Таажывирусун жуктуруп алган 71 жаштагы Сузактык бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантууда

Таажывирусту жуктуруп алган 71 жаштагы Сузактык бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Таажывируска чалдыккан 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат” – деп билдирди Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, 23-мартта таажывирусун жуктуруп алган 71 жаштагы Сузак районунун тургунун абалы оорлоп, жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Учурда Кыргызстанда жалпы 42 адамда таажывирус аныкталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *