Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атамбаевдин доорунда “Азаттык” радиосу өзгөчө кастага айланып калганын көрүүгө болот”

-Табылды мырза, “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылган миллиондор боюнча иликтөөсү кандай таасир калтырды?

– «Азаттык» менен «Кlоор.kgнин» биргелешкен «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөөсүн колдойм. Кыргызстанда журналистика өнүгүп, бийликке, өкмөткө коррупция менен курөштө дайыма көмөкчү болушу абзел. Муну эми Прокутартура жана Коопсуздук кызматы тыкыр териштирип чыгышы абзел деп ойлойм.

– Али Токтакунов биринчи иликтөөсүндө өзүнүн маалымат булагын ачыктабай койду эле. Бул жолкусунда анын булагы кытайлык уйгур бизнесмени Саймаити экени аныкталды. Эмнегедир «Азаттык» радиосу өзүнүн иликтөөлөрүн Саймаитини Түркияда 10-ноябрда кафеде олтурган жеринен атып, өлтүрүп кеткенден кийин жарыялап жатат? ММКларда бул фактыга кызыгып жатышат. «Азаттык» эмне үчүн өз материалын Саймаити өлгөнгө чейин жарыялаган эмес?

– Бул суроо өтө кызык. Али Токтакуновдун айтымында Саймаити ага видеомаек берип, анан бул материалды колдонбой туруусун айткан. Себеби, ал өз өмүрүнө коркунуч туулуп жатканына байланыштуу токтотуп турууну өтүнгөн. Бирок, эмнегедир Али биринчи иликтөөдө эле сурамжылоо жүргүзүп жатканда ар кимден, бизнесмендерден Саймаитини тааныйсызбы деп сурай берген. Токтакунов өз булагын ачыктап алгандай көрүнүп жатат. 2017-жылдын май айынын орто ченинде Саймаитиге кылмыш иши ачылып, анан аны каралар мейманканада сабашканда, ал эптеп качып чыгып, Тажикстанга, анан Түркияга чыгып кетүүгө үлгүргөн. Бирок, баары бир Саймаитинин изи менен барып өлтүрүп кетип жатышат.

– Саймаити видеомаекте анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын айткан. Аны коркуткандар документтерди «Азаттыкка» ким берди деп кызыгып сурап, калган документтер кимде экенин билгилери келип жатат. Али Токтакунов Саймаити 10-ноябрда өлтүрүлгөнүн айтып, төрт күндөн кийин Түркиянын паспортуна ээ болуп, бул өлкөнүн гражданини боло турганын билдирди. Саймаитини душмандары Түркиянын граждандыгын алгычакты өлтүрүүгө үлгүргөнү анык болуп жатат?

– Ооба. Бул жерде өтө кызыктуу жагдай пайда болуп жатат. Мисалы, Саймаитиге 2017-жылы май айында Кара-Суу базарында соода менен алектенген кытай жаранынын арызынын негизинде алдамчылык жол менен 3 млн акчасына ээ болуп алган деген шек менен кылмыш иши козголгон. Кыргыз бийлиги Саймаитиге интерпол аркылуу издөө жарыялайт. Бирок, Саймаити Тажикстан аркылуу Түркияга качып кетүүгө үлгүргөн. Бул мыйзамсыз иштер Атамбаевдин президенттик дооруна туш келип жатат. Саймати кыргыз элчилигинин генконсулу, Атамбаевдин мурдагы шопуру Э. Сопоковдун (2017-жылы 17-апрелде Атамбаевдин Указы менен бекиген) калкалоосунда болгондугу маалым болуп жатат. Ал өлгөндөн кийин, анын жанынан Кыргызстандын жарандыгын күбөлөгөн мыйзамсыз алынган паспорту табылган. Ошол эле учурда ресторанга жакын жерден кыргыз элчилигинин генконсулунун автоунаасы табылган.

Демек, Атамбаевдин учурунда укук коргоочулар Саймаитиге кылмыш ишин ачкандан кийин, анын кармалбашына кызыкдар адамдар болгондугу көрүнүп турат. Кыязы, алар үчүн Саймаити да, жабыр тарткан уйгур бизнесмени да керек болгондой. Ошого Саймаитинин жакшы кызмат кылып жүргөндүгүн эске алып, аны Кыргызстандан чыгарып жиберип, убактылуу Түркиядагы элчиликтин генконсулунун калкалоосуна өткөрүп коюшкан сымал. Ал Кыргызстанда кезинде кимдир бирөө аркылуу «Азаттыктын» журналисттерине чыккан. Ал эми Түркияга баргандан тартып, Али Токтакунов менен сүйлөшүүгө өткөн. Саймаитинин 2020-жылдын 14-ноябрында түрк паспортун аларын генконсул Э. Сопоков жана «Азаттыктагылар» билишкен. Балким, бул маалыматты Саймаитинин жанында жүргөн уйгур жана түрк достору да билиши мүмкүн. Али Токтакуновдун айтуусу боюнча Саймаити Кытайга депортацияланып кетпеш үчүн Түркия мамлекетинин калкалоосуна өтүп алууну көздөп, түрк паспортун алууга ниеттенген.

Саймаитинин өлүмү боюнча талкууларда, ал аргасыздан «Азаттыкка» документ берем жана коррупциялык схемаларды ачып берем деп соодалашып турган. Анткени, Кыргызстандан качып барган Саймаитиге эптеп түрк паспортун алып алуу маанилүү болгон деп жазып жатышат. Балким чын эле Саймаити түрк паспортун алгыча документтердин толук пакетин бербей келген. Саймаити создуктура берип, паспорт ала турган күнгө да жакын калган. Али Токтакуновдун айтымында, Саймаити документтерди порциялап берип турган. Бирок, паспорт алгандан кийин, Кыргызстандагы коррупциялык схемаларды ачкан бардык документтерди берем деп убада кылган. Бирок, 14-ноябрда Саймаити түрк жарандыгын алгандан кийин, абал таптакыр башка нукка өзгөрөрүн өзү да, берки кызыкдар тарап да жакшы билген. Саймаити түрк жарандыгын алып алгандан кийин ал оңой эле АКШга кетип калууга мүмкүнчүлүк алмак. Изин суутуп кетиши мүмкүн болчу.

– Демек, 14-ноябрдан кийин Саймаитиге Сопоковдун да, «Азаттыктын» да кереги жок болуп, экөөнөн тең көз каранды болбой калмак турбайбы?

– Ооба. 14-ноябрдан кийин Саймаити Атамбаевдин куйруктарынан жана «Азаттыктан» көз каранды болбой калмак. Ал АКШга кетип калышы мүмкүн болчу. Себеби, АКШда да кытайдан качкан уйгур диаспорасы бар. Анан калса, Али айткандай Саймаити 14-ноябрдан кийин коррупциялык схемаларды жарыяласа, анда ал «Азаттыктан» башка да журналисттерге, Кыргызстандын коопсуздук кызматына, генпрокуратурасына, укук коргоо органдарына табылгыс булак болуп калышы мүмкүн эле. Ал эми бул болсо, анын өмүрүнө коркунуч туудурбай койбойт болчу. Ошондуктан, Саймаити 14-ноябрдан кийин корупциялык схемаларды ачмак эмес. Анткени ал интерпол аркылуу издөөдө болчу. Анда ал Кыргызстандын талабы менен камалмак. Ошондуктан, Саймаити эптеп паспорт алгыча документтердин толук пакетин берем деп тил эмизе берген. Ошого бул жерде 14-ноябрдан кийин Саймаити изин суутуп кетмек деген пикир чындыкка жакыныраак. Мындай абалда Али Токтакунов анын маегин бере албай калмак. Себеби, ал баарын танып кетиши мүмкүн болчу. Саймаити Али Токтакуновго маек берип, менин өмүрүмө коркунуч туулуп жатат деп, материалды чыгарбай тур деп жатпайбы. Саймаити паспорт алгандан кийин, материалдарды чыгарбай эле койгула. Мен эми жаңы жашоо баштайм деп кетип калышы мүмкүн болчу. Балким, ошондуктан ал жок кылынган. Чынын айгканда, Саймаити коррупциялык схемаларды өзүнүн маеги аркылуу жаздыргандан кийин, ал эч кимге кереги жок болуп калган. Анткени, ал айта турган негизги нерселерди айтып койгон. Башка дагы схемаларды ал ачмак эмес. Саймаити «Азаттыктын» түгөнгүс булагы болмок эмес. Эч кандай кызыкчылык байкалбайт. Өмүрү коркунучта болуп жатса, Кыргызстан үчүн коррупциялык схемаларды ачып, «Азаттыкка» булак болуп, кызмат кылмак беле. Бул абсурд.

2019-жылдын октябрь айынын аягында ал журналисттер менен жолугушат. Бул жолугушууда коррупциялык схемалар боюнча бөлүшүшөт. Анан анын бардан кийин, аны аңдып жүргөндөрдүн бир тарабы ал түрк жарандыгын алгандан кийин «Азаттыктын» булагы болот деп корккон. Экинчи тарап, ал түрк паспортун алып, баарын танып, изин суутуп кетет деп чочулаган.

– Али Токтакунов тааныштырган экинчи иликтөөдө да А. Атамбаев жөнүндө эч бир сөз айтылбайт. Бирок, ошол эле учурда Президент С. Жээнбековдун агасы Ж. Шарипов менен кытай бизнесмени Абдукадырдын инаугурацияда бири-бирине жакын олтурган сүрөтүн берип, жакындык бар деген ойду бекемдегиси келгендей. Мындан башка да бул материалдын чыгышы эмнегедир түштүктүн лидер саясатчыларына каршы, алардын Саймаити менен байланыштары болгон деген маанидеги сүрөттөрү коштолгон материалдар жарык көрүүсү менен коштолду. Муну кандай түшүнсө болот?

– Материалдагы ачыкталган коррупциялык схемаларды эми мамлекеттик органдар такташы керек. Бирок, материалда «Азаттык» Атамбаевдин атын атагысы келбегени кызык. Ошол мезгилде радионун жетекчилиги Атамбаевдин бийлиги менен тыгыз байланышта болгон. И. Масалиев «Азаттык» дагы да Атамбаевди колдоп жатасыңар деп ачык эле күнөөлөбөдүбү. Бирок, ошол инаугурациядагы сүрөттү жакшылап талдасак башка картина чыгат. Ал жерде биринчи Атамбаевдин кан досу Орусиянын экс-бажы кызматынын башчысы Бильянинов олтурат, анын жанында Ж. Шарипов анан кытайлык бизнесмен Абдукадыр. Бирок, эмнегедир бул сүрөттө Ж. Шариповду биринчи планга чыгарышып, Жээнбековдор Абдукадыр менен жакын деп бергенге аракет кылынып жатат. Ушул жерден «Азаттыктын» иликтөөсү Атамбаев менен Жээнбековдун кимисине тартып, кимисин жаман атты кылгысы келип жатканы ачык көрүнүп турат. Ошол сүрөттү соцтармактар аркылуу катуу талкуулап жатышат. Бул атайылап уюштурулган десек болот. Экинчиден, бул иликтөөнү коштоп чын эле түштүктүн лидерлери жана депутаттары А. Сулаймановдун Саймаити менен бирге болгон видеолору жана сүрөттөрү жарыя кылынды. Мунун аркасы менен Т. Зулпукаровду да жөөлөп өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мунун баары атайы дайындалгандай кабылданып жатат. Демек, бул жерде «Азаттык» радиосунун материалы жарыяланганга чейин коомчулукка кандайча өздөрү каалаган багытта берүү иши жүргөн. Булар менен катар башка да саясий күчтөр, аналитикалык борборлор иш алып барган. Бул иш чараларды жыйынтыктоочу аккорду катары Борбордук аянтка митинг өткөрүү каралган. Биринчиден, Саймаитинин өлтүрүлүшүндө бир чоң саясий проект жатат десек болот. Экинчиден, Саймаити өлтүрүлгөнгө чейин, же 10-ноябрга чейин видеомаек алынып, керектүү сүрөттөр баары табылыл бүткөн. Үчүнчүдөн, дал ошондуктан Саймаитини өлтүрүү 10-ноябрга коюлган. Андан ары, 14-ноябрдан кийин кеч болуп калышы мүмкүн болчу.

Кыязы, Саймаитинин өлүмүн каалагандар жана заказ кылгандар, ал өлгөндөн кийин «Азаттык» материалды жарыялашы менен көп маселелердин чечилишине жол ачылат деп үмүттөнүшкөн.

– Мисалы, кайсы? Тагыраак токтоло кетсеңиз?

– Биринчиден, Саймаитинин өлүмү «Азаттык» радиосуна өз репортажын жарыкка чыгарууга жол ачмак.

Экинчиден, «Азаттык» радиосунун коомдо түшүп кеткен беделин көтөрүүгө жардам бермек. Венера Жуматаеванын азыркы ээлеген кызматына кайрадан бекүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде көмөкчү болмок. Али Токтакуновдун өз кызматында калуусуна шарт түзмөк. Себеби, биринчи иликтөөсү өтө начар болуп калган. Бирок, В. Жуматаева аны эмнегедир иштен кетирген эмес. Атамбаев тарап менен «Азаттык» радиосунун ортосундагы мамиле сакталып калуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Үчүнчүдөн, бул материал менен түштүк саясий элитасынын лидерлерин талкалап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, ал материалга коштолгон маалыматтар менен “Бир бол” партиясынын лидери А. Сулаймановду жана башка депутаттардын талуу жерге чаап алууга мүмкүндүк болду.

Төртүнчүдөн, бул материал менен КСДП фракциясынын бүгүнкү күндө эң негизги лидерлеринин бири Т. Зулпукаровду да жөөлөп өтүүгө мүмкүнчүлүк алынды. Каршы тарап эч кимди аябай тургандыгын билдирди жана акыркысына чейин катуу турарын көргөздү.

Бешинчиден, шайлоолор алдында Раим Матраимовду толук бойдон оюндан чыгаруу планын ишке ашыруу каралган.

Алтынчыдан, бул аракеттер менен шайлоолор алдында Атамбаевдин КСДПсы үчүн түштүктү тазалап алууга мүмкүнчүлүк алынат. Кыязы, мына ошого анын улуу уулу С. Атамбаев шашылыш чоң саясатка аттанганын жарыялап жиберди. Атамбаев камала элек кезинде ал Али Токтакунов менен А. Касмалиеваны КСДПнын тизмесине киргизем деп пландап жүргөнү буга чейин эле белгилүү болчу. Бирок, бүгүн абал өзгөргөнүнө байланыштуу КСДПга түштүктөн эч ким кирбей коюшу мүмкүн деп, түштүктүн лидерлерин жаман аттуу кылып, ал жакты тазалап алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жетинчиден, шайлоо босогосун 9%дан ылдый түшүрүүгө шарт түзүүгө жетишүү ойлонуштурулган.

Сегизинчиден, олигархтарды коомчулукка каршы коюу каралган. Олигархтар менен элдин ортосуна ажырым жаратуу көздөлгөн.

Тогузунчудан, бийлик менен элдин ортосуна от жагуу, аны жек көрсөтүү каралган. Бийлик Раим Матраимовго эч чара колдоно албайт, бийлик Раим Матраимовдун алдында алсыз деген турумду элге көрсөтүү көздөлгөн.

Онунчудан, Атамбаевдин былыктарынын бетин ачууга чейин коомчулукта азыркы бийликтин рейтингин түшүрүү көздөлгөн. Жакында эле Сибухи Пархати кармалган. Ал тергөөгө көрсөтмөлөрдү берип чыгып, Атамбаевдин толгон байлыгы анын ысымына катталганын мойнуна алган. Бирок, ал муну кийин оңтойсуз абалга түшүп калам деп ойлобой, байкабастыктан жасаганын билдирген.

Он биринчиден, ЖКнын Кой-Таш окуялары боюнча комиссиянын жыйынтыктары палатага кароого киргизилди. Митинг, коомчулуктун колдоосу аркылуу бул процесстерге да таасир берүү каралган.

Он экинчиден, ЖЭБ (ТЭЦ) боюнча сот процесси жыйынтыкталышына жакын калды. Ошого карата бийликке тап берүү мүмкүнчүлүгүн жаратуу каралган.

Он үчүнчүдөн, Бишкекке митинг уюштуруп, бийликтин алсыздыгын көрсөтүп, ӨЭУ (НПО) элдин маанайын билүү, аны митингдерге дайындоо аракеттерин көрүүгө мүмкүнчүлүгүн жаратуу каралган. Элди кандай жол менен митингдерге чакыруу жана кандай ыкмаларды колдонуу жолдорун байкоого салуу иши баамдалды.

Он төртүнчүдөн, келе жаткан шайлоолордо кандай гана болбосун КСДП же башка бир партияны парламентке киргизүү. Ал партия аркылуу өз кызыкчылыктарын коргоого жетишүү каралган.

– Табылды мырза, «Азаттык» радиосунун бийлик менен кызматташа башташы качан башталды эле? Атамбаевдин учурунда «Азаттыктын» кызматкерлерин мамлекеттик кызматташууга тартып, алардан өзүнчө каста түзүп алышкан дешет го?

– Албетте, «Азаттык» бийлик менен Бакиевдин мезгилинен бери кызматташып келатат. Бакиев бийликкке келгенде «Азаттыктын» Бишкектеги офисинин жетекчиси К. Молдокасымов бир топ кызматтарды аркалаган. Мисалы, КТРКнын гендиректору, анан Кыргыз Туусу гезитинин редактору болуп иштеген. Кийинчерээк Максим Бакиев атасынын мураскери болот деп бир чоң программа иштелип чыккан. М. Бакиев келечектеги кыргыз элитасы деп жаштардан 80 мыкты жигиттерди жана кыздарды топтогон. Мына ошол топко Т. Чоротегиндин уулу да кирген. Бирок, бул тилектер ишке ашпай калды. 7-апрелде революция болуп, Бакиевдер бийликтен жылбышты.

Бирок, Атамбаевдин доорунда бул кызматташуу өзгөчө мааниге ээ болду. Ошол кезде Атамбаевдин аппаратында ММКга Ф. Ниязов менен А. Сегизбаев жоопкер болчу. Булар «Азаттык» менен Ак үйдүн ортосунда көпүрө болуп турган. Ошол кезде Ак үйдө кызмат аркалаган Султан Каназаров (Р. Отунбаева, экс-премьер Ө. Бабановдун кадры), С. Жумагуловдор (адеп 0. Малеваная, андан соң Атамбаевдин аппараты менен иштешип кеткен) «Азаттыктын” Бишкек бюросун жетектеп турушту. С. Жумагулов кийин маданият министри болгон. «Азатыктын» экс-жетекчилери Т. Чоротегин «Мурас» фондун жетектеп, анын орун басарлыгына К. Молдокасымов келген.

«Азаттыктын» Бишкек бюросунун жетекчиси К. Оторбаев КТРКнын гендиректору болду. Андан соң Кыргызстандын Омбудсмени кызматын аркалады. Өткөн парламенттик шайлоолордо К. Оторбаев бийликчил «Кыргызстан» партиясынын тизмесине киргизилген. Ал эми КСДПнын тизмеси менен А. Касымалиева жана Ж. Акаев шайлоого катышып, депутат болушту.

Журналисттер арасында Ж. Акаевди да атайы шайлоолор үчүн дайындашкан деген сөз бар. Кызыгы Ж. Акаевди А. Сегизбаевдин проектиси деп коюшат. Себеби, А. Сегизбаев ал кезде УКМКны жетектеп турган. Ал өзү Ж. Акаевге чыга алган эмес. Ошого ал акырын У. Эгизбаевге чыгып, бизге жаш, түштүккө таасир бере турган адам керек болуп жатат деп өтүнүч менен кайрылган. Проект боюнча ал адам коррупция менен күрөшкөн, эч нерседен коркпогон патриот болушу керек болчу. Анын аракеттерин баамдаган Атамбаев Ж. Акаевди өз аппаратына кызматка чакырмак. Ж. Акаев ал кезде «Ата-Мекен» партиясына жан тартчу. Ө. Текебаев эң сыйлаган саясатчысы, кумири деп коюшчу. Бир эсептен, проект боюнча Ж. Акаевди Ө. Текебаевден бөлүп алып, аны жада калса кумир туткан жаштары да таштап кетип жатат деп аны «мыш» кылуу каралган. Ошол эле учурда А. Атамбаевдин коомдогу ролу жогорулап, рейтингин көтөрүү пландаштырылган. Ошентип, Ж. Акаевге толук карт бланш берилген. Ал эч кимден коркпой эле соцдемдин депутаттары Ы. Кадыралиева (агасы Кадыралиев боюнча), Э. Сакебаев.Т. Салимовдордун өзүлөрү жана туугандары жөнүндө коррупция менен күрөш маселесине арналган репортаждарды дайындап чыгарган. Бул депутаттарга сокку урулган. Бирок, коомчулук эмне болуп жатканын түшүнбөй, аң-таң болуп жатты. КСДПнын депутаттары биринен сала бири жаманатты болуп жатса, бийлик үн катпай жатат деп таң калып жатышты. Бул депутаттар да эмне болуп жатканын түшүнбөй, өзүлөрүнүн колунан эч нерсе келбей койду. Бирок, булар өтө кыйын абалга түшкөнү менен таза камалып кеткен эмес. Бул телеберүүлөрдөн кийин Ж. Акаев коррупция менен күрөштүн символу катары таанылып, А. Атамбаевдин пресс-секретары болуп Ак үйгө кызматка кирген. Ошентип,А. Атамбаев жаштарга көңүл бурган, алардын келечегине кам көргөн лидер катары чыга келген.

Бирок, Ж. Акаев өтө сак болуп, дароо эле КСДПнын мүчөсү боло койгон жок. Себеби, ал ситуацияны жакшы түшүнсө керек. Өзүн коомчулукка көрсөтүп, өз жолу менен кетүүнү чечти. Ошого Ж.Акаев шайлоолор алдында КСДПга кирген жок. Шайлоолор башталганда КСДПнын тизмесине кирип, саясий жүрүшүн улантып кетти. Депутат катары өзүн көрсөтүп, өз партиясын түзүп өз жолу менен кетүүнү көздөп жатканын ачык билдирип келет. .

Ж. Акаев Атамбаевдин жана КСДПнын үмүтүн актабай калгандан кийин У. Эгизбаевди да жаңы проект катары пайдалануу пландаштырылган. Бүгүн «Азаттык» биз мурда эле бажыдагы миллиондор жөнүндө айтып келгенбиз деп жатат. Улан Эгизбаевдин репортаждарын эскерип жатышат. Бирок, У. Эгизбаев бул темага С. Исаков бажы кызматынын төрагасынын орун басары Р. Матраимовду кызматтан алгандан кийин гана баштаганын айткылары келбей жатат. С. Исаков Раим Матраимовду кызматтан алгандан кийин гана, ага Раимди согууга бардык жолдор ачылган.

Мындай репортаждар бийлик үчүн өтө эффективдүү болгон. «Азаттык» менен кызматташуу бийлик үчүн өтө пайдалуу болгон. Бийлик таасирдүү ЖМК аркылуу өзүн жалпы сындатпай, жеке бир саясатчыны («точечный») сындатып алып турган. Өзү болсо, ЖМКдагы сындарды жоюуну мойнуна алымыш болуп, иш алып барган. Атамбаевдин бийлиги ушундай жол менен «Азаттыкты» ооздуктап, революциялык маанайдын пайда болушун алдын алганга жетишкен. Ошого, У. Эгизбаевдин материалдарынын бири да жеткиликтүү тергелген эмес. Мейли көрүстөндөрдөгү коррупция боюнча жасаган материалы, мейли бажыдагы миллиондору жөнүндөгү репортажы болсун. Бирөө боюнча да жеткиликтүү иш алып барылган эмес. Улан Эгизбаевди «холостой» аракет режимине коюп коюшкан. Бирок, тилекке каршы, У. Эгизбаев кырсыктап калды. Бүгүн бажыдагы миллиондоруна арналган проблемаларды 5-каналдан парламентке баруу ниети бар экендигин ачык билдирген Али Токтакунов көтөрүп жатат. Эгер Атамбаевдин учурунда бул иликтөөлөргө коомчулукту көтөрүп, алардын колдоосун алуу каралбаса, бүгүн коомчулукту көтөрүүгө, элди каршы тукурууга өтө чоң аракетер болуп жатат. Себеби, бүгүн «Азаттыктын» негизги өнөктөшү чоң саясатта жок, камакта. Бирок, «Азаттык» өз өнөктөшүн тымызын колдоп, шайлоолор алдында Атамбаевдин жана КСДПнын мурдагы спонсору, бүгүнкү элдешкис касы болуп калган Раим Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүүгө басым кылууда.

«Азаттык» радиосу Атамбаевдин бийлиги менен тыгыз иштеп келгени көрүнүп турат. Атамбаевдин доорунда «Азаттык» радиосу бийликти сындабасын деп бул радионун кызматкерлерин мамлекеттик кызматка тартып, депутат кылып, алар өзгөчө кастага айланып калганын көрүүгө болот. «Азаттыктын» жетекчилиги Атамбаевдин сырдуу компаньену болгон. Ошондуктан, «Азаттык» радиосу өзүнүн иликтөөлөрүндө Атамбаевдин атын атай албай, тайсалдап жатат.

Жыйынтыктап айтсак, «Азаттык» радиосу Раим Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүп, аны парламенттик шайлоолорго өз партиясы менен баргызбай коюуну көздөгөн Атамбаевдин каалоолорун колдоп жатып, өзү да өз кызматкерлерин парламентке киргизип, Кыргызстандын саясатында өтө таасирдүү ордун сактап калууну көздөп жатат.

Маектешкен: Т.Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *