Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атамбаевдин кылычы мурда эле мокок болчу, парламенттик комиссия түзүлгөндөн бери ал сынды”

Парламентти «чимкирик» дейм деп жатып, Атамбаев оозунан жаңылды, анын өзүнө ат көтөргүс олчойгон айып тагылды. Өткөн жумада ЖКтин депутаттары экс-президент А. Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөздөрүнө намыстандыбы, айтор эзелтен уктап жаткан сезимдери ойгонуп, ага каршы аракеттерди баштап, эки күн анын парламенти «чимкирик» деп атаган билдирүүлөрүн талкуу кылып, аягында бул өтө эле кечирилгис аракеттер деп табышып, аны экс-президент макамынан ажыратууну туура табышты. Алеки заматта депутаттык комиссия түзүп, ал ишке кирди. Комиссия өзүнүн алгачкы эле отурумунда Атамбаевге бийликти узурпациялап алган, коррупциялык аракеттерге барган деп бир топ иштер боюнча айып такты. Мына ушул жана башка маселелер боюнча маектешүү үчүн гезитибиздин эксперти, саясат талдоочу Т. Акеровду сөзгө тарттык.

– Табылды мырза айтсаңыз, кечээ жакында ЖКда мурдагы өлкө башчысы А. Атамбаевди экс-президент деген макамынан ажыратуу боюнча комиссия түздү. Кеч болуп калган жокпу?

– Албетте, бир аз кеч бөлуп калды. Себеби, эсиңизде болсо, Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча маселени ал бийликте турганда эле «Ата мекен» фракциясы көтөрүп чыгып, колдоо таппай калган. Эгер ошондо импичмент маселеси ишке ашып кеткенде, мунун тарыхый мааниси өтө чоң болмок. Парламенттин коомдогу орду таасири күчөмөк ж.б.у.с. Бул маселе тарыхый жактан өтө чоң баага ээ болмок. Бирок, эми деле кеч эмес. Анткени, бүгүн саясатчылар, коомчулук, эл баары экс-президент А. Атамбаевдин ким, кандай адам экенин анык билди. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин экс-президент катары коомго залакасын тийгизбей, өзү мурда айткандай алтаистика менен аракеттенип, кыргыз элинин тарыхын терең изилдеп, жаңы жаңылыктарды киргизүү менен алектенсе жакшы болмок. Бирок, ал мөөнөтү бүтөөрү менен шашылыш съезд чогултуп КСДП партиясына чечимисиз эле төрага болуп олтуруп алды. Мына ошондон бери өзүнүн улгайып калганына, кыргызча айтканда пайгамбар жашына келип калганына карабай догурунгандан, догурунуп эле келатты. Атамбаев менен эч ким каршылашкан жок. Ал КСДПнын жетекчилигине келүүсү менен өзү бул партиянын фракциясы менен, айрым мүчөлөрү менен каршылашып алды. Өзүн кармана албай жаңы бийлик менен да каршылашты. Ошентип, олтуруп Атамбаев өзүн-өзү коомго карама-каршы коюп алды. Атамбаев өзү чоң саясатка алып келген Раим миллионду өгөйлөп, аны С. Жээнбековго түртө салып, бийликти жаман атты кылам деп жатып, өзү толук банкротко кабылды. Парламентти «чимкирик» дейм деп жатып, Атамбаев оозунан жаңылды, анын өзүнө ат көтөргүс айып тагылды.

– Атамбаевге кайсы аракеттери үчүн айып тагылып жатат? Тагыраак айта кетсеңиз?

– Албетте, Алмазбек Атамбаевди Тарых музейин реконструктурациялоо, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо, А. Батукаевди мыйзамсыз боштондукка чыгаруу, Бишкек Жылуулук борбору боюнча, Арашан айылындагы мыйзамсыз алган жер участогу, Ысык-Көл областында мыйзамсыз жер тилкелерин алгандыгы боюнча айыптар тагылууда. Бул күтүлгөн нерсе болчу. Атамбаев кара ниеттик аракеттери менең өз башына өзү балээни үйүп алды.

– Айрымдар бүгүнкү ЖК Атамбаевди экс-макамынан ажыратууга моралдык укугу жок болчу деп жатышат. Сиз бул ойду колдойсузбу?

– Мен колдой албайм. Бул туура эмес. Парламент өлкөдөгү бийликтин үч бутагынын бир бутагы. Ал өлкөдө болуп жаткан бардык саясий жана коомдук процесстерге ачык, так саясий баасын берип турушу керек. Айрымдар айтып жатпайбы, бул парламентти Атамбаев жада калса спискасына чейин өзү кийлигишип түзгөн. Ошон үчүн бул парламент ага каршы аракеттерге барууга моралдык укугу жок деп. Андай болсо, анда кимдин моралдык укугу бар экенин айтып коюшса болмок. Президенттин кемчилигин, анын бийликти узурпация кылып алышын, коррупцияга барган аракеттерин, башка мыйзам бузууларын парламент гана карап, тескеп, баа бере алат. Парламент гана аткаруу бийлигинин институттарынын президенттин, экс-президенттин жана өкмөттүн аракеттерин тескейт жана баа бере алат. Башка орган жок да.

– Атамбаев мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө кандай залал келтирди, ушул маселени ачыктай кетсеңиз?

– Атамбаев мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө эбегейсиз залал келтирди. Бул багытта Атамбаев эмес, «атамбаевщина» деп айтсак туура болот окшойт. «Атамбаевщина» эң алгач мамлекеттик кадр саясатына чоң залал келтирди. Эгерде Акаев, Бакиевдин учурунда кадрлар утурлап, кадрдык тепкичтер менен өсүп, кызматтан кызматка көтөрүлсө, Атамбаевдин мезгилинде анын жакындары шопуру, секретаршасы, завхозу, жансакчылары, жардамчылары, кеңешчилери эч кандай дайындыксыз, кадрдык тепкичсиз эле үч уктаса түшүнө кирбеген кызматтарга заматта көтөрүлүп, коюлуп жатышты. Ошондуктан, булар мамлекеттик кызматтын баркын, кадырын билишпей, аны өздөрү түшүнгөндөй, каалагандай пайдаланып кетип, Атамбаев өзү бүгүн ушундай кейиштүү абалга келип олтурбайбы. Атамбаевщинанын айынан канчалаган саясатчылар, журналисттер, коомдук ишмерлер куугунтукталды, камалды, мүлкүнөн ажырады. Бул процесстер өч алуудагыдай мүнөздө болду. Мисалы, Атамбаевди сындап келген Нарын Айыптын апасынын үйүн сот аркылуу алып алган. Ч. Жакупова айымдын Ысык-Көлдөгү коттеджин сот аркылуу тартып алган. Башкача айтканда, Атамбаев мыйзам түрүндө рейдерлик тартып алууга барган десек болот. Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрдга чукулдап калды. Атамбаевщинанын негизинде көпчүлүк саясатчылар жалган жалаа менен камалып кеткен. Атамбаевдин айынан стратегиялык объект деп эсептелген «Кыргызгаз» 1 долларга Орусияга сатылып кетпедиби? С. Исаков Премьер болуп турганда канчалаган шылуун чет элдик фирмалар Кыргызстанды акмалап, айланып жоортуп калды эле. “Мегакомду” аңдыганы канча эле. Ошолордун айрымдары бүгүн Атамбаев менен тыгыз байланышта экендиги ачыкталып, текшерүүлөр жүрүп жатат.

– Кыргызстан атамбаевщинадан кандай сабак алышы керек?

– Ооба. Биз бүгун Кыргызстандын, элдин келечеги үчүн, өзүбүздүн бала-бакырабыздын келечеги үчүн Атамбаевди кылмыш жообуна тартууга барышыбыз керек. Атамбаев бийликке кантип келгенин баарыбыз билебиз да. Канчалап оппозицияда жүрдү. Эки революцияны башынан өткөрдү. Бийликке Текебаевге, Атамбаевге ишенген 87 патриоттун өлүмүнүн негизинде келип олтурат. Бирок, бийликке келгенден кийин, баарын унутуп, жеке өзүнүн кызыкчылыгын канааттандырыш үчүн, жан үрбөп аракет кылгандыгын, кылмыш жолуна баргандыгын билип жатабыз. Кечээ Н. Түлеев айтып чыкпадыбы, президент болгончо менден акча карызга алып турган деп. Шайлоолор учурунда 500 миң доллар алганын айтты. Бул акчаларды кайдан алды? Мына маселе ошондо. Мына Түштүк Кореяда президенттеринин, премьерлеринин баары мөөнөттөрү бүткөн соң, кылмыш кылган болсо, жоопко тартылып, айып тартышкан экен. Биз дагы ушундай жолго өтүшүбүз керек. Бийликти узурпацияладыңбы, аны бир колго топтоп жеке кызыкчылыгында пайдаландыңбы — анда жооп бер деген позицияны карманышыбыз керек. Болбосо, Кыргызстандын өнүгүшү кыйын болуп калды. Буга чейин Акаев, Бакиевдер өлкөнү таштап качып чыгып кетип, оңой кутулуп кетишти. Эми жетет. Жоопко тартууга мезгил келди.

– Атамбаевди камоону “стокгольмдук синдром” менен түшүндүргөнгө аракет кылгандар да бар. Чын эле ошондойбу?

– Менимче, айрым саясатчылар өлкөдө ушундай жарым туңгуюктук же илең-салаңдап турган абалдын өкүм сүрүп турушун каалап жатышат. Себеби, ушундай ит жыгылыш абалда, ар кандай жеке кызыкчылыктагы иштерди бүтүрүп алса болот. Президентке, бийликке сес көрсөтүп, ага басым жасап, аны ийге келтирип алып, өз максаттарына жетүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ошон үчүн, менимче, парламент бүгүнкү ишти аягына чейин чыгарышы керек болот. Парламент ар кандай сөздөрдүн жетегинде калбай, өз саясатын туура жүргүзүп, мыйзамдуу түрдө бул ишти аягына чыгарышы абзел деп ойлойм.

– Акыркы суроо. Айрымдар парламент бир болбогон «чимкирик» деген сөзгө терикпей эле койсо болмок дешет. Экс-президент Атамбаев бийликке ачык тийиштик кылып, парламентти эмнеге чимкирик деп кемсинтти?

– Атамбаев муну менен өтө эки жүздүү экенин көрсөттү. Ал чын-тамаша иретинде чимкирик деп, карапайым шайлоочулардын көңүлүн өзүнө бурдургусу келди. Атамбаев бийликке тийишип, парламентти мазактоо менен карапайым шайлоочуларды келечектеги саясий процесстерге жана саясий оюндарга, интригаларга дайындап жатты. Ал массаны алгысы келди. Бир жагынан бул келээрки шайлоолорго арт-подготовка болчу. Мунун артында шайлоолорго чейин бул чакырылыштагы депутаттардын баарын «чимкириктер» деп, кайра шайланууга моралдык укуктары жок деген пикирди калыптандырып, аны жайылтып салуу каралган. Мына ушундай жол менен өзүнүн партиясын парламентке алып келүүгө жол ачуу каралган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *