Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: “Директор өз билгенин кылат, кыргыз классын ачкысы келсе ачат, ачкысы келбесе, ачпай коёт”

— Табылды мырза, сиздин жакынкы бир билдирүүлөрүңүздө Бишкектин 70-мектебинде кыргыз классы ачылды деп жаздыңыз эле. Бирок, биздин маалыматыбыз боюнча 70-мектепте кыргыз классы ачылган эмес экен. Ал түгүл эч кандай иш чаралар да жүргүзүлбөптүр. Сиздеги маалымат кайдан алынды эле?

– Ооба, мен бул маалыматты Билим жана илим министрлигинен алгам. Себеби, май айларында биз 70-мектептин тегерегинде жашаган ата-энелер чогулуп, Президент С. Жээнбековго кат жазганбыз. С. Жээнбековдон 70-мектепке кыргыз класстарын ачып берүүнү суранып, кайрылганбыз. Анткени, бул маселе бир топ жылдардан бери эле ата-энелердин көңүл борборунда болуп келген. Бирок, бул орус мектеп экен, болобу-болбойбу деп, маселе бир көтөрүлүп, кайра унутулуп келе берген. 70-мектепте менин балам менен кызым окушту. Улуу уулум үйдөн биз, туугандары менен кыргызча сүйлөшүп жүрүп, кыргызча сүйлөп кетти. Кызым “ата биздин класста кыздардын баары орусча сүйлөйт, сиз мени эмне кыйнайсыз?” деп кичинесинен эле кыргызча сүйлөй албай жатты. Балдарымдан сурачумун, классыңарда канча бала башка улуттун өкүлдөрү деп. Алар бир – эки орус, бир корей улутундагы жана башка деп 10 чакты баланы айтып калышчу. Калганы бүт кыргыз балдар. Классташ кыргыз балдар-кыздары баары орусча сүйлөп, кыргызчасы анча эмес, же таза эле жок экенин билип таң калчумун. Мени таң калдырганы булар кыргызча билишпесе, мугалимдер кантип буларга «5», «4» деген бааларды коюп мектепти бутуруп жатат дечүмүн.

— Кыргызстанда кыргыз мектептери начар сабак берет деп ата-энелердин көпчүлүгү балдарын орус мектептерге берип жатат дешет. Абал чын эле ушундайбы?

– Мен ЖОЖдо сабак бергенден кийин, бул пикирге кошула албайм. Себеби, мен тээ алыскы Баткенден тартып, Алай, Ак-Талаа, Ат-Башы ж.б. өлкөнүн бардык региондорунан мектепти бүтүрүп келген студент терди окутам. Региондон келген студенттер да орус мектепти бүткөн студенттерден тең калышпай билим алышат. Алар да «5», «4» деген баага окушат. Бул жерде маселенин баары Бишкек шаарындагы мектептердин жетекчилери орус тилиндеги мектепте;р жакшы окугат деп.атайылап жасалма ажио-таж кылып, орус мектептеринин абрбюн көтөрүп жаткандыкта. Мына ошондуктан, ата-энелердин баары балдарын 15, 61, 70-ж. б.у.с. аты аталып калган мектептерге берип жатышат. Ал ортодо мектептердин жетекчилиги жашыруун бизнес жасап жатышат. Мындан мурда ЖКда ушул атагы таш жарган мектептердин директорлору боюнча чоң талкуу болуп, айрымдарын коррупциялык негизде кармаган ж.б. у.с. аракеттер болбоду беле. Себеби, атактуу мектептер атайылап, орус мектептерине ажиотаж кылып, алардын аброюн көтөрүп жатышат. Президенттин институту, ЖК, Өкмөт, министрлик муну билсе да билмексенге салып келишет. Себеби, булардын өзүлөрүнүн балдарынын баары дал ошол мектептерде билим алышат. Мына, мен кат жазгандан бери мага телефон чалуулар болуп жатат. Таасирлүү кишилер аркылуу мени токтотуу аракети жүрүп жатат. Өкмөттөгү, ЖКдагы адамдар өзүлөрү мага түз чыга албай, бирөөлөр аркылуу мени токтотууну талап кылып жатышат. Себеби, булар мектептин жетекчилигинен көз каранды. Алардын балдары окуйт.

– 70-мектепке кыргыз классын ачуу эмнеге мынча кыйындыктарды жаратып жатат?

– 70-мектепке кыргыз классын ачуу мени дайыма түйшөлтүп келди. Быйыл биздин үйдүн тегерегиндегилер 70-мектепке кыргыз класс ачтырбайлыбы деп калышты. Мен башка үйдөгү домкомдорго барып сүйлөшсөм, биздин үйдөгү ата-энелер да ушинтип кайрылып жатышат. Бирок, 70-мектеп орус-мектеп, бул жерге кыргыз класс ачылбагандан кийин балдарын 67,68-мектепке алып барып жатабыз деп жатышат дешти. Мектептин жетекчилиги деле кыргыз класстарын ачууга анча көңүлү жок экен деп калышты. Мен анда Президент С. Жээнбековго кат жазалы дедим. Эмне үчүн 70-мектепке кыргыз класс ачууга болбойт экенине «миш-миштерсиз» так жооп ала албайбыз? Биз көрөлү, кимдер буга каршы экенин, министрликпи же 70-мектептин жетекчилигиби дедим. Ошентип, С. Жээнбековго кат жолдодук. Кат тез эле министрликке жөнөтүлдү, андан 70-мектептин директорунун колуна келип түшкөнү белгилүү болду. Мен министрликтен кат үчүн жоопту А. С. чалып, биз директордун өзүнө деле кирип, аракеттенсек болмок, бирок бул маселе көптөн берки көйгөй болгондуктан, атайы президентке жәздык. Ошого жакшылап контролдоңуз деп сурандым. Ал мага, бул көп деле проблема эмес, мен катты келээри менен Бишкек шаарына жөнөттүм, алар директор менен чечишет деп койду. Августтун экинчи жарымынан өтүп, мен кайрадан чалып, кыргыз класс ачылдыбы, ачылган жок го, ачылса биз угат элек го деп сурадым. Кийинчерээк чалсаңыз, так жооп берем, Бишкектен жооп алайын деди. Бир күндөн кийин кайра чалсам ачылыптыр, директор менен өзүм сүйлөштүм” деди. Мен дароо мектепке бардым. Барсам, мектепте ата-энелер өтө көп экен.. Директордун кабинетине барсам 20дан ашык адам кезекте туруптур. Электрондук тизме дешпеди беле, эмнеге директор кабыл алып жатат деп таң калып койдум. Ары барып завучтарга бардым. Алардын кабинеттеринде киши жок. Өтө таң калдым. Аңгыча, кыргыз тили мугалими жолугуп, учурашып калды. Мен андан кыргыз класс ачылыптыр дегендеринен келдим эле десем таң калды “Жок, мен укпапмын” деди. Мен атайы президентке кат жазганбыз, министрлик аткарабыз деген дедим. Ошентсем, мен таптаза эле бул тууралуу укпапмын деп, менин жанымдан кеткенче шашты. Ары барып, бир завуч менен жолуктум. Ал мага 70-мектеп орус мектеби экенин эскертти. Бирок, бизде кыргызчаны үйрөнгүсү келген балдар үчүн атайы “билингвизм” деген программа менен класс бар мурдатан эле. Сиз балаңызды кыргыз класска берем деп жатыптырсыз, ошого биз сиздин балаңызды ошол жакка жаздырып койдук деди. Мен жок деп айттым. “Билингвизм” эмес, мен эле эмес, биз көп ата-энелер 70-мектепке кыргыз классын ачып бергиле деп кайрылганбыз. Биз балдарыбызды кыргызча окуткубуз келет дедим. Ал мен чечпейм деди.

Мен үйгө келип, кайра министрликке чалып айттым, эч кандай кыргыз классы ачылбаптыр. Алар мурдагыдай эле “билингвизм” деген программа менен окутушат экен. Менин эки балам бул мектепте окуган. Ал программа менен кыргыз тилин үйрөнө алышпаарын жакшы билем десем, ал мага завуч эмнени билмек эле, мен аны Бишкек департаменти жана директор менен сүйлөшкөм, ал 30-августта ата-энелер менен жолугуп, анан алар менен сүйлөшөт, ким кыргыз класска бергиси келсе, алардын арызын кайра жаздырып, кыргыз классын ачам деп, айтышканын билдирди.

50-августа ата-энелерди саат 08.00гө чогултуптур. Менин келинчегим да барган. Биздин кат июнда эле колуна тийсе, 30-августта араң ата-энелерге кыргыз класска ким баласын бергиси келсе, арызыңарды кайра карап беребиз деп жарыя кылыптыр. Ата-энелердин баары балдарын орус класска берип, олтургузуп койгондон кийин. Мен аны угуп, министрликке кайра чалып, июндан бери иш жүргүзбөй, эми ооздун учу менен кыргыз класс ачабыз демиш болгонуңар кандай десем, ачылат, азыр сүйлөшөм деп трубканы коюп койду. Бир маалда мага директор чалып, сиз мага келе аласызбы? Сиз менен бетме-бет олтуруп, сүйлөшүп, такташып алалы деди. Мен бардым. Директор Ч.М. Жунушова мага мен 5-4 жылдан бери кыргыз классын ачайын деп жатам. Бирок, таза эле болбой жатат деп таң калтырды. Мен быйыл биз президентке кат жаздык эле, ошол катта биз кыргыз классын ачып берүүнү суранганбыз, бирок, жылыш жок го десем – силердин катыңар июнда келди. Кеч болуп калды. Министрлик январда эле электрондук эсеп аркылуу балдарды кабыл алууну киргизип койгон. Апрелде бизге 252 баланын документи келип түштү. Биз квотаны жаптык. Бирок, андан бери да 100 баланын документи келди. Мени кыйнап аларды да алдырышты. Ошентип 550 окуучуну 7 класска 50, 52, 56 баладан кылып, эптеп батырып, олтургуздум дейт. Буларды эми мугалим кантип окутат десем билбейм. Класска да батышпайт дейт. Эмнеге алдыңыз десем, мага ЖКдан, Өкмөттөн, министрликтен деги бардык жактан чалып олтуруп, кыйнап алдырып коюшту. Ошого кыргыз класс ача албай жатам деди. Эмне кылышты билбейм дейт.

Мен министрликке барып, А. С. Хусейиновага жолугуп, биздин каттарыбызга Бишкек департаментинин, жана министрликтин Президенттин аппаратына жазган каттарынын копиясын алдым. Аңгыча ал директорду жана Бишкек шаардык департаментинин кызматкери Чынараны чакырып коюптур. Ал менин катышуумда кеңешме өткөрдү.

Көпкө чейинки пикир алмашуулардан кийин бир кыргыз классын ачууга аракет кылуу чечилди. Директор Ч.М. Жунушова мен ата-энелердин баары менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүп көрөм.. Ар бир класска кирип сүйлөшүп чыгайын деди. Мага сиз да өзүңүздүн короонун катка кол койгон тургундарына кыргыз класс ачылмай болду деп билдирип, арыздарын алмаштырып жазып бергиле деп сүйлөшүү тапшырылды. Бирок, мен ата-энелер менен сүйлөшкөндө, кайрадан проблема чыкты. Көрсө, электрондук тизме деп бизди ишендирген система коррупцияны эч жойбойт экен. Биздин арыздарыбызда ата-энелердин адрестери, телефондорунун баары сакталып калат экен. Райондук электрондук тизмеге борбору документти каттап, анан мектепке жиберет экен. Мектептин директору кайра эле ата-энелерди чакырып алып, кабыл алып сүйлөшүп, билгенин кыла берет экен. Биздин короонун ата-энелери менен эбак эле директор жолугуп, балдардын апалары менен сүйлөшүп, силердин жолдошуңар катка кол коюптур, бул жакка кыргыз класс ачылбайт. Бул орус мектеп деп, акырын баарына тымызын терс таасир бериптир. Биз баарыбыз 70-мектепте балдарыбызды окутабыз. Ар бирибиз 5-4 баладан беребиз. Ошондуктан, мурда катка кол коюп берген ата-энелер эми кыргыз класска окутпайм деп калыптыр. Айрымдары таптаза эле мектепке бербейм, айылга эле берем деп калыптыр. Эмне болду десем, башка балдарыма залалы тийбесин, кереги жок дешет. Б.а. мектептин директору жөн эле кыргыз класс ачам деп жогору жакка айтканы менен иш жүзүндө баары такыр башка болуп чыкты. Ошентип ата-энелердин сунуштарын колдомуш этип, бирок, чын-чынына келгенде тескери аракеттерди жасайт экен да деген ойго келдим.

— Сиздин катыңызды колуна алгандан кийин эмне кылыш керек эле?

– Директорго кыргыз класс ачуу өтө эле оңой экен. Көрсө КР мыйзамдарына, өкмөттүн чечимдерине таянып, директор өзү эле кыргыз класстарды ача берсе болот экен. Ал үчүн директор эртелеп камынып, класстарды бюджетке киргизип алуу үчүн мектепке бир же эки кыргыз классын ачам деп квота ачууга аракет кылыш керек экен. Директор ушундай маалыматты Каржы министрлигине, Билим жана илим министрлигине, Бишкек шаардык департаментине ж.б. мекемелерге жөнөтөт экен. Анан коомчулукка жарыя кылып, ата-энелерге маалымат таратышы керек экен. Андан кийин ата-энелер өзүлөрү эле балдарын кыргыз классына тапшыра берет экен. Биздин ишибиз боюнча мунун бири да жасалган эмес. Тек гана жогору жакка бир класс ачуу мүмкүнчүлүн караштыруу жөнүндө маалымат берип коюшкан. Анан ата-энелер менен 30-августта жолугуп, ким кааласа, арызыңарды кайра жазып берсеңер болот деп жарыя кылып койгон. Ал эми жогору жакка Бишкек департаменти 2-июлда, ал эми министрлик 16-августта эле ачуу мүмкүнчүлүгү каралат деп жооп жөнөтүп коюшкан. Бирок, иш жүзүндө эч нерсе жасалган эмес. Булар эң оболу квотага өзгөртүү киргизип, орус квотадагы 7 класстын бирөөсүн кыргыз класс кылып ачып, анан ата-энелерге жарыя кылыштары керек болчу экен. Өкмөттүн бюджети деле өзгөрүп жатпайбы. Бирок, булар жеке финансылык кызыкчылыктан улам, квотаны өзгөрткүлөрү келбей коюшкан. Мына болгону ушул иштер аткарылышы керек болчу экен.

Бул мектептер өлкө боюнча погода жасап турат экен. Атайы орус мектептери кыйын деген пикир жаратып, ажиотаж кылып, өздөрүнүн кызыкчылыгында чоң саясат жасап, коомго таасир берип турушат экен. Бул мектептер жана алардын жетекчилиги орус тилинин кызыкчылыгын колдоп, кыргыз тилин басмырлап, кыргыз өспүрүмдөрүнүн ачыктан ачык ассимиляцияланышына шарт түзүп жатышыптыр.

Бул мектепте билим алган өспүрүмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү кыргыздардын балдары, бирок, булардын дээрлик кепчүлүгү мамлекеттик тилди толук кандуу билишпейт, таза кыргызча сүйлөй алышпайт. Мектептин жетекчилиги ар кандай жолдор менен бул мектептерди орус тилинде сактап калууга аракеттенишет экен. Мунун өзү бул мектептерде өтө чоң суммада коррупциялык акчалар жүгүрүп турат деген сөздөрдү кайсы бир деңгээлде айгинелегендей.

Бул мектептерде биздин балдарыбызга ар кандай орус тилиндеги китептерди, материалдарды сатуу менен финансылык кызыкчылыкта аракеттенүү орун алгандагы байкалып турат.

Мунун баары биринчи кезекте, КР Билим жана илим министрлигинин өспүрүмдөрдү өстүрүү, тарбиялоо боюнча так жана анык саясаты жок экендигин көрсөтүп турат. Жогорудагы мектептер министрликтин контролунан чыгып кеткен. Директорлор министрликтен көз карандысыз саясат жүргүзөт жана керек болсо министрге да баш ийишпейт. Себеби алардын мамлекеттин бардык структураларында – Президенттин институтунда, Өкмөттө, ЖКда өзөгү ата-энелерден турган колдоочулары бар экен. Директор өз билгенин кылат, кыргыз классын ачкысы келсе ачат, ачкысы келбесе, ачпай коёт.

Ага КР Президентинин каты да таасир бере албайт экен. Мына ошондуктан бул мектептерде кыргыз өспүрүмдөру ачыктан ачык мамлекеттик деңгээлде ассимиляцияга дуушар болуп жатышат.

Маектешкен Т. Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *