Таажывирусун жуктуруп алган 6 бейтап жандандыруу бөлүмүнө эмне себептен которулгандыгы айтылды

Таажывирусун жуктуруп алган 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал 6 бейтаптын кээ бирлеринде өпкөнүн сезгениши болуп, аларга кычкылтек зарыл болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө которулганын айтты.

“Кычкылтек менен камсыздандыруу максатында алар изолятордон интенсивдүү терапия палатасына которулган” – деп билдирди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *