

Жекшемби — бир ишемби. Эмне түшүндүңүз? Менимче илгери демалыш күнүн шамба деп, андан кийинкилерин шамбадан кийинки биринчи күн, экинчи күн ж.б. деген маанини берели дешсе керек. Антип кыйналып отурбай,  күндөрдү азыр өзүбүз айтып жүргөндөй эле катарынан айтсак эмне болот? Биринчи күн, экинчи күн деп келип, жетинчисин дем алыш деп календарга киргизбейлиби. Гениалдуу нерсе жөнөкөй болот дешет. Айтканда өз тилибизде, жөнөкөй, түшүнүктүү айтабыз да, жазганга келгенде жогоруда айтылган фарсы тилиндеги башы колтугунан чыккан аталыштарды календарга киргизебиз. Кандай дейсиздер?

Эгер туура эмес айтып жатсам менден акылдуулар бар, ондоп койушса андан жакшы.

Окугандардын баарына амандык каалап Түгөлбай КАЗАКОВ

Булак: “Эл деми”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *