Таажывируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 80,5 млн сом келип түштү

Бүгүнкү күндө таажывирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 80 миллион 552,2 миң сом келип түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Белгилегендей, эң көп акча которуулар 31-мартта жана 1-апрелде болгон, анда 13,7 жана 11 миллион сом которулган.

Атайын комиссиянын чечими менен таажывирусу аныкталган очоктордо эмгектенген дарыгерлерге кошумча акы төлөөгө эсептен 38,5 миллион сом которулган.

Учурда Кыргызстанда 116 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, экөө жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *