Табылды Акеров: “Биз көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган руху бийик көчмөн элбиз, биз кыргыздарбыз!”

Кыргызстандагы улуттук идеология көйгөйү

Кыргыз элине таандык улуттук идеологияны иштеп чыгуу проблемасы Акаевдин мезгилинен бери көтөрүлүп, дайыма күн тартибинде болуп келет. Бирок, эч ким жеткиликтүү иштеп чыга алган жок. Кыязы, бул проблема Акаевдин мезгилинде туура багытта карала башталган. Бирок, кийинчерээк ал кагаз жүзүндө калып, Акаевдин бийликтен жылмышышы менен биротоло унутта калган. Белгилүү болгондой Акаевдин учурунда «Манас» эпосуна чоң көңүл бурулган. 1996-жылы «Манас –1000» салтанаты өткөн. Кыргыздар муну өтө сыймыктануу менен кабыл алган. Себеби, жаңы эле тоталитардык СССР мамлекетинен бөлүнүп чыгып, ООНдун эгидасында Кыргызстанда ушундай чоң салтанат өткөнүнө кадимкидей жетине албай калганбыз. Ошол кезде Манастын 7 осуяты иштелип чыккан. Бирок, бул осуяттар биздин тунгуч президентибиздин илимий адам болгонуна байланыштуу өтө эле илимий мүнөздө болуп калган. Аларды эч ким жалпак тил менен түшүндүрүп берген эмес. Бирок, мектеп окуучуларына аларды кандай болсо, дал ошондой кылып жаттатып коюшкан. Мен бүгүн ЖОЖдордо, колледждерде «Манас» эпосунан сабак берем. Ошондон улам «Манасты» идеология катары колдонуудагы айрым мүчүлүштүктөрдү байкай алдым.

Биринчиден, бул проблема директивдүү катары кабыл алынып, унутта калган. Мен «Манастаануу» сабагын өткөрүп жатканда окуучулардан Манастын жети осуяты жөнүндө сурайм. Көпчүлүгү аларды жатка билишет. Бирок, жакшылап, жалпак тилде чечмелеп айтып бере алышпайт. Ошондуктан, мен «Манасты» улуттук идеология катары кабыл алуу иштери кагаз жүзүндө жүргөн жана директивдуу кабылданып калган деген жыйынтыкка келдим. Чынын айтканда, Кыргызстанда бийлик демилгелеген баардык эле иш-чаралар директивдуу түрдө өтөт жана бир мезгилден кийин унутта калат. Иш-чара өткөндөн кийин эле баары унутта калат эмеспи. Ошол сымаал «Манасты» идеология катары тутуу да унутта калган.

Экинчиден, «Манас» кыргыз элинин улуттук идеологиясы катары жеткиликтүү изилденбей, окулуп-үйрөнүлбөй калган. Үчүнчүдөн, «Манас» улуттук идеология катары башка улут өкүлдөрү тарабынан жакшы кабылданбагандыгын байкоого болот. Кыргызстанда жашаган башка улуттардын өкүлдөрү бул процесстерге камтылбай, унутта калышкан. Себеби, кыргыз тилин окуп-үйрөтүү жеткиликтүү деңгээлде коюлган эмес.

«Манас» эпосу бул Кыргыз мамлекетинин жана кыргыз элинин Улуу Талаадагы көчмөндөргө мүнөздүү этностун саясий турмушун, жашоо-тиричилигин, каада-салтын, үрп-адатын, улуттук оюндарын чагылдырган көөнөргүс чыгарма жана элибиздин кайталангыс тарыхый эпопеясы. «Манас» аскердик демократиянын негизинде кыргыз элинин алгачкы мамлекет түптөгөн мезгилинен тартып, Мукамбет –Кыргыздын дооруна чейинки тарыхый окуяларды өзүнө камтыйт.

Нечендеген кылымдардан бери Манас руху кыргыздардын кыймылдаткыч күчү катары таанылып келген. Манас руху бул кыргыз баласынын аруу рух эгемендүүлүгү, аруу рух табияты. «Манас» бул кыргыз элинин жаралгандан бери, анын байыркы карт тарыхынан элдин кулк мүнөзүнө, канына сиңип келген эгемендүү аруу рух табияты.

Кыргыз эли туу туткан негизги баалуулуктар акыйкаттык, теңдик, калыстык

Кыргыздардын мамлекети аскердик –демократиянын негизинде курулган жана коомдук структуралар жана коомдун жашоосу ошону менен жөнгө салынган. Аскердик демократиянын бирден бир баалуулуктарынан болуп акыйкаттык, тендик, калыстык эсептелген. Бул принциптер аскердик –демократиянын негизинде кыргыздын канына сиңип кеткен. Кыргыз акыйкат, теңдик жана калыстык үчүн кан-жанын аябай күрөшкөн. Аскердик-демократиянын кыргыздар менталдык негизги касиетине, улуттук аруу рух эгемендүүлүгү табитине эгедер болгон. Кыргыздарда улут руху «Манастай» зор каармандык чыгармада чагылдырылып, эркиндик, көз карандысыздык идеяларына ширетилип, жоокердик турмушта калыптанып, майтарылгыз күчкө ээ болгон.

Кыргыздарда адам 40 жашка чыкмайынча хандын жанына олтурууга уруксат берилген эмес. 40ка чыккан адам гана кызуу кандуулукка алдырбай, ханга туура кеңеш бере алат деп эсептелген. Кыргыз мамлекетинде жаштарды руху бекем, эрки күчтүү кылып тарбиялоого умтулушкан. Көчмөн турмушунун талаптарына ылайык ар бир уул же кыз баалуу болгон. Тарыхый булактар айгинелегендей (жалпы көчмөндөрдө) коомдо «бир ок-бир жоокер» деген принцип өкүм сүргөн. Ар бир эркек киши бир ок (аскерге милдеттүү адам) деп таанылган. Ар бир эркек кагандын же өлкөнүн биринчи чакырыгы менен дароо курал-жарагы, аты менен кошо келип, аскер кошунуна кирүүгө жана аны толуктоого милдеттүү болгон. Кыргыз аскери ондук, жүздүк, миңдик жана түмөндөрдөн турган. Ар бир жоокер өзүнүн эр жүрөктүүлүк, каармандык жеке сапаттарына байланыштуу ондук, жүздүк, миңдик, түмөн башы болууга толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар болгон. Ошондуктан, кыргыздар руху бекем, эрки күчтүү азаматтардан болгон. Артыкчылыкты көрсөткөн жоокер сыйга арзыган. Мисалы, 840–842-жылдары Кыргыз каганынын буйругу боюнча генерал Алп Сол Тепек 100 миң аскер менен Чыгыш Түркстанга жортуулга барган. Көптөгөн шаарларды, урууларды караткан. Кытай императорунун сый-урматына арзыган. Бул эрдиктери үчүн Кыргыз каганы аны баалуу белектер менен сыйлаган. Ошону менен бирге ага Алтайдан эки чоң областы белекке берген.

Кыргыз уруулары дайыма эле бир чөлкөмдү мекендеп турган эмес. Ар кандай себептерге байланыштуу, өзгөчө тышкы коркунучтун айынан көпчүлүк учурларда айрым уруулар элдин негизги бөлүгүнөн бөлүнүп калып, өзүнчө күн өткөрүүгө туура келген. Бирок, кайсы бир мезгилдерде булар кайрадан биримдиктүү эл болуп биригишкен. «Манас» эпосунда да алатоолук кыргыздардын өкүлү Кошой Манас башында турган алтайлык кыргыздарды Теңир-Тоого көчүрүп келгендиги айтылат.

Кыргыздар эч кимге жана эч нерсеге баш ийбейт деп коёбуз. Кыргыздар бир гана нерсеге баш ийген. Ал учкул сөзгө, акыйкаттыкка жана чындыкка. Кыргыздар сөздүн кадырын билген, аны туура кабыл алып, баалай билген эл. Ошондуктан, кыргыздар байыркы баалуулуктарды күнү бүгүнкүдөй сактап, колдонуп келишет. Байыртадан «Өнөр алды кызыл тил», же «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп айтылып келет. Чечендик өнөр менен чындыктын чыркырап жатканын так жана даана түшүндүрүп берүүгө болот. Башты кесүүгө болот, бирок, чыркыраган чындыкты айтып, акыйкаттыкты ачып берген тилди кесүүгө болбойт деген моралдык норма калыптанган жана жайылган.

«Манасты» идеология катары таануудагы тоскоолдуктар

Бул маселеде айрым батыштык политологдор, саясатчылар кыргыз эли эгемендүүлүккө жаңы эле чыкса, аларга кайрадан жаңы идеологияны табуунун кажети жок деп айткандары эсимде. Бирок, мен Батышты жакшы эле кыдырдым. Батышта христиан дини ачык эле пропагандаланып турат. Мисалы, Германия жана башка өлкөлөрдө райондордо, чөлкөмдөрдө Крестке арналган эстеликтер турат. Бул чөлкөмдөрдө эл христиан динин унутта калбасын деп, аны өтө аздектеп, ага өзгөчө көңүл бурат экен. Бирок, кыргыздар христиан дининде эмес да. Биз мусулманбыз, «Манас» биз үчүн ыйык, ата-бабаларыбыздан мураска калган кайталангыс чыгарма. Ошого, батыштагы эл үчүн биздин «Манасты» улуттук идеология деңгээлине чыгарып даңазалообуз өөн көрүнүшү мүмкүн. Бирок, бул кыргыз элинин турмуш реалдуулугу. Кыргыздар өзүнүн ар бир аракетин, жолго чыкса да, бир иш баштаса да, спортто мелдешип күрөшкө же башка мелдешке чыкса да Манас атанын арбагына сыйынат, аны колдосун деп тилейт. «Манас» бул күнүмдүк турмушубуздун, аракетибиздин көөнөрбөс булагы. Биз «Манастан» жаңы энергия, жаңы дем, жаңы багыт, күч-кубат алабыз. «Манас» биз үчүн рухий байлык, коомду консалидациялоочу жана мобилизациялоочу касиеттүү күч, түгөнгүс булак. «Манас» бул кыргыз элин дүйнөгө улуу этнос катары тааныткан чыгарма. «Манас» бул кыргыз элин башка элдерден обочолоп көрсөтүп, даңазалаган улуу дастан. Ошол эле көчмөндөр оюндарын алсак, «Манастын» негизги сюжеттеринин бири – Көкөтөйдүн ашында өзгөчө сүрөттөлүп берилет. Анан калса, кыргыз эч убакта немец же башка боло албайт. Биз кыргыз болуп бул жарыкка келебиз, кыргыз бойдон жашап өтөбүз, кыргыз бойдон бул жарыкты таштап кетебиз. Ошого «Манасты» идеологизациялоодон чоочулабай эле койсок болот. Керек болсо, «Манасты» улуттук идеологиялык деңгээлде көтөрүү мезгил талабы. Биздин элибиз бүгүн рухий колдоого муктаж.

«Манас» Ислам маданиятынын мурасы

Кыргыз эпосунда Манас мусулман. Анда Манас чоң казатка (газаватка) аттанган улуу каарман катары сыпатталат. Ошого биз «Манасты» Ислам маданиятынын мурасы катары караганыбыз туура. Бирок, Манасты мусулман катары тааныганы менен (айрым динчилдер) «Манас» эпосун теңирчилик жана башка ар кандай байыркы диндерди пропагандалаган чыгарма катары көрүп келишет. Мисалы, мусулман дининдегилер «Манасты» теңирчиликти да пропагандалаган чыгарма катары кабыл алышат. Бул жерде биз «Манасты» эң байыркы чыгарма катары карашыбыз абзел. Менимче, бул маселеде биз кыргыз эли (ошол эле динчилдердин ата-бабалары да) арабдар мусулманчылыкты ойлоп таап, кабыл алып, дүйнөгө жайылтканга чейин эле тарыхта белгилүү болуп, өз мамлекетин тигип, жашап келгенин так жана анык билип алуубуз зарыл. Кыргыз эли Ислам дининен алда канча мурун пайда болгондуктан анын ооз эки чыгармаларында мусулманчылык дооруна чейинки көптөгөн тарыхый окуялар, Борбордук Азия элдери табынган диндер да сакталып калган. Бул тарыхый реалдуулук. Ушуну жакшы түшүнүп алуу зарыл.

«Манасты» улуттук идеология катары таануу канчалык зарыл?

Биринчиден биз бүгүн глобализация доорунда жашап жатабыз. Ааламдашуу процесстери майда элдерди жуурултуп, сиңирип, алар жок болуп кетүү коркунучунда калууда. «Манаста» нукура көчмөн дөйнөтаанымы, идеологиясы, жашоо-турмушу, салт-санаасы чагылдырылган. «Манас» кыргыз элин ааламдашуудан сактап кала турган теңдешкис булак.

Экинчиден, кыргыз эли бүгүн өткөөл мезгилди башынан кечирип жатат. Өлкөбүздө эки жолу элдик толкундоолор, революция болду. Мунун эң негизги себеби, коомду багыттоочу рухий курал жок болуп жатат. Бүгүн эл өзүнүн лидерлерине ишенбей калды. Ошого биз элибиздин тарыхына кайрылууга мажбурбуз. Аруу рух эгемендүүлүгүнө эгедер кыргыз элинин «Манасы» бар. «Манас» кыргыз элинин тарыхый эпопеясы. «Манас» улуттук идеология катары бизди эл болуп сакталып калуубузга жардам берет. Биз бүгүн заманбап Кыргыз мамлекетин жана демократиялуу коомду курууга белсенип киришип жатабыз. Манас сымал кыялга батып, заманбап Кыргыз мамлекетин курууга аракеттенип жатабыз. Байыркы бабаларыбыз мурастаган «Манас» идеологиясын туу кылып алып, алга жылууга аракеттенүүнү каалайбыз. Биз да бабаларыбыз сымал жаш муундарды эч нерседен тайманбаган руху күчтүү азамат кылып тарбиялоого умтулуудабыз. Ошондуктан океан сымал «Манас», Манас атанын осуяттары бизге жаңы дем, энергия, күч-кубат берип, рухий табитибизди арттырып, өткөөл мезгилде мөгдүрөбөй, алдыбызда турган кыйынчылыктарга татыктуу туруштук берип, аларды жеңип чыгууга зор өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

А. Сыдыковдун доорунда Кыргыз мамлекети, заманбап доордогу мамлекети куралган. Кыргыз мамлекети республикалык түзүлүштө куралып, илим-билимге, илимий техникалык прогресске сүңгүп кирген, анын жемиштерин пайдаланганды билген коомду куралды. Биз жана бизден кийинки муундар А. Сыдыков, И. Раззаков, Ч. Айтматов жана башкалардын эрдиктерин жана жетишкендиктерин улантуучу муунга киребиз. Бирок, бүгүн бизден мезгил «Манастын» улуу руху, кыргыз элинин аруу рух эгемендүүлүк табити жана жаңы бийиктиктеги жаңы идеяларга, илим-билимге сугарылган, жаңы техника жана технологияларды жарата ала турган жана башкара ала турган, коомубузга жаңылык киргизе ала турган, жаратман жаш муунду тарбиялоону талап кылууда. Ошол муундун жардамы менен коомубузду өзгөртө алабыз. Кыргыз элин, Манас бабабыз сөйлөгөн кыргыз тилин, кыргыз маданиятын, каада-салт, санааларын сактап кала алабыз. Бизди байыртан ата–бабаларыбыздан мурастап келген эгемен рух табитибиз жана жаңы бийиктиктеги билим алдыга сүрөйт, өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын жеңип чыгууга жана жаңы коомду курууга жардам берет. Кыргыз эли нукура көчмөн цивилизациясынын өкүлү катары дүйнөгө таанылат жана түбөлүк сакталып калат. Биз көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган руху бийик көчмөн элбиз, биз кыргыздарбыз! Биз руху бийик көчмөндөрбүз, биз кыргыздарбыз!

Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *