Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Эл парламенттин депутаттарын “сасыткы жумурткага” окшоштуруп шылдыңдап жатат»

 

Акыркы мезгилдеги өлкөдө болуп жаткан окуялар коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. «Маевскийгейт» менен камакка алынган Ө. Текебаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, 2 ай абакта жата турган болду. Экс-депутат С. Жапаровду Коопсуздук кызматы чек арадан тосуп алып, камакка алып, аны да тергөө бүткүчө деп соттун чечими менен камады. С. Жапаровго боштондук деп ураан чакырып чыккан анын жактоочуларын милиция күчкө салып сабап, 100 адамды кармап, 5 суткадан камап салды. Мына ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында гезитибиздин эксперти, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровго кайрылдык.

— Бүгүн коомчулукту бир гана маселе кызыктырып калды. Ал Атамбаев өз мөөнөтүнүн аягына чейин тынч иштеп, андан кийин өлкөгө жаңы президент келип, жаңыча иштей баштаса деген эле максат. Баарынын күткөнү президенттик шайлоо. Коомчулук жаңы, энергияга толгон президент келеби деп күтүп жатат. Себеби, эки революция болсо деле саясатчылар андан сабак албай, тескерисинче биринен-бири өтүп, бийликке келээри менен элге берген убадаларын унутуп, бийлигине чырайып, эч кимди көзүнө албай, кайра эски жолго түшүп жатышат. Биз эмне үчүн президентке жарыбай жатабыз?

— Ооба, Кыргызстан бүгүн жаңы идеяга толгон, интеллектуалдыгы өтө жогору, мыкты кадрга муктаж болуп турат. Чынын айтсак, Кыргызстанда 2 жолу революциялык негизде бийлик алмашканы менен кийинки мамлекет башчылар Акаевдин деңгээлинен аша алышкан жок. Мисалы, Акаев БУУнун эгидасында 4 чоң салтанаттуу иш чара өткөрө алган. Алар: “Манас –1000”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл”, “Тоо жылы”, “Ош‑3000”. Бүгүн “Көчмөндөр оюнун” коюшту. Бирок, эл аралык мааниге ээ болгон жок. Татарстандын президентинин катышкандыгын эл аралык деп айта албайбыз да. Канчалаган жашылбай акчалар короду. Көчө оппозициясында болуп, ураан салып кыйкырган менен мамлекет башында туруп, өлкөнү башкарган алда канча кыйын экени анык болуп калды. Эл мурда кыйкыргандардын баарын эле лидер деп ээрчий берчү. Бакиевдин тушунда өлкөнүн баардыгын өзүнө баш ийдирип алып башкарууну көздөгөн система пайда болгон. Ал деле акыры кулады. Бүгүн болсо, 1933, 1937–38-жылдардагыдай “Алаш ордунун” же “Турандын” мүчөсү деп жалаа тагып аттыргандай, ар кандай жалаа менен камап коюп жатышат. Бирок, ЖК мунун баарын көрүп туруп, үн катпай олтурат. Анан парламенттик өлкөбүз деп жар салышат. Эл болсо парламенттин депутаттарын “сасыткы жумурткага” окшоштуруп шылдыңдап жатат. Солкулдатсаң “болк-болк” деп үн чыгат, бирок үнү сыртка чыкпайт деп. Биздин бактыбызга кийинки президенттер бизнесмендер болуп калды. Эл шайлаганда бизнесмен эмес, саясатчы лидерлерге добуш берсе туура болчудай. Бизнесмен саясатчылар мамлекеттик саясатты бизнестин позициясында жүргүзүп жатат жана кайсы бир деңгээлде өз тегерегинин, тууган-уругунун кызыкчылыгында пайдаланып жатат. Бирок, кандай гана болбосун биздин президенттер дүйнөлүк чоң саясатка чыгуудан баш тартышкан жок. Бакиев да, Атамбаев да, башка бизнесмендер да дүйнөлүк бизнес агымына киргилери келет. Орусия Украинадан кийин чоочуп калды. Ошого Орусия Бакиевге кандай ишенбесе, Атамбаевге жана башкаларга деле ошондой толук ишеним артпайт. Анткени Орусия биздин мамлекет башчыларды өлкөнүн саясий векторун алмаштырып, батышка же мусулман өлкөлөрүнө же Кытайга таянып кетип калбасын деп тыкыр байкап турат. Бакиев Батышты карай багыт алары менен бийликтен жылмышты. Атамбаевдин да тегерегинде батышчыл саясатчылар негизги ролду ойноп жатканы орустарды чочутпай койбойт. Себеби, алардын атын дүйнөгө таанымал Дж. Сорос менен байланыштырышат. Бул маселеде мына ушундай жагдайларды да эске алуу абзел.

— Сиз өткөндөгү маегиңизде Дж. Сорос Кыргызстанга таасирин күчөткүсү келип жатышы мүмкүн деп айткансыз. Дж. Сорос чын эле биздин экономикага акча сала алабы?

— Мен мурда көпчүлүк биздин граждандардай эле Дж. Соросту өтө акылдуу, таза, кыйын киши экен деп жүргөм. Бирок, Трамп бийликке келип Дж. Сорос жана башкаларды Обаманын Өкмөтү менен тил табышып, миллиондогон бюджеттик акчаларды өз эсеп счетторуна которуп алышкан деп шек санагандан бери пикирим өзгөрүлдү. Бүгүн Дж. Соростун капиталы, финансысы текшерилүүгө берилген. Кылмыш иши да ачылып калышы мүмкүн. Кайсы бир деңгээлде жапайы капитализм бардык өлкөлөр үчүн мүнөздүү болгон. Мына биздин саясий элитаны караңыз, баары тең «прихватизациянын» негизинде бизнесин курган. Деги бир да тазасы жок. Коопсуздук кызматы Текебаевди, “атамекенчилерди” кечке чукуп убара болбой, ошолорду четинен сууруп чыгып камай берсе болчудай. Анан калса булардын баары депутат болгулары келет. Булар бюджетти аңдып, бизнесин өнүктүргүлөрү келет. Айрымдарынын бандиттери да бар. Трамптын шектенүүлөрүнө ишенсек Дж. Сорос деле биздин бизнесмендерден эч айырмасы жок адам экен да. Ошого менимче, Дж. Сорос илгери эле Кыргызстандагы айрым ири проектилерге кирип, пайда таап жатышы мүмкүн десек да болот. Мисалы, ошол эле “Кумтөргө”.

— Анда балким, “Мегакомду” Дж. Сорос сатып алгысы келип жаткан жокпу? Атамбаевдин тегерегинде таасирлүү фигуралар деп эсептелген С. Исаков, А. Сегизбаев, Т. Жумакадыровдорду Дж. Сорос менен байланыштырып жатышпайбы?

— Мүмкүн. Менин баамымда батыштагы бай адамдар башка өлкөлөргө чыр салып, ошондон пайда таап, байышат экен. Мына Маевский чоң чырды баштады. Өлкө дүрбөлөңгө түшүп жатат. Кимдир бирөөлөрдүн пайда табуусуна шарт түзүлдү да. Дж. Сорос өтө эле бай адам, өзү көздөгөндүн баарын сатып алууга кудурети жетет.

— Сиз С. Исаков, А. Сегизбаевдер мураскер болбой калышы мүмкүн деген ойду айтасыз. Бирок, Атамбаев С. Исаковду өз аппаратынын жетекчиси кылып койду. Ал бүгүн активдеше баштады. Сиздин пикириңиз өзгөргөн жокпу?

— Азырынча жок. Менимче Кыргызстанда президенттик шайлоолордо Казакстандын варианты кайталанышы мүмкүн. Президенттин аппарат жетекчиси С. Исаковго Казакстандагы Насимовдун ролу жүктөлүп калышы мүмкүн да. Ага мураскерди сүйрөп чыгуу тапшырылат жана тышкы дүйнө менен тыгыз байланышты камсыз кылат. Мураскер бийликке келгенден кийин да С. Исаков президентин аппарат жетекчиси болуп кала берет. Балким, кийинчерээк кайсы бир элчиликке жөнөтүлүшү ыктымал. Бирок, президент азырынча саясий абалды анализдеп, болжолдуу мураскерлерди баамдап жатса керек. Ооба, анын ичинде С. Исаков да болушу мүмкүн. Акаевдин учурунда дагы 13 кадрды тандашып, баамдап көрүшкөн. Бирок, президенттик шайлоолор келгенде Акаев шайлоого өзү кетип калган дешет. Ошого азырынча жаштарды мураскер болот деп кесе айтууга шашкан жокмун.

— Кыргызстандын саясатчылары эл аралык саясатта кандай позицияны колдонсо туура. Мисалы, Акаев Батыш менен да, Кытай, Орусия менен да бирдей мамиле кыла алды. Бирок, Бакиев, Атамбаев ошол багытты уланта албай коюшпадыбы?

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орусиячыл, батышчыл, арапчыл, мекенчил идеологиядагы саясатчылардын топтому байкалат. Булардын ичинен мекенчил саясатчылар өлкөнүн өсүшүнө алда канча чоң салым кошмокпу деп ойлойм. Себеби, ал саясатчылар кечке түндүктү карап, Орусия президентинин кабылдамасында кезек күткөнсүп олтура бербейт да. Акча бербейм деп койсо таарынып, каяша аракеттерди жасабайт. Ал өз эркине жараша аракеттенет. Булар башка жактан акча, жардам күтпөсө керек деп ойлойм. Ошондуктан, биз жаштарды тарбиялаганда Мухаммед кыргыздын, Эштек бийдин, Ормон хандын, Атаке бийдин, Исхак Хасан улуунун (Пулат хан), Курманжан датканын образында тарбияласак туура болот. Түштүктүк саясатчылар тээ илгертен эле эгемен саясатты туу тутууга аракеттенип келишет. Себеби, тарыхта түштүк Кыргызстан Орус империя тарабынан басып алынган. Генерал Скобелев атайы карателдик отряд түзүп, Полот хан башында турган көтөрүлүшчүлөрдүн айылдарын кыдырып, жер менен жексен кылып салган. Акырында Курманжан Датка менен жоолугуп, өз ара келишимдин негизинде Орусия империясынын букаралыгына алган. Ормон хан кыргыздарды эгемендүү жашоосуна баардык күчүн, аракетин, мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Кекилик Сеңирдеги салгылашууну жеңип, кыргыздын эрки бекем эл экенин даңазалай алган. Атаке баатыр Екатерина экинчиге биринчилерден болуп кат менен кайрылып, Орус империясы менен паритеттик негизде мамиле түзүүнү көздөгөн жана ага жол ачкан. Атаке баатыр Орусия империясы менен дипломатиялык жана соода-сатык мамилелерди түзүүгө чоң салым кошкон инсан. Балдарды ушул улуу инсандардын образында тарбияласак келечекте мыкты саясатчылар сөзсүз чыгат.

— Табылды мырза айтсаңыз, “Белизгейттин” да, “Маевскийгейттин” да ташы талкан чыкты. Бирок, бийлик эмнеге Текебаевди чыгарбай жатат?

— Текебаевди жалаанын негизинде камоого бир нече себептер түрткү болууда. Биринчиден, президенттин тегереги эгер Атамбаев экинчи мөөнөткө барып калса, анда Текебаев да кандидатурасын коюп, шайлоолорду каалагандай өткөрүп алууга тоскоолдук кылат деп жатышат. Экинчиден, эгер Атамбаев экинчи мөөнөткө барбай калса, анда Текебаев мураскерди сүйрөп чыгууга тоскоолдук кылат, шайлоолорду утуп алышы мүмкүн деп коркушууда. Бийлик Текебаев менен шайлоолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дайын эмес болуп жатат. Себеби, өткөн президенттик шайлоолордо Текебаев өз кандидатурасын Атамбаевдин пайдасына алып салган. “Ата-Мекен” партиясынын көпчүлүгү Атамбаевге добуштарын берген. Ошого бул жолу бийлик ага Текебаевден кандидатураңызды алып салыңыз деп кайрылуудан уялып жатат. Анткени, эреже боюнча бул жолу Атамбаев жана анын тегереги Текебаевдин пайдасына кандидатураларын алып салбаса да, ага жашыл свет бериши керек болчу да. Бийлик эгерде шайлоолор боюнча Текебаев менен сүйлөшүп калсак, анда ал бул жолу силер мага жыгылыштуу болушуңар керек деп коёт деп, андан көрө аны күч менен камап коёлу шайлоолор бүткүчө деген ойго келгендей туюлууда. Мындан башка дагы бир чоң проблема бул импичмент маселеси. Текебаев президент Атамбаевге карата импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтой баштаганын жар салган. Ага улай Атамбаевдин тегерегиндеги айрым чиновниктердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгара баштады. Максим Бакиевге таандык мүлктөрдү кимдер тартып алгандыгын ачыктап салды. Мисалы, Кой-Таштагы 2,5 га жер участогу. Үчүнчүсү, Текебаев Дача-СУдагы авиакырсыкта белгисиз болуп жаткан жүктүн ээсин аныктоо боюнча да иш алып барып жаткандыгы болду десек болот. Булардын кайсынысы негизги себеп экенин айтуу кыйын. Бирок, кыязы мына ушул себептерден улам бийлик Текебаевди темир торго камаганы жатат.

— Садыр Жапаров дагы камакка алынды. Сиз өткөндө бийлик камоолорду улантат, керек болсо, айрым президенттикке талапкер болуп чыккандарга да кылмыш иши ачылат деп билдиргенсиз. Бул кандайдыр бир чатактарга алып кетпейби? Мисалы, 3-революцияга себепкер болбойбу?

— Ооба, менимче камоолор уланат. Президенттикке кандидат болгондорго да кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Себеби, бийликтин бүгүнкү аракеттерин мураскерге жол чабуу үчүн алдын алуу деп түшүнүп жатышат. Эгер аша чаап кетсе, анда абал курчуп кетиши толук мүмкүн.

— Жапаров бийликке тоскоол кылуучу кандидаттардын тобундабы?

— Менимче Жапаровду “Кумтөргө” байланыштуу камашты. Ал “Күмтөрдүн” проблемасын өтө жакшы билет. Батышта жүрүп “Кумтөрдү” кантип эл аралык сотко берип, кантип утуп чыкса болот ошонун жолун тапкан. Анын бул демилгеси өлкөнүн чыгаан юристтери тарабынан да жактырылган. Башкача айтканда юристтер Жапаровдун аракеттерин эң туура табылган жол деп баалашкан. Алды менен элден кол топтоолор башталган. Албетте, Жапаровдун бул аракеттерин “Кумтөрдү” иштетип жаткандар да билди. Алар Жапаров өзүлөрү үчүн өтө ыңгайсыз ишти баштап жатканын билишти. Ошого “Кумтөрдүн” кожоюндары Жапаровду бийликке “заказ” кылып койду го дейм. Себеби, Коопсуздук кызматы аны күбө катары чакырып жатат деп фейсбукта эки жумадай мурун айтылып жатты. Садыр аны өз оозу менен да айткан. Бирок, Жапаров Алматыдан келатканда Коопсуздук кызматы аны тосуп чыгып, чек арадан камакка алып жатат. Күбөнү кантип алдынан тосуп чыгып, чек арадан камакка алсын? Эгер Жапаров президенттикке койсо, анда “Кумтөр” маселесин козгоп, элдин көңүлүн өзүнө тартмак. Ошого аны да шайлоолордон четтетүү каралышы мүмкүн.

— Бийлик эмнеге Садыр Жапаровдун баласын, туугандарын кошо камап жатат?

— Буларды коркутуп койсок, кийин элди митингдерге, ар кандай акцияларга чыгарбай калышат деп ушуга барып жатса керек. Албетте, Кыргызстанда буга чейин оппозициялык саясатчыны камаганда анын туугандарын мынчалык уруп-сабап, кыйнаган учурлар болбосо керек. Эсимде жок.

— Жапаровдун камалышын анын китебиндеги билдирүүлөр менен байланыштырса болобу? Мисалы, китебинде Бектур Асановдун бомбасын чечмелеп, ошол кезде азыркы президент Бектур Асановго “Бекназаровду өлтүрүп салбайлыбы, Бакиевдерге шылтап коёбуз” дегендей сөз болгонун эскерген. Өч алып же дагы эмнени айтып жиберет деп тактап билүү үчүн камап жатышкан жокпу?

— Бүгүн ал анчейин мааниге ээ эмес. Бирок, шайлоо учурунда Жапаров дагы кандай бомбаларды жардырып жиберет деп чоочуп жатышы толук ыктымал.

— Жапаровдун китеби чыгаары менен Анапияев Бакиевдер жашап жаткан Минск шаарында өлтүрүлдү. Бул ким кан ичкич, билип алгыла дегендей эле болуп калды. Балким, Анапияевди да жалаа жабуу үчүн өлтүрүшүп жүрүшпөсүн? Бүгүн өлкөдө жалаа жабуу күч алып жатат го.

— Тигил кылды же бул кылды деп кесе айтуу кыйын. Криминал чөйрөсүн жакшы билген эксперттердин ММКларда айткандарына караганда Жаныш Бакиев менен А. Анапияевдин мамилеси 7- апрелге чейин да, андан кийин да жакшы болгондой. Кыязы, Ж. Бакиев менен А. Анапияев ар кандай негизде шугулданышып, айрым бизнестери бир болгон имиш. Бул абал 7- апрелден кийин деле сакталып кала берген деген сөз бар. Ошол эле учурда, Анапияев парламенттик шайлоолорго жакын өлтүрүлгөн. Журналисттердин арасында жүргөн сөздөргө караганда ал өлөөрүнө эки жумача калганда жоон топ журналисттер (10–15 киши) менен Дубайда жолуккан. Шайлоолор жөнүндө сүйлөшүшүп, жардам берерин айткан имиш. Анын пландарын көп кишилер билиши мүмкүн. Чынында ал көптөрдү кызыктырган. Мисалы, наркобарондорду, саясий партиялардын лидерлерин, өч алууну каалаган эски душмандарын, бийликти. Эми ким билет…

— Криминал темасын ачып албадыкпы. Бул бийлик Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө эмнеге кызыкдар болду? Айрымдары муну Р. Кадыров, Путин менен байланыштырып жатпайбы?

— Менимче Батукаевди чыгарууда бир нече фактор чоң роль ойногон. Биринчиден, акча. Экинчиден, бийликке анын чыгып кетиши өтө ыңгайлуу шарт түзгөн. Себеби, Акаев-Бакиевдин доорунан бери эле бийлик Батукаев менен эсептешип келген. 2 -революциядан кийин келген бийлик аны менен сүйлөшүп, сөз табышып олтургусу келген жок. Өлтүрүп таштай албайт эле. Себеби, анда Орусиянын баардык мыйзамдагы уурулардын каарына калышмак. Ошого Чеченстандан түшүп жаткан сунушка макул болушуп, аны өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Батукаевдин өлкөдөн кетиши, Анапияевдин жок кылынышы менен бийлик өлкөдөгү криминалды контролго алууга жетишкен. Бул жаман өнөкөт.

— КТР 25 жылдан бери бир беткей маалымат таратып келет? Элде “кара жашик” деген аты бар. Бирок, КТРде бир тыңыраак жетекчи болду беле?

— Эсиңизде болсо Карыпкулов КТРди башкарып турганда “Карыпкуловдун кара жашиги” деп жазып жүрүштү. Кийин Карыпкулов президенттин администрациясын жетектеп келип калды. Анан басма сөз кызматын тамаша- чын иретинде “Мурда биз силерге баш ийчү элек, укчу элек, эми силер бизге баш ийип калдыңар, “Ала-Тоого” мага айтпай деле түз тапшырма берип жүрдүңөр. Бирок, мен деле илимдин доктору, членкормун да. Мен деле билет элем кайсы материалды кандай кылып беришти” деп какус-кукус кылып калчу. Балким, мен өзүм маалыматты берсем Карыпкуловдун “кара жашиги” дешпес беле деп ойлоп, бушайман болуп жүрсө керек. Кийин КТРге Айтикеева келип калды. Ал өтө катуу позицияда турду. Пресс-катчы, басма сөз кызматынын жетекчиси менен сүйлөшпөй койду. Мен ортомчу болуп калдым. Ал “Булар өзүлөрү журналистиканы билбейт да, “Ала-Тоого” мен өзүм жооп берем, ага кожоюн болгонуңарды койгула” деп маселени кабыргасынан коюп салды. Пресс-кызматына “силер кечиктирбей пресс-релизиңерди убагында жөнөтүп тургула, биз ошого карап маалымат беребиз” деп катуу турду. Бирок, ал бат эле вице-премьерликке жылып кетти. Гезиттерде деле ушундай абал эле. Бир күнү А. Малеваный чалып, “Табылды, пресс-секретарыңар кызык неме го. Жаза албаса эмне кылат жазып? Ал мага өзү жазган материалдарын жөнөтүп, псевдоним менен бастыртып жатат. Бирок, өзү экономиканы да, реформаларды да жакшы түшүнбөйт экен. Карама-каршы келген материалдарды жиберип “Бас” деп жатат. Айла жок, басып жатам. Бир күнү Акаев окуп калып, сураса эмне дейм? Мен пресс-секретарыңыздыкы деп эле айтып салам” деп нааразычылыгын айтып, “Сага атайы айтып жатам. Бир деме болсо тастыктап бергенге жара” дегени эсимде калыптыр.

— КТРК бүгүн да “кара жашиктигин” кылып жатат. Эмне менен бүтөт деп ойлосуз?

— Менимче, бул маселеде КТРКнын баардык журналисттерин айыптабаш керек. Бул жерде көпчүлүгүндө “Ала-Тоо” программасынын кызматкерлери маалымат таратууда бир аз жооптуу болушса жакшы болмок. “Ала-Тоонун” айынан Аксы кандуу окуялары болду. 7-апрелде жана андан кийин 100дөн ашуун жаш жигиттердин өмүрү кыйылды. 7-апрель куну бизди Ак үйдүн алдында атып жатышканда да, “Ала-Тоо”, “5- канал”, “ЭлТР” үн катпай олтура берген. Ошонун айынан талкаланышкан. Биринчилерден болуп НБТ айтып чыккан. Менимче, сабак ала турган мезгил келсе керек. Болбосо, абал күндөн-күнгө оорлоп баратат.

— Бул бийлик да элди атабы?

— Өзүн коргой албаган бийлик бийлик эмес деп коюшат. Кыйын кесең келсе, сакталып калышы үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр колдонулат жана жумшалат. Атпайт деп айтуу кыйын.

— Жакынкы дем алышта президенттик шайлоо болсо ким утуп алат деп ойлойсуз?

— Бабанов.

— 19-ноябрдагы шайлоолордо ким утат?

— Бабанов (Эгерде конкуренттери катуу дайындалбаса).

— Себеби?

— Кеңири айта албайм. Бабановду камап коюшу мүмкүн го.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *