Таалайбек Байсекеев, улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси: “Жылына 1500дөй варикоз дартына чалдыккандарды дарылайбыз”

Убакыттын өтүшү менен варикоз дарты кеңири жайылып, улам жашарып баратат. Шаарыбыздагы, алыскы аймактардагы бул дартка чалдыккандардын көбү Бишкектеги улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнөн дарыланып кетишет. Аталган бөлүмдүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты  Таалайбек БАЙСЕКЕЕВ менен бул оорунун келип чыгышы, белгилери жана алдын алуу, деги эле варикоз дарты тууралуу маек курдук.

— Сиз жетектеген улуттук госпиталдын кан тамырлар бөлүмүнө кайрылган адамдардын саны кандай? Варикоз дарты менен Кыргызстандын канча пайызы жабыркайт?

— Бул оору адам баласы пайда болгондон баштап эле кезигип келет.  Окумуштуулардын белгилөөлөрүнүн негизинде варикоз менен ооругандардын 100% деп алсак, алардын 60-70%ы аял кишилерде, калган 30-40%ы эркектерде  кездешет.

Биздин бөлүмдө 1970-жылдан баштап, азыркы биздин жетекчибиз академик Мамбетакун Намазбеков тарабынан киргизилип, хирургиялык жол менен дарылап келе жатабыз. Жылдан жылга бул оору боюнча киргизилип жаткан хирургиялык ыкмаларды толугу менен колдонобуз. Биздин эле бөлүмдө жылына 500-600 бейтапка операция жасалат. Алардын да көпчүлүгүн аял кишилер түзүшөт. Акыркы убакта бизде жаш балдардын да варикозу кездеше баштады.

— Бөлүмүңүздөр канча орундуу, операция саны көппү?

— Биздин бөлүм 40 орундуу. Жылына 1500дүн тегерегиндеги бейтапты дарылайбыз. Ал эми акыркы эле 2017-жыл жөнүндө айтсак 1100 адамга операция жасаптырбыз. Дагы белгилеп кете турган нерсе, жогоруда айтылган 600 пландуу варикозду операция кылгандан тышкары, ушул эле варикоздун ичине тромб пайда болуп калып операция жасалган учурлар да көп кездешет. Мындай операциялардын саны 300гө жетет. Ошондуктан варикозго чалдыккан адамдар өздөрүнүн өмүрүнө өзгөчө маани берип, дарыгерге убагында кайрылышса жакшы болмок.

— Оору эмнеден улам пайда болот?

— Варикоз грек тилинен которгондо “кеңейүү” деген түшүнүктү берет. Демек, бул  веналык кан тамырлардын кеңейип кетиши. Теория боюнча, варикоз дененин ар кайсы бөлүгүндө пайда боло алат. Бирок көп учурда ал буттан кармайт.Төмөндөн жогоруну көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар кулпунун ролун аткарат. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар кулпу сымал жабылып, канды чыгарбай алып калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсы бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам вена серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде түйүндөр пайда болуп, ал жер териден бадырайып көрүнүп калат.

— Варикоз дененин кайсы жеринде көп учурайт?

— Вена дене бөлүктөрүнүн бардыгында кездешкендиктен, варикоз оорусу да дененин ар жерлеринде кездешет. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, түз ичегинин оозунда (геморрой), бутта, ички органдарда, атургай жыныстык органдарда да кездешет. Жыныстык органда кездешкен түрүнө эркектердин варикоцеле оорусун (жумуртка баштыкчасындагы вена тамырынын кеңейиши) мисал кылсак болот. Антсе да буттун варикозу менен көпчүлүк адамдар оорурун айта кетели.

— Бул дартты азыр көп акча төлөп жаңыча лазер менен да дарылашат экен. Буга кандай карайсыз?

— Биздики мамлекеттик клиника. Бөлүмүбүздө  лазер жолу менен операция жасалбайт. Себеби биздин бөлүмдө салттуу түрдөгү хирургиялык жол менен дарылайбыз. Лазер менен дарылоого азыр элдин нааразычылыгы көп болууда. Лазер жолу менен дарылангандар кайрадан экинчи ирет бизден дарыланып, ал жакка төлөнгөн акчаларын соттошуп, кайтарып алышууда.

 Бут варикозунун белгилери

  • Бут талып, салмактанат, карышат.
  • Жумуш кылган соң бут сөзсүз ооруп чыгат.
  • Кечкисин тизенин жана кызыл ашыктын тегереги шишийт.
  • Буттун сезимталдыгы төмөндөп, сайгылашат жана ачышат.
  • Бутта, көбүнчө тизеде узакка айыкпоочу жаралар пайда болот.
  • Буттун терисинин өңү өзгөрөт.
  • Буттун кан тамырлары лукулдатып оорутуп, түнкүсүн тарамыштар тартышып, карышат.
  • Кан тамырларда торду элестеткен түйүндөр пайда болот.

 Оорунун себептери

  • Дамамат туруп же отуруп иш­төө;
  • Аз кыймылдуулук же физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү;
  • Семирүү, оор жумуштарда иш­төө;
  • Тукум куучулук;
  • Тубаса варикоз оорусу менен төрөлүү;
  • Аллергиялык оорулар;
  • Жыныстык гормондордогу өз­гөрүүлөр. Буга көбүнчө аялдар кез келишет. Мисалы, этек кирлери келерде көп­чү­лүгү буттарынын оорутканын сезишет. Мындан тышкары, аял кош бойлуу кезинде салмак кошулат да, вена кан тамырларына күч келет. Адатта төрөттөн соң калыбына келет.

Варикоз эмнеси менен коркунучтуу?

Ысыкка чыкканда, күнгө кактанганда, семиргенде, мончого барганда түйдөкчө болуп уюп калган кандар (тромб) үзүлөт. Алар кан менен кошулуп мээге жетсе, инсультка же жүрөккө жетсе инфаркка чалдыктырышы мүмкүн. Ошондуктан варикоздун башталыш кезинде эле врачка кайрылып, дарылануу кажет.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *