Табылды Акеров: “Билим берүү коммерциялашып, министрлик, ректорлор сапаттуу билим берүү үчүн кам көрбөй калышкан…”

— Табылды агай, соцтармактарда Илим жана билим министрлиги тарабынан ЖРТ экзамендеринен кыргыз тили алынып салынды деген маалымат чоң талкуу жаратты. Айрымдар өкмөт сырттан башкарылып жатат дешсе, кай бири муну жакынкы парламенттик шайлоолор менен байланыштырып жатышты. Мындай кадамдын канчалык зарылчылыгы бар эле? Бул жумадагы саресепти ушул темадан баштасак туура болчудай болуп турат…

— Ооба. Эл бул маселеге өтө кызыкканы билинди. Бирок, министрликтен кийин билдиргендей, орус мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн алынган. Бул туура эмес. Себеби, Кыргызстанда СССР учурунда орустар 14% түзгөн, ал эми бүгүн 5%ды эле түзөт. Региондордо алардын саны өтө аз. Бишкек шаарында 23%. СССР учурунда кыргыздар Бишкек шаарында 17%ды эле түзгөн. Эгерде өлкөдө 350 миңдей орус калкы калса, алардын 200 миңдейи Бишкек шаарында жайгашкан. Бирок, Бишкек шаарындагы көп мектептер мурдагы орус мектеби статусун сактап калган, аларда кыргыз улан-кыздар орусча билим алып жатышат. Менин балдарым окуган 70-мектепти эле алалы. Окуучулардын 90%ы кыргыз балдар. Баары орусча окуп, мамлекеттик деңгээлде ассимиляция болуп жатышат. Баары кыргызча сүйлөгөндү билишпейт. 13, 61, 70-мектептерде биринчи класстарда балдардын саны 60–65ге чейин жетет. Сабак бүткөнчө класс сасып кеткенин айтып ата-энелер даттанышат. Бишкекте 100дөн ашык мектеп бар. Ар мектепте 1000–1500 бала окуйт дегенде эле канчалаган кыргыз балдар-кыздар ассимиляция болуп жатышат. Ошого министрликтин бул кадамы туура эмес деп эсептейм. Бишкек шаарындагы бүт мектептер кыргыз мектеби статусуна өтүшү зарыл. Былтыр 23-сентябрда Президент С. Жээнбеков мамлекеттик тил күнү өтө мыкты доклад жасап, кыргыз тилин өнүктүрүү проблемалары боюнча өкмөткө, министрликке тийиштүү талаптарды койгон. Өкмөт жана министрлик ошол талаптарга ылайык аракеттерди жасаш керек.

Кыргызстанда орус калкынан башка өзбек, дунган, уйгур ж. б. калктар бар да. Орус өкүлдөрү Орусиялык ЖОЖдорго тапшырып кетип кала алат. Ал эми дунган, уйгур калкы кайсы окуу жайга барып окумак эле? Булар балдарын Кыргызстандын ЖОЖдоруна эле окутуша алышат. Өзбектердин баары эле балдарын Ташкентке же башка шаарларындагы ЖОЖдордо окута албайт. Өкмөт менен министрлик эмне үчүн орус улутундагыларды башка улуттардан жогору коюп жатат? Министрлик тескерисинче, Кыргызстанда кыргыз тилин кеңири жайылтууга аракет кылышы керек деп ойлойм. Ошондо орустар, өзбектер, дунгандар, уйгурлар Кыргызстандын ЖОЖдорунан билим алышып, өлкөнүн ЖОЖдорунун финансылык абалы жогоруламак. Мугалимдердин айлык-акылары көтөрүлмөк. Соцтармактарда мурда дунгандар, уйгурлар кыргызча сүйлөчү, азыр таптакыр сүйлөбөй, орусча сүйлөп калышты деп жазып жатышат. Буга биринчи кезекте бийлик, өкмөт, министрлик күнөөлүү. Өкмөт менен министрлик саясат менен алектенбей, мына ушундай стратегиялык иштер менен алектениши шарт. Болбосо кызмат орундарын бошотуп кетишсин.

— Өзбекстандын президенти Мирзиёев ЖОЖдордун ректорлору коррупциялашып кеткендигин айтып катуу сынга алды. Бизде абал кандай?

— Мирзиёев дүйнөлүк коомчулук анын акыркы жылдардагы иш-аракетине өзгөчө баа бергендигин туюп, берилген бааны сактап калууну туура тапты. Ал Борбордук Азиядагы чоң реформатор, саясатчы катары тарыхта калгысы келип жатат. Ошого 2020-жылдан тартып коррупцияга каршы күрөштү баштап жатат. Эми бизге келсек, ЖОЖдордо абал жакшы эмес, өтө кейиштүү. ЖОЖдордо ректорлор өзүлөрү биринчи коррупционерлер. Ректорлор университетти толугу менен контролго алып алат. Анан проректорлор менен бирге каалагандай саясат жүргүзөт. Мамлекеттик экзамендерди контролго алып, ал жактан да акча түшүп турат. Кыргызстанда ЖОЖдорду баллон системасына өткөрдүк же өткөрүп жатабыз деп коюшат. Бирок, ректорлор эбак эле баллон системасын коммерциялык жолго коюп коюшкан. Бир дагы ЖОЖдо мугалимдердин сапаты жөнүндө кам көрүлбөйт. Илимий даражасы жок адамдарды декан же башка жетекчилик кызматка коюу норма болуп калган. Алар болсо, билим берүү системасын билбей туруп, 10–15 жыл эмгектенген окумуштууларды башкарат. Буга эң негизги себеп, министрликтин шалаакылыгы. Атамбаевдин учурунда бир күн дагы мектепте же ЖОЖдордо иштебеген адамдарды алып келип министр кылып жатышты. Пионер вожатый да болуп көрбөгөн адамдан эмнени күтсө болот? Мен менеджермин деп койсо, ЖК макул болуп, кол көтөрүп берип жатты. Жыйынтыгында билим берүү системасы өтө чоң залал тартты. ЖКда бир да илимдин доктору же башка окумуштуу жок. Атамбаевге алардын кереги жок болчу. Бүт кылмыш ишин ачууга оңой болгон жеп-ичкичтерди толтуруп алып, аларды коркутуп, каалагандай саясат жүргүздү. Атамбаев бул багытта Акаев-Бакиевден ашып кетпедиби.

Былтыр министрлик мамлекеттик экзамендер боюнча атайы буйрук чыгарыптыр. Жаңы келген министр ошол буйрукту карап, туура эмес болсо оңдоп койсо болмок. Азыр министрлик ошол буйрукту реализациялоо боюнча иш алып баратат. Буйрукка ылайык, эгерде студенттер мурда тарых жана кыргыз тилинен эле мамлекеттик экзамен тапшырса, быйылтан баштап географиядан да тапшырышат экен. Болгондо да тест менен бир эле учурда үч сабактан мамлекеттик экзамен беришет. Мугалимдер таң калып жатабыз, студенттер үч сабакка кантип дайынданып жетишишет деп. Бул туура эмес да. Көпчүлүк студенттер эптеп окуп жатышат. Көбү иштеп окушат. Билим алуу мүмкүнчүлүгү татаал. Анан үч сабакка кантип дайынданып жетишишет? Бул да ректорлор үчүн пайдалуу. Ректорлор мамлекеттик комиссиялардан кулатпагыла деп талап кылат. Ошентип, комиссия айласыз бардык студенттерге эптеп үч коюп өткөрүп жиберишет. Кыргызстанда ЖОЖдор эбак эле билим бербей калган. Мунун өзү Кыргызстанда билим берүү коммерциялашып кеткенин жана министрлик, ректорлор сапаттуу билим берүү үчүн кам көрбөй калгандыгын көрсөтөт.

— Демек, жаңы министрдин реформа кылаарына ынанбай жатыптырсыздар да?

— Жок, биз ал бекигенде чын эле ичибиз жылып калды. Илимдин өкүлү, тармакты билген киши келди деп. Анын келиши менен көп нерсе өзгөрөт го деп үмүттөнгөнбүз. Бирок, азырынча эч нерсе байкала элек. Менимче, ал ишти өзүнүн мурдагы коллегаларынын кетирген каталарын, кемчиликтерин оңдоодон баштаса болмок. Беркилерге караганда тармактын ак жана кара жагын жакшы билет дегендей. Былтыр кыргыз тилинин Бишкек шаарындагы абалы боюнча сиздердин гезиттин колдоосу менен канча жаздык. Акырында Прездидент С. Жээнбековго да кайрылууга туура келди. Бирок, министрлик Президенттин Аппаратынын мамлекеттик тилдин өнүгүүсү боюнча жардам берип койгула деген катына «отписка» кылып жооп берген, алдап. Маселе чечилип жатат. 70-мектепке 1 класс кыргыз мектеп ачылмай болду деген мааниде. 1-сентябрда ачылбай калган. Бул кат министрдин орун басары Н. Жусупбекованын колу менен кеткен. Эч ким жазага тартылган жок. Акыры Бишкек департаменти арызыбызды угуп, бардык орус мектептерге кыргыз класстар ачылсын деген буйругун чыгарды. Бирок, азыр эле ачылбайт деген сөздөр айтылып жатат. Себеби, директорлор каалабайт экен. Бул маселеде президенттин позициясы так. Мына ушул маселени министрлик көзөмөлгө алышы керек деп ойлойм. Күздө көрөбүз.

Бир топ тарыхчылар министрлерге бир нече жолу кат менен кайрылып, тарых боюнча мамлекеттик тилди 2-курстан 4-курска жылдырыш керек деп суранганбыз. Майнап чыккан эмес. Себеби, Кыргызстанда мамлекеттик экзамендерди 2 же 3-курсту бүткөндөн кийин алуу бүгүнкү күндүн реалдуулугуна туура келбей калды. ЖОЖдордо бардык мамлекеттик экзамендерди 4-курска которуш керек. Себеби, студенттер 2-курста мамлекеттик экзамен бергенге али жакшы дайын боло элек болот. Анын үстүнө көбү иштеп, окуп жатышат. 4-курста бүт курсту окуп бүтүп, көп материалдар менен таанышып, көптү билип, дайын болуп калышат. Мен 4-курстагы студенттерден мамлекеттик экзамен алгам. Алардын жооптору жогору болот. 2-курстун студенттери жооп бергенден баш тартышат. Себеби, ректорлор эптеп 3 койдуруп коюшарын билишет. Ошого 2-курстан мамлекеттик экзамен алууну токтотуш керек. География сабагы мамлекеттик экзамен катары былтыр эле кирди, министрлердин айынан. Бул коррупциялык проект. Муну ЖОЖдордогу мугалимдердин баары эле айтып жатышат. География мамлекеттик экзамен бере тургандай негизги сабак эмес, муну жоюш керек. Кыргызстан кичинекей эле өлкө да.

— Конкреттүү бир-эки мисал келтире кетиңизчи?

— Мисалы, семестр бүтүп сессия башталгандан тартып, мугалимдердин баарына студенттерди кулатпагыла деген талап коюлат. Албетте, жакшы окуган студенттер өз күчү менен окуп, өтүп кетишет. Бирок, сабакка келбеген бөлүгү өтө көп да. Ошолорду эптеп «үч» менен өткөрүп жибергиле дешет. Бир семестрде 15–30га чейин студенттерди декандар, ректорлор коркутуу менен өткөрүп жиберишет. Ким өткөрбөсө, ким көп студенттерди кулатса, ал кийинки жылы сабак албайт. Аны иштен кетиришет. ЖОЖдордо тиги же бул сабакты кесипкөй мугалимдер эмес, башка кесиптин ээлери сабак берип жатканы, мугалимдердин жетишпегендигинен эмес, тескерисинче, предметти билбеген мугалимдер болсо, аларга «үч» койдуруп алуу оңой болгону үчүн. Анан кантип билим берүүнүн сапаты көтөрүлсүн? Мындан башка, сессияда ректорлор, декандар 6 айдан бери сабакка келбеген, мугалимин тааныбаган студенттерди «үч», «төрт» койдуруп, өткөрүп кетишет. Себеби, алар потенциалдуу акча төлөй алуучу студенттер деп түшүндүрүшөт. ЖОЖдор бүгүн ректор, декандардын коммерциялык саясатынан билим албаган, университетке келбеген балдар-кыздарды бүтүрүп чыгарып жатышат. Алар окууну бүткөндө эле диплом алганы бир келип кетип жатышат. Айрымдары чет мамлекеттерде иштешет. Мамлекеттик экзаменге да келбей, баа алып жаткан учурлар жок эмес. Комиссияны коркутуп, же студенттин ордуна башканы киргизип, өткөрүп кеткен учурлар аз эмес. Министрликке саясат менен алектенүүгө убакыт жок. Өлкөбүздүн жаш мууну толугу менен мамлекеттик деңгээлде ассимиляция болуп жатат. Жаңы түзүлгөн ЖОЖдор орусча түзүлүп, окуу орусча жүргүзүлөт. Бишкектеги ЖОЖдордо жетекчиликтин туугандары, жердештери толуп алган. Булар сабактарды кыргыз тилине өткөрүүгө кызыкдар эмес. Анткени, анда студенттерди кыргызча жана орусча группаларга бөлүш керек болуп калат. Кыргыз группаларга кыргызча сабак бере ала турган мугалимдерди алыш керек болот. Муну алар артыкча чыгым катары көрүшөт. Мугалимдерден орусча сабак өтүүнү талап кылышат. Студенттердин өтүнүчү менен кыргызча сабак өткөн мугалимдерди билип калса, жумуштан кетиришет. 10 жылдап диссертациясын жактап алып, кыргызча сабак бергендиги үчүн иштен кетирилип, депрессияга кабылып, өмүрүнөн ажыраган учурлар кездешүүдө. Ошондуктан, министрлик ЖОЖдордо кыргыз факультеттерин, кыргыз группаларын ачуу менен алектениш керек деп ойлойм. Министрлик пакистандыктардын, индиялыктардын кыргызча окутуу маселелерин чечүү менен алектенүүгө тийиш. Болбосо, Кыргызстан билимди экспорттоп жатат дегенден эч пайда жок.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *